Азамат Арыков, режиссёр: “Кээде сөз жеткире албаган чындыкты тасмадагы кадр жеткирет”

№1182

Каарманыбыз – кинорежиссёр Азамат Арыков. Ал буга чейин “Аят” фильминин үч бөлүмүн тартып, 4-бөлүмү жакында жарыкка чыкканы турат. Кино жаатында кызыктуу пикир алышуу болду, окурман. 

 

- Саламатсызбы, Азамат мырза? Көптөн бери маектеше элек экенбиз, учурда эмне иштер менен алексиз?

- Ассалом алейкум, жакшы турасыздарбы? Азыр кино жаатындагы иштер менен алек болуп жатабыз. Акыркы күндөрү көбүнчө чыгармачылыкка, сценарий жазууга жана монтаж иштерине көңүл буруп жатам. Жаңы долбоорлорду даярдоодобуз. Ошол себептен маекке убакыт тар болуп жүрдү. Насип ушул күнгө туш келген экен, маектешип отурабыз.

 - Артка карай кылчайсак, кино тармагында жүргөнүңүзгө канча жыл болуп калды? 

- Мен бул тармакка бала кезден эле кызыгып, видеокамера кармап, кичинекей роликтерди тартып баштагам. Ал хобби акырындап кесипке айланды. Кудай ар кимди өз жолуна багыттайт экен. Ошондон бери ыйман, ыклас, достук, үй-бүлөлүк баалуулуктар тууралуу тасмаларды тартып келе жатам. 

- “Аят” тасмасын көп жылдан бери тартып келе жатасыз. Жалпы канча фильм тарттыңыз?

- “Аят” тасмасынын үстүндө Кудайдын жардамы менен 16 жылдан бери иштеп келе жатам. Бул жылдар аралыгында көп нерсени үйрөндүм. Жашоо ушундай кызыктуу экен, мен үйрөнүп, билгенимди башкаларга үйрөтүп жүрөм. Жалпысынан 6 толук метраждуу тасма тартып, бир топ кыска метраждуу тасмаларга режиссёрлук кылдым. Кесибим мага аябай жагат,  ушул жолдо аздыр көптүр иш кылып жүргөнүмө бактылуумун.

- Коммерциялык кино тартууда режиссёр кээде бонкрот болуп, кээде жакшы киреше табат эмеспи. Сизде кайсынысы көбүрөөк болду?

- Менде Кудайга шүгүр, банкрот болгон жокмун. Тескерисинче, жок жерден жакшы киреше түшүп, ийгилик коштоп кеткен учурлар болду. Банкрот болуу деген мындай да: кино тартыш үчүн үй-мүлкүн күрөөгө  коюп, банктан насыя алып же болгон тапкан-ташыганын киного салып алып, ал кино начар чыгып калып эл келбей койсо банкрот болот. Меники андай болгон жок, материалдык жактан базамды, тескерисинче, ушул кино тармагы түптөп берди. 

 - Кино тармагы боюнча атайын билимиңиз барбы? 

- Жок, окуган эмесмин. Болгон тажрыйбага таянып, тобокел кылып кино тартып баштагам.

- Тасмада башка актрисага жакындашпоо үчүн атайын жубайыңыз менен роль ойногон экенсиз, оор болгон жокпу?

- Ооба, дин жолунда жүргөндүктөн тасмада башка бир аял менен жакын мамилени аткаруу болбой калмак. Бойдок болсом бир жөн, үй-бүлөм бар дегендей, ошол себептүү кинодо өнөктөш катары келинчегимди ойноттум. Албетте, баары жеңил болуп кеткен жок. Жубайым менен чогуу иштөө — мен үчүн да, анын өзү үчүн да чоң сыноо болду. Анын актёрлук билими жок болсо да, Кудай берген табигый таланты жана түшүнүгү аркылуу образды элге жеткире алды деп ойлойм.

 - Бирок андай логика боюнча карасак, аялды көпчүлүктүн көз алдына алып чыгуу деле туура эмес го... 

- Ооба, туура айтасыз. Динде аялзаттын токтоо, уяттуу болушу керектиги айтылат — мен бул түшүнүктү колдойм. Ошондуктан жубайым менен иштөө чечимин да кылдат ойлонуп, макулдашып кабыл алганбыз. Биз образында да, жүрүм-турумунда да чекти сактадык. Кыскасы, олуттуу бир образды жаратты.

- Бала тарбиясында эмнелерге көңүл бурасыз? 

- Биздин беш балабыз бар, Кудай берген аманат. Алардын келечеги, инсан катары калыптанышы, жашоосу, бардыгы үйдө ата-энеси берген тарбиядан көз каранды. Андыктан ата катары чоң жоопкерчиликти сезем. Балдарыма көп убакыт бөлүп, аларга тарбия, үлгү болууга аракет кылам. Иш көп болгон учурларда, албетте, көп көңүл бура албай калышым мүмкүн, идеалдуу ата болбосом да, жүрөгүм дайыма алар менен экенин билишет.

- А сиздин балалыгыңыз кандай жагдайда өттү?

- Балалыгым 7 жашка чейин чоң ата, чон эненин колунда, Жумгалда өттү. Кийин ата-энемдин колуна келип мектепте Бишкек шаарында окудум.   Ата-энем мени катуу кармашты. Тартип биздин үйдө абдан катуу эле, “атанын катуулугу ылайдын жумшактыгы” деп айтып коюшат эмеспи. Кийин турмуштун катуулугун көргүчө, атанын катуулугу менен тарбияланган жакшы деп ойлойм. Кыскасы, балалыгыма эч кандай доом жок, жакшысы жаманы менен аралаш өттү.

- Кино сиз үчүн...

- Кино мен үчүн — өзүмдү тааныткан тил. Ойлорумду, дүйнө таанымымды тасма аркылуу чагылдырууга аракет кылам. Кээде сөз менен айта албаган чындыктарды кадр аркылуу жеткире аласың.

- Бул жаатта кандай көйгөйлөр бар, сиздин оюуңузча?

- Кино жаатында көйгөйлөр көп, эң башкысы — каржы маселеси. Андан кийин кесипкөй кадрлардын жетишсиздиги, анан сценарий жазуудагы кризис. Кыргыз режиссёрлорунда талант бар, бирок аны өнүктүрүүчү туруктуу систем жетишпейт.

- Сынды кандай кабыл аласыз?

- Жакшы кабыл алам, эгер чындыктын негизинде айтылса. Жакшы ниет менен айтылган конструктивдүү сынды терең ойлонуп, оңолууга себеп кылууга аракет кылам. Бирок жалаа, каралоо жана ашыкча жекеликке өткөн сынды Кудайга тапшырам.

- Устатыңыз барбы?

- Кино тармагында көп адамдардан таасир алдым. Бирок атайын бир устатым болгон жок. Ар бир тажрыйбам — мен үчүн сабак, ар бир катам — өстүрүүчү мектеп болду.

- Жакшы тасма жаралышы үчүн эмне керек?

- Жакшы тасма жаралышы үчүн идея биринчи орунда турат. Анан албетте, каражат, кесипкөй актёрлор, күчтүү команда жана режиссёрдун көрөңгөсү маанилүү. Бирок сезимтал жүрөк болбосо, баары куру бекер эле убаракерчилик. Ал эми жүрөккө эргүүнү, шыкты Кудай берет.

- Тагдырыңызга ыраазысызбы?

- Тагдырыма ыраазымын, ата-энемдин кашында, ден соолугум жайында, үй-бүлөм бүтүн. Мен өзүмдү жолу шыдырлардын катарына кошом. Бул  мен эч кандай кыйынчылык көрбөй келе жатам деген кеп эмес. Бирок  кыйынчылыктын аркасынан сөзсүз жакшылык келет, Жараткан пендесине көтөрө албаган сыноо бербейт дегенге терең ишенем. Кыйынчылык болсо деле “кыйналып кеттим” дебеш керек. Адам кемчиликсиз болуусу мүмкүн эмес. Ар күндү жаңы сабак катары кабыл алам. Изденип, үйрөнүп, Кудайдан жол тилеп жашап келем.

- Маегиңизге рахмат.

Нуржамал Жийдебаева

 


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг   
Комментарийлер()
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо