№1182
Редакциябызга адилеттик издеп жүрөбүз деген жубайлар кайрылышты. “Так секирип ойноп-күлүп жүргөн кызыбыз врачтардын шалаакылыгынын айынан каза болуп калды” дейт ата-эне. Чын эле врачтар катачылык кетириштиби? Оорукана жетекчилиги эмне дейт? Материалды даярдоодо эки тараптын тең пикирин уктук.
Айнура Дүйшөналиева, кыздын апасы: “Врач текшербей туруп дары жазып бере баштады”
- Мен 39 жаштамын. Жолдошум Элдияр Байсеркенов экөөбүз Ысык-Ата районунун Жээк айылынын тургунубуз. 3 балабыз бар эле, тилекке каршы 11 жашар кызыбыз Айназиктен айрылып кан жутуп отурабыз.
Кызым Айназик 2,5 жылдан бери таэквондо менен машыкчу. 3-июлда эртең “атама жардам берем” деп кошо кетип, 30 мүнөткө жетпей кайра келип калышты. Жолдошум Айназиктин кускусу келип жатканын, бейтапканага алып барышым керектигин айтып, ишине кетти. Кызым сергек болчу. “Ачка жүргөнгө ашказаның түйүлүп калды го” десем, сүт чай даярдап бир аз ичти. 15 мүнөттөн кийин кусту. Дене табын текшерсем, калыпта экен. Унаама салып бейтапканага алып бардым. Врачка кызымдын кусуп жатканын айтсам, УЗИге жөнөттү. Ашказанын тарттырып барсак карабай туруп дары жазып баштады. “Кызым сокур ичеги болуп калган жокпу?” деп сурасам, “хирургга баргыла” деп койду.
“Хирургдар хирургиялык оору жок дешти”
- Хирург кызымдын ичин басып текшерип: “Ичи жумшак, сокур ичеги эмес” деп анализге жөнөттү. Анализдин жыйынтыгын көрүп “жакшы экен, лейкоциттин өлчөмү эле жогорураак” деп, райондук оорукананын хирургуна жөнөттү. Айназик баса албай шайы кеткенде атасын чакырдым. Райондук ооруканага алпардык. Хирург текшерип көрүп “хирургиялык оору жок, инфекциялык бөлүмгө барасыңар” деди. Кызды көтөрүп ошол бөлүмгө бардык. Врач текшергенде дене табы 36,7, кан басымы 80/60, сатурациясы нормада болуп чыкты. Врач “бир нерсе жеп ууланып калган жокпу?” деп сураганда кусуп жатканын, эч нерсе жебегенин айттык. Врачка “ичи өткөн жок, дене табы калыпта, кызымдыкы инфекциялык оору эмес го?” деген шектенүүмдү билдирсем, “бул жерде жатып турсун, эртең менен анализ тапшырат, анан көрөбүз” деп койду.
Палатага жаткырдык. Врач мага “азыр кусууга каршы тамчылатма дары саябыз. Сен үйүңө барып керектүүлөрүңдү алып келип ал” деди. Үйгө 30 мүнөттө барып келдим. Кызыма шербет берсем шайы кетип 5-6 кашык эле ичти, “сухариден” чымчып жеп, кайра эле кусту. Бул убак саат 15:00 чамасы болчу. Анан кусууга каршы уколду жамбашына сайышты. 20 мүнөт өтпөй Айназик “башым ооруп жатат” деп төбөсүн кармап, ыйлактай баштады. Медайымдан врачты чакырттык, саат 20:30 болчу.
“Врач кыйкырып орой мамиле жасап жатты”
- Түнкү нөөмөттөгү врач 1 саат дегенде келди. Кызым ооруга чыдабай ыйлактап жатты. Врач келгенде “дааратканага барам” деп турганга обдулуп, шайы жок кайра отуруп калды. Врач “реанимацияга алып барабыз” деди. “Тез жардам” унаасы менен алып бардык, кызды алып кирип кетишти. Жолдошум 2 баланы караганы үйгө кеткен эле, аны чакырдым. Реанимацияда Дунканаева Кундуз деген реаниматолог иштеп жатыптыр. Андан кызыбыздын абалын сурасак “аны эмнеге бул жакка алып келдиңер? Бул жакка жатчу бейтап эмес” деп кыйкырды. Биз Айназикти врачтар алып келишкенин айттык. Ал “бизге оор абалдагы бейтаптар келишет. Кызыңар сопсонун эле турат, суроолорго так жооп берди” деп дагы ороңдоду. Биз кызыбыздын башы ооруп кыйналып жатканын айтсак “башы оорубай эле турат. Күтүп тургула, Магнезий дарысын тамчылатып куюп жатабыз” деп кирип кетти.
“Кызыңар кулап түштү деп кабарлашты”
– Көңүлүбүз тынчыбай бир топтон кийин “окошкага” барып реаниматологду чакырттык. “Кызыңар жакшына эле жатат. Акыл-эси ордунда, тамчылатма дары куюлуп бүтө элек” деп койду. Биз андан “колуңуздардан келген жардамды бериңиздер. Шаарга алып кетиш керек болсо, врачтар коштоп барышса алып кетели” деп сурандык. Ал “шаарга алып кетүүгө уруксат бере албайм. Жолдо бир нерсе болсо мен жооп берем” деп болбой койду.
Түнкү саат 2:54тө Кундуз Дунканаева чакырып “кызыңар саат 2де туруп “апама барам” дегенинен силерге чалайын деп жаткам. Ошол кезде медайымдар кызыңардын дааратканага барам деп кулап калганын кабарлашты. Жасалма дем алдыруучу аппаратка жаткырдык” деп бизди реанимацияга киргизди. Кирсек оозунда түтүк. Биз ыйлап “шаарга алып кетели” десек, “эртең мененкиге чейин күтөсүңөр. Врачтар консулиум кылат, анан көрөбүз” деп көшөрдү. “Санавиация чакырып алып кетсек болобу?” деген сурообузга да “жок” деди.
“Кызыңар комада деп угузду”
- Реанимация бөлүмүнүн жетекчиси ишке саат 9да келди. Саат 10до бизге “кызыңардын абалы оор, комада. Шаардан врачтар келмейинче эч нерсе кыла албайбыз” деди. Врачтар консилиум өткөрүп, саат 10до бизге “кызыңардын жүлүнүнөн суу сордуруп алып текшерүү керек болуп жатат” дегенде макул болдук. Бөлүм жетекчиси шаардан нейрохирург, инфекционист жана реаниматолог чакыртып койгонун, ошолор жүлүндүн суусунун анализин көрүп, ошого жараша иш кылышарын айтты.
Инфекционист менен реаниматолог Бишкектен саат 14:30да келишти. Алар жүлүн суусунун анализинен кан чыкканын айтышып, “бул дарт инфекциялык дарт эмес, ошого нейрохирургду күтөсүңөр” деп кетип калышты. Нейрохирург саат 19:20да келди. Айназикти көрүп чыгып “кызды азыр ордунан козгогонго болбойт. Эсине келгиче күтүү керек, анан Бишкектеги Эне жана баланы коргоо борборуна алып кетебиз. Башын томографиядан өткөртүп, ошонун жыйынтыгына карап дарылайбыз” деп билдирди. Бирок кызыбыз өзүнө келбей 3 күн жатып, 7-июль күнү түнкү саат 21:20да бизди таштап кетти...
“Кызыбыздын башында жаракат жок деди”
- Соттук медициналык эксерттердин курамында биздин чакыруубуз боюнча Бишкектен барган көз карандысыз эксперт дагы болду. Экспертизадан кийин жолдошум сураса, ал кызыбыздын башында жаракат болбогонун, бирок баарын гистологиялык анализдердин жыйынтыгы көрсөтөрүн айтат. 14-июлда жолдошум реанимация бөлүмүнүн жетекчисине жолукканы барса ал эмгек өргүүсүндө экен.
“Эртерээк чара көрүлсө, кызыбыз аман калмак”
- Биздин дообуз мындай: Эмне үчүн бейтапкананын врачы кызды текшербей туруп дары жазып бере баштаган? Эгерде бейтапкананын, оорукананын хирургу жана реаниматолог врач кыздын кусуп жатканын инфекциялык оору деп шектенет да, ичи өтпөй, дене табы көтөрүлбөй кусуу неврологиялык, нейрохирургиялык оорудан да кабар берерин эмне үчүн эстерине алышкан эмес? Кызыбыздын кан басымы 80/60 болуп жатса эмне үчүн Магнезий дарысын сайдырган? 12-13 саат жүрүп, 6 врачтын колунан өттүк. Бири да так диагноз коюп дарылаган жок. Бул боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө жүрүп жатат. Биз да көрсөтмө бердик. Врачтардын билиминин жетишсиздиги, шалаакылыгы кызымды өлүмгө кимдер жеткирген болсо, күнөөлөрү аныкталып, мыйзам алдында жаза алышын талап кылабыз.
Темирлан Аалиев, Ысык-Ата райондук ооруканасынын жетекчисинин орун басары: “Врачтардан катачылык кетсе жазаларын алышат”
- Врачтардан сурап маалымат алдым. Бирок окуя так ушундай болгону же башкачабы, аны соттук териштирүүлөр аныктайт. Хирургдар кыздын ичин басып текшерип, операция жасала турган дарт жок деп тыянак чыгарышкан. Экинчи хирург дагы текшерүүдөн өтсүн деп инфекциялык бөлүмгө жөнөткөн. Инфекциялык врач “курч кармаган ичеги инфекциясы” деп болжолдуу диагноз койгон. Так дигноз анализдер алынгандан соң жыйынтыгына карап коюлат. Анан кусканга каршы тамчылатма дары койгон.
Реаниматолог врач магнезиялык терапия жасаган. Кыздын башы желкесине тартып оорутуп жатканына же жатпаганына карап көргөн. Желке, моюнундагы булчуңдарда тырышуу, чыңалуу болгон эмес. Магнезия дарысы туура эмес сайылган болсо, аны экспертиза аныктайт.
Рениматологдун кыздын ата-энесине кыйкырганы боюнча айтсам, реанимацияга негизи акыл-эси ордунда, абалы оор эместер жаткырылбайт. Ошону айтып түшүндүргөн болуш керек. Анткени кызды алып барганда акыл-эси жайында болгон. Бирок кызды жаткырып, дарылаган. Ушул окуядан 1 апта мурун врачтарга ата-энелер менен мамиле кылуу тууралуу чогулуш өтүлгөн. Андай чогулуштар убак-убагы менен өтүлөт.
Анын үстүнө реанимация бөлүмүндө врачтар жетишсиз. Бир эле убакта канча деген бейтаптар жатат. Ата-энелер врачтарды иштете койбой чакырып, алагды кылышат. Адамдык фактор деген да бар. Айтылгандардан улам врач мүмкүн катуураак айткандыр, аны биле албайм.
Соттук-медициналык экспертизанын алдын ала божомолу боюнча, кыздын мээсинин өзөктүү жеринде кан куюлган. Дем алуусунун кескин токтоп калышы ошондон болушу мүмкүн. Жасалма дем алдыруучу аппаратка кеч туташтырылды дегенге жооп бере албайм. Канча мүнөт, канча секунд кеч туташтырылганы гистологиялык анализдин жыйынтыгында аныкталат.
Жетекчи катары жоопкерчиликтен качпайм. Тергөө акыйкат жүрүп, сот туура жыйынтык чыгарат деп ишенем. Кайсы врачтан кандай катачылык кетсе, жазасын алат.
Канымжан Усупбекова
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |