Дасторкондун ажарын ачкан капкейк жана тарталетка

№1182

Той дасторконунан эмнени гана көрбөйсүң. Коноктордун көзүн, өзүн тойгузуу үчүн далай нерселер кооздолуп коюлуп, өзгөчө жасалган салаттар, закускелер, таттуулар таң калтырбай койбойт. Мындай дасторкондон капкейк менен тарталеткаларды да көрүп жүрсөңүз керек. Көпчүлүк учурда ашпоздорду жалдап жасаткан мындай таттууларды өзүңүз да жасасаңыз болот. Көрүнүшү, даамы менен суктанткан рецепттер төмөндө. 

Капкейк

Керектелүүчү азыктар
(9-10 даана үчүн):

Ун – 90 грамм

Каймак май
(70%дан жогору) – 65 грамм

Жумуртка – 2 даана

Кумшекер – 80 грамм

Тартылган каймак же быштактуу сыр – 40 грамм

Көптүргүч – 0,5 чай кашык

Капкейк үчүн калыптар – 10 даана

 

Креми үчүн:

Коюу сүт (33%) – 100 грамм

Быштактуу сыр – 180 грамм

Кумшекер упасы – 80 грамм

Кондитердик мүшөк – 1 даана

Даярдоо ыкмасы:

1. Бардык азыктар бөлмө температурасында болушу керек.

Жумурткага кумшекерди кошуп, миксердин жардамы менен 10 мүнөттөй аралаштырабыз. Агарып, 2-3 эсеге көбөйүп, бир аз коюулана түшөт. Ушул маалда тартылган каймак менен жумшак каймак майды кошуп, бир массага келгенче аралаштырабыз. Көп чалганга болбойт, көпкөн камыр чөгүп калат.

2. Унга көптүргүчтү кошуп аралаштырып, чалып жаткан массага салып, акырындан аралаштырабыз. Толук аралашып бүткөн соң кондитердик мүшөккө куюп, капкейктин калыптарына теңинен куюп чыгабыз. Бышып жатканда эки эсеге көтөрүлөт. Капкейк үчүн калыптарды азыр жеткиликтүү, көпчүлүк дүкөндөрдөн таба аласыз.

3. Электр меши 130 градуста ысып турушу керек. Капкейктерди 25-30 мүнөткө салып бышырабыз. Алып чыгып муздатабыз.

Кремин даярдоо:

1. Кремине керектелүүчү азыктарды бир идишке салып миксер менен аралаштырабыз. Коюу крем даяр болгондо кондитердик мүшөккө салып, башына кремди өзгөчө чыгарган тиштердин бирин киргизебиз. Мүшөктүн башын тишти өйдө түртүп кесебиз. Болбосо кремге тиштин изи түшпөй калат. Же болбосо тишти кремди куя электе кондитердик мүшөктүн ичине салып коюу да ыңгайлуу.

2. Капкейктердин ортосун оюп, ичине ар кандай толтурмалардан куюп койсоңуз болот. Кремди үстүлөрүнө сыгып, ар кандай мөмө-жемиштер, таттуулар менен кооздоп, дасторконго коё бериңиз.

Капкейкти шоколаддуу кылам десеңиз камырына 1 аш кашык какао кошуп коюңуз. Мындай учурда ундан бир аш кашык алып салыш керек. Креми да шоколад даамдансын десеңиз бир аш кашык какао жардамга келет. Крем күрөң болуп калбайт, бирок түсүн бир аз да болсо өзгөртүп берет.

Ал эми тамак-аш боёкторун кошуу үчүн бул өлчөмдөгү камырга, кремге 1-2 тамчы боёк жетиштүү.

 

Тарталетка

Керектелүүчү азыктар
(9-10 даана үчүн):

Ун – 200 грамм

Каймак май – 100 грамм

Кумшекер упасы – 80 грамм

Жумуртка – 1 даана

Көптүргүч – 1 чай кашык

 

Креми үчүн:

Коюу сүт (33%) – 300 грамм

Быштактуу сыр – 100 грамм

Кумшекер упасы – 80 грамм

Даярдоо ыкмасы:

1. Унга каймак майды кошуп, кумдай кылып бир массага келтиребиз. Андан соң көптүргүч менен кумшекер упасын салып аралаштырабыз да, аягында жумуртканы кошуп камыр жууруйбуз. Даяр болгон камырды 30 мүнөткө муздаткычка коё туруу кажет.

2. Тарталеткалардын атайын формасы керектелет. Камырды бирдей кылып 10го бөлүп, тегеректеп, тарталеткалардын формасына бирдей калыңдыкта кол менен жаябыз. Тарталеткалардын ортосун вилка менен сайып, 220 градуста ысып турган электр мешине салып, 15-20 мүнөткө коюп бышырабыз. Бышкан соң муздатып, анан калыптан чыгарабыз.

Кремин даярдоо:

1. Кремине керектелүүчү азыктардын баарын бир идишке салып, миксер менен чалабыз. Коюу крем даяр болгондо кондитердик мүшөккө салып, учун кесип, тарталеткалардын ортосуна сыгып чыгабыз.

2. Тарталеткада кремдин үстүнө көбүнчө кулпунай колдонулат. Бирок ширеси чыгып кетпеген, теплицадагы кулпунайларды колдонуу керек. Болбосо колдо бар мөмө-жемиштер менен кооздоп, конокторду, жакындарды кубанта бериңиз.

 

! Рецепттер кондитер
Айпери Медетованыкы.

 

 

Асел Ишенбай кызы

 


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг   
Комментарийлер()
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо