Эльзат Төлөгөнова, ырчы: “Чыныгы жашоо 40 жаштан кийин башталат экен”

№1182

Жакында Орусияда “Ну-ка, все вместе” аттуу музыкалык сынакка Кыргыздын атынан ырчы Эльзат Төлөгөнова катышты. Ал азыркы тапта 42 жашта. Интернет желесинде “мындай алтын үндүн ээси жылдыз болбой кайда жүрдү?” деген суроолор көп берилүүдө. Эльзат айым менен чыгармачылык жолу, тагдыры, аталган сынакка катышуусу тууралуу маек курдук.

 

- Саламатсызбы, Эльзат айым? Орусиядагы белгилүү сынакка катышып келдиңиз, баары эмнеден башталды?

- Саламатсыздар, баары аталган сынактын жарнамасын интернет желесинен көрүп калганымдан башталды. Жазында бир ай жарнама кылышты. Ойлонуп көрүп, катышууну чечтим. Сынак эки этаптан өттү. Алдыңкы ондукка тандалып алындым. Эми сентябрда финал болот, ошого даярданып жатам.

- Жакшы. Сынакка катышууга эмне түрткү болду? Көптөр мындай кадамга батына беришпейт болуш керек...

- Ооба (күлүп). Ошол көптөрдүн арасында мен да батына албай жүргөм, өзүмдү даяр эместей сезе берчүмүн. Бирок быйылкы жыл жыл мага ийгилик жылмайчу жылдай туюлу баштаган. Чынында ар бир ырчы сынактарга катышкысы келет. Талант баарында эле бар, бирок катышууга тажрыйба, чеберчилик, үндүн тапталышы зарыл. Ырды да жакшы тандаш керек. Моралдык жактан да даяр болушу кажет. Мен ушунун баарына даяр болгонумда гана чыктым.

- Калыстардын кимисинин сыны же колдоосу таасир калтырды сизге?

- Ачыгын айтсам, сахнага чыккан маалда эмне болуп жатканын толук баамдай албай калат экенсиң. Эйфория болуп кеттиби,  айтор, менде таасирленүүгө убакыт деле болбоду окшойт. Эми гана сынактын видеолорун көрүп, кимиси эмне деди,  талдап жаткан учурум. Буюрса, сентябрда өтүүчү финалга даярданып жатам. Жеңем деген үмүт бар, жеңиш, ийгилик  Кудайдын колунда. 

- Сынакка катышуудан өзүңүзгө эмне ала алдыңыз?

- Фестивалга катышуу менен өзүмө өзүм чакырык таштадым. “Кана, сенин колуңдан эмне келет?” деген ички күрөш, өзүмдү сыноо десем болот. Мунун артынан атактуулукту көксөгөн деле жерим жок.  Албетте, популярдуулук да керек ар бир ырчыга, бирок башкысы - өзүмдү сынагым келди. Фестиваль мага өзүмдү таанууга өбөлгө түздү. Спортчуну беттештер чыңдаса, ырчыны ушундай фестивалдар таптайт эмеспи. 

- Мындай сынактарга мурда деле катышып жүргөн экенсиз...

- 2013-жылы “Мейкин Азия” сынагына катышкам. 2015-жылы “Евразия  жылдызына” катышып, лауреат болгом. Ал кезде 29 жашта болчумун, андан бери кафелерде ырдап жүрдүм.

- Ырчылыкка кеч аттанган окшойсуз анда?

- Ооба, ырчылыкты кеч баштадым. Алгачкы кесибим боюнча англис тилдүү тарыхчымын, бирок диплом ошол боюнча калды. Кийин Бүбүсара Бейшеналиева атындагы университетти бүтүрдүм.  Жолдошум Кубанычбек Сарыбаев таланттуу жигит, ырдайт. Ал “кафелерде ырдап эле жүрө беребизби, чоң сахнага чыкпайлыбы?” деп 2018-жылдан кийин “Таазим” дуэти болуп чыга баштадык. Кийин студия ачып, вокалдан сабак берип баштадым.

- Интернет колдонуучулары “мындай үн менен мурда эле ырдап чыкпай каякта жүрдү эле?” деп суктанып жатышат. Кайда жүрдүңүз чын эле? 

- Айрымдар чыгармачылыкты эрте баштап, шыр эле кетишет экен. А менин чыгармачылык жолум оңой болгон жок.  Төрт балам бар, алардын тарбиясында болдум. Кафелерде ырдап жүрдүк, 20 жылдан бери музыка чөйрөсүндөмүн. Улуу балам 18 чыкты, андан кийинкилери деле чоңоюп калышты. Эми убакыт келди деп ойлойм. “Эрте эле ырдап чыкпайт белеңер?” деп айтыш оңой, бирок башканын көйнөгү мага чак келбегендей, ар бирибиздин өз жолубуз, өз тагдырыбыз бар. Балдарды тарбиялап өстүрүү да оңой эмес. Интернетте “балдардын тарбиясына да, жумушка да убакыт таап, көп нерселерге жетиштим” деп кооз көйнөктөр менен чыгып жаткандардын айтканы калп деп ойлойм. Аларда аз дегенде бирден  бала багуучу, үй кызматкерлери бар дегендей. А мага кезек эми келди. Чыныгы жашоо 40 жаштан кийин башталат деген чын экен (күлүп). Шоу-бизнес менен алектенген адам биринчи орунга чыгармачылыкты коёт. Ал эми биз биринчи орунга үй-бүлөнү койдук. Балдарыбыздан ашкан убактыбызды гана ырчылыкка жумшадык. Адамдын максаты – жылдыз болуу гана эмес. Адам деген эл катары үй салып, дарак тигип, бала өстүрүп түбөлүктүү иштер менен алек болгону жакшыбы дейм. 

- Үйүңүздө ким мыйзам чыгаруучу да, ким аткаруучу?

- Идея көп учурда мага келет, жолдошум ошону талдап, иштеп чыгып андан ары улантып кетет. Экөөбүз бири-бирибизди колдоп, ээрчишип, бир толкунда келе жатабыз. 

- Балалыгыңыз кандай өттү, кайсы жердин кызысыз?

- Чүйдүн кызымын. Бишкекте төрөлүп, балалыгым 3-кичи райондо өттү. Балалыгым оор өттү дейт элем. Анткени биздин балалык доор Союз кулаган учурга туш келди. Алты жашымда апам каза болуп калды, 10 жашымда атамдын көзү өтүп кетти. Кийин чоң атам каза болуп калды, бизди чоң энем чоңойтуп өстүрдү. Үч бир тууганбыз, мен кичүүсүмүн. Улуу бир туугандарыма деле кыйын болдубу билбейм, бирок мага кыйын эле болду. Ошол өткөөл убакыттагы балдардын көбү эле чайналып калыштыбы деп ойлойм. Чоң энебиз, туугандар бар эле, бирок баары бир ата-эненин ордун эч ким баса албайт экен. Мисалы, азыр 14-15 жаштагы балдар кафелерде иштеп курсагын тойгузуп кетип жатышпайбы, биздин убакта кафелер да аз болчу. Болсо да жаш балдарды жумушка алышчу эмес. Кийин чоң энебиз да кайтыш болгондо үч бир тууган өзүбүз калдык, ачка-ток калган күндөр өттү дегендей. Кыскасы, оор жашоо эле.

- Ата–энесиз өсүү сизди инсан катары калыптандырууда кандай роль ойноду деп ойлойсуз? Мындай балдар адатта өтө бышык болушат же жаштайынан сынып калышат дешет... 

- Мен эмоциямды башкара билген адам болуп калыптандым. Болбогон эле нерселерге бышактап ыйлай бергендерге таң калчумун. “Ата-энеси жанында, ушул нерсеге деле ыйлай береби, жетиштүү эле жашайт экен” деп таң калар элем. Айрымдар айтып жаткан көйгөй мен үчүн көйгөй деле сезилчү эмес. Өзүмө таяндым, эч кимден жардам күтпөгөнгө көндүм. Бирок баары ишенчээк элем, кийин эле бир аз адамдарды талдаганга үйрөндүм. 

- Ата-эне мээримине толбогон өксүктү ким же эмне толтурду кийин?

- Башында күйөөм толтурду деп ойлочумун, бирок ал өксүктү жалгыз Кудай гана толтурат экен. Кудай мага ушундай түшүнүктүү күйөөнү, балдарымды, досторду берди. Эмнени көрсөм, эмнени сезсем, баарын Кудайдын мээрими деп билем.

- Сизге ийгилик каалайбыз!

 

Нуржамал Жийдебаева


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг   
Комментарийлер()
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо