Күндөлүк (мансапка жетүү үчүн баарына даяр болгон кыздын сезимин, окуяларын баяндаган сериал)

№1182

(Башы өткөн сандарда)

 

20.11.ХХХХ. Башында күн сайын сага жазып турам деп ойлочу элем. Бирок сени кээде унутуп калып жатам. Кечир. Универге барып, окуп жатам. Бекзат чалбай калды. Мурдагы күнү Адилет келди айылдан. Мени дагы шаарды кыдыртып, ойнотуп келди. Сагынып калыптырмын. Жанынан чыккым келбей олтурдум көпкө. Үйгө кечинде келдик. Эшиктин алдында көпкө олтурдук, бир карап, оюнда эч жаман ою жок, жөнөкөй жигитти көрүп туруп, жүрөгүм эзилип кетти. Жанына акырын басып келип, эрдинен өөп-өөп алдым. Таң калып эле туруп берди. Көптөн кийин жүзү кызара түшүп, мени сүйөрүн айтты. Дагы да үйлөнүп алалы деп мени көндүрүп жатты. Мен көнгөн жокмун. Ошентип коштоштук. Эртеси эле кайра айылга жөнөдү. Бир туруп ойлонуп кетем, мени сүйгөн, карегим менен тең айланган Адилетке эле тийип алсамбы? Эх... Тоскоолдуктар көп. Ал жалгыз бала, айылда калат. Мен мал жыттанган айылда жоолугумду кыйшайта салып, суу толо чака көтөрүп өзүмдү кыйнап жашагым келбейт. Анан да кайнененин алдында телпеңдеп, анын көзүн карап “айт” дегенде “уйт” деп, кызматчыдай болуу мен үчүн эмес. Түшүнгөндөр түшүнөт. Азыр сабак жазганы келип олтуруп, сени эстеп кетип, сумкамдан алып чыгып, сенин барактарыңды толтуруп жаткан кербезим күндөлүгүм. Сени дайыма жанымда алып жүрөм. Эч жерге калтырбайм. Менин сырларым экөөбүздүн ортобузда гана калышын каалайм.

 

xxx

 01.12.ХХХХ. Кандай керемет! Эшикте апаппак кылып кар жаап коюптур. Көздүн жоосун алат го тимеле! Бүгүн дем алыш күнү. Кечинде атайын кеч жаткам, эртең менен шашпай уктап алам деп. Жок! Таң атпай терезеден кимдир бирөөнүн кытыр-кытыр деп карды баскан үнүнөн ойгонуп кеттим. Туруп терезеге жүгүрүп барсам, айлана апаппак! Охх! Ойногум келип кетти. Бул кооздуктан ичиме толгон сүйүнүч, кандайдыр бир кубанычты батыра албай, таң атпай сага жазууну чечтим. Себеби, экөөбүз көптөн бери жолуга элекпиз. Көп жаңылыгым бар. Адилет армияга кызмат өтөгөнү кетти. Элдер армиядан качат. Бул болсо чакыруу келсе сүйүнүп, өз каалоосу менен кетип калыптыр. Шашылыш телефондон билдирди. Бир жыл кызмат өтөгөн соң, келип экөөбүз баш кошот экенбиз. Ичим жылып калды. Бирок эмне деп жооп беришимди билбей турдум. Себеби, ичимден өзүм үчүн чечим чыгарып койгон элем. Ал чечим Адилеттин пайдасына эмес. Бека менен сүйлөшүп жатам. Аны жөн коё бербейм. Менин аруулугумду алып, ал менден жөн кутула албайт. Чалбай калган, бир күнү кыздар менен шаар ичинде жүрүп анын кофейняда кофе ичип отурганын көрүп калдым. Кыздарга “азыр” деген бойдон, кофейняга кирип, анын алдына бардым. Бир бейтааныш бала менен олтурган экен. Мени көрө жанындагысына башын ийкеп, “чыгып келейин” дегенсип столдон тура калып менин жаныма келди. Бетимден өөп учурашып калды. Эмнеге жок болуп кеткенин сурасам, “сени мага таарынып жүрөт го деп ойлоп, бир күнү алдыңа барайын деп жаткам” деп сөз тапты. Баягыда каякка жоголуп кеткенин, Сара деген ким экенин такып сурадым кызганыч аралаштыра. “Тааныбайм, канча кыз мага ашык, сени көрө албай мен жөнүндө жалгандарды айтып коюшту окшойт” деп кутулду. Ишенимиш болдум. Азыр көпкө тултуңдап олтурсам, кетип калат эле. Жоошугансып, “үйгө жеткирчи” деп колунан жетелеп кеттим. Экөөбүздүн тең санаалаштарыбыз ооздорун ачкан боюнча калышты. Ошол күндөн бери кайрадан сүйлөшүп жатабыз. Билесиңби күндөлүгүм, эмне деп чечтим? Адилетти жайына коюп, Бекзат менен калууну чечтим. Анын үстүнө Бека да “алам” деп жатат. Жашоом дагы ага байланды. Бирок жакшы көрөрүмдү же көрбөшүмдү так билбейм. Балким көнүп калдым. Кантсе да мага ушул мырза ылайыктуу эле. Мен сөзсүз бактылуу болом! Ушул жааган аппак кардай жашоом дагы кооз жана таза болот. Мен ишенем.

 

xxx

15.12.ХХХХ. Бүгүн үйдө таң атпай уруш болду. Кайсыл кара теке сүздү билбейм, эжем менен жездем урушуп кетишти. Баягы эле бүтпөгөн көр оокат. Акча жетишпей, жашоолору кыйындай баштады. Жеп-ичкен тамагыбыз күндөн-күнгө азайып баратты. Мен ичпей кетип калам. Карандай нан менен чайды кантип ичмек элең? Бир чети аларды аяп да кетем. Жашоолоруна ушундай жокчулукту жазыптыр да. Мен ачка эле үйдөн чыгып кеттим. Эжем байкуш чыйпылыктап, артымдан жүгүрүп чыгып “кел, бир тиштеп алчы нандан, өзөрөсүң го кечке” деген бойдон кала берди. Бир үй-бүлөдөн жок дегенде бирөө тыңыраак чыгышы керек. Ал мен. Ошол үчүн болсо да, барчылык жашоону тандайм. Элде жок байлыкты каалайм. Жанымды жыргатып, жашоодон ырахат алып жашагым келет. Ошол үчүн болсо да Беканын ар айтканын кылып жүрөм. Чынын айтайынбы? Өзүм аябай бой көтөргөн, эч төмөн түшпөгөн кыз элем. Акыркы күндөрү ал кыздан дайын чыкпай бара жаткандай. Өзүмдү Бекзаттын күчүгү эле сезе баштадым. Ооба, ал мени камсыздайт. Ичкен тамак-ашымдан баштап, кийген кийимиме чейин алып берет. Күндө колума акча карматат. Кимге жакпасын мындай жашоо? Бирок негедир акыркы күндөрү мени кагып-силкип, кааласа түндө келип “чыксаң сыртка” деп “ишин” бүтүрүп кетет. Жок дей албайм. Жок десем, ушул жыргалчылыктан бир мүнөттө айрылчудаймын. Баарына макул болом. Сабакка да барбай калдым. Сессия да аяктап калды мына, а менин сентябрь айынан бери сабакка барганым баары чогулуп бир жуманы эле түзөт. Бирок, Бекзат акча берип сессияны жаптырып салды. Бергендин алмайы бар дегендей, алган жыргалычылыкты денем менен төлөп жатам. Бирок мен дагы Беканы башкарып калар күн алыс эмес. Биринчи курсту бүтүп алсам, үйлөнөлү деп сунуш киргизем. Бүгүн дагы ал үйгө үч пакет толо азык-түлүк сатып берип, жеткирип койду. Үйгө алып кирип, кичинекей бөбөгүмдүн колуна йогурт карматтым. Бала да, тиштегилеп ойнойт. Жакшы көрүп, жытынан искеп, бетинен өөп алдым. Эжем уктап жаткан экен. Ойготкон жокмун.

 

xxx

31.12.ХХХХ. Азыр эле Адилет менен сүйлөштүм. Жаңы жыл менен куттуктап коёюн деп чалган экен, шордуум. Көпкө созбой ортобуздагы сезимге чекит койгонумду айттым. Бека жөнүндө айттым. Жинденип жаман болду. Жакшы эле мени көндүрүп жатты. “Азгырылба, сени менден башка эч ким таза сүйбөйт” деп. Мен көгөрүп туруп бердим, өз сөзүмдөн кайтпай. Бир катуу добуштун үнүн уктум, андан кийин телефон өчүп калды. Кыязы телефонун ыргытып жиберди. Жаман болдум. Эми эч качан жолукпайбыз деп өзүмө-өзүм сөз берип жаттым. Ушундай сонун майрамда анын көңүлүн түшүргөнүмө бир чети өзүмө капа болуп кеттим. Бүгүн үйдөмүн. Кыздар майрамдап жүрүшөт. Мени эжем “үй-бүлөбүз менен бирге бололучу” деп калтырды. Көңүлүн кыя албай макул болдум. Эки ай бизге каникул берилди. Кандай жагымдуу кабар. Эжем экөөбүз дасторкон ырастадык. Албетте, мега укмуш болгон жок. Бирок, күндөгүдөн өзгөчөлөнүп турду. Эжем байкуш “ушунусуна да шүгүр” деп жылмайып коёт. Кечке жуук үйгө жездем бир иниси менен кирип келди. Ал бул жакта иштечү, угуп калчумун. Тааныштык, аты Мирзат экен. Таанышкан мүнөттөн тартып менден көзүн албай олтурду. Дасторкон үстүндө баарыбыз Жаңы жылды жагымдуу маанайда тостук. Бир топтон кийин бир тууган байкем менен жеңем кирип келишти. Үйүбүз шаңга бөлөнө түштү. Жүрөгүм жылып, ушул мүнөттөр жага түштү... 

 

(Уландысы кийинки санда)


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг   
Комментарийлер()
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо