|
С.Момбеков "Колтугунан жөлөдүкпү?"Окшош аудиолор
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
“Элдик аудио” бөлүмүнө жүктөлгөн аудиого жана анын мазмунуна SUPER.KG порталы жоопкерчиликти албайт.
Адамдын кадыр-баркына жана юридикалык жактардын ишкердик беделине шек келтирүүчү маалыматтар, тиешелүү жактардын жазуу түрүндө жеке кайрылуусу менен гана өчүрүлөт. С.Момбеков "Колтугунан жөлөдүкпү?"
Колтугунан жөлөдүкпү?
Кайрандарым май бастырып көздөрүн, Элин тытып, талапөтоноп өз жерин. Жорулардын жоруктарын жасашып, Бүркүт сезип жүрүшпөбү өздөрүн. Эл тагдырын каалагандай чоюшат, Акыйкатты кууп жүрүп союшат, Комдонгону жолборско окшоп турса да, Кысталактар иттик кылып коюшат. Төрүбүздө тайраңдашып ким жогу Ата Журтка тийбесинчи кир колу Заман көчү кайда барат жашырбай Акыйкатын айткылачы бир жолу Ишенебиз алдашса да миң жолу, Ушул эмей көкүрөктө кир жогу. Чынгыз эмес чындык келип кетсинчи, Чыркыраган айлыбызга бир жолу. Бешенеге жазбагандыр кулдукту. Же биз эмне кечкис күнөө кылдыкпы? Жүзүн жаап камап койбой капаска, Бир көрсөтүп койгулачы чындыкты-ы-ы. Жумурткадан кыр тапканга ашыгып, Бүткөн ишке сын такканга машыгып Тагдыр бизди таразалап көрөө дө, Аялдардын этегине жашынып. Саймедиреп саясаттан сүйлөйбүз, Бир чоң тоюп алган жерге, бир чоң тоюп алган жерге, баш уруп. Баштагыдай эле биздин түрүбүз. Балакеттей барк-барк чыгат үнүбүз. Кечээ күнү чындык ыйлап жатканда, Катыгүн ай, биз каякта жүрүбүз? Кылыч болуп суурулганды мындай кой, Колтугунан жөлөдүкпү, колтугунан жөлөдүкпү бирибиз??? |
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул элдик аудиого кирди:
|