“КАКАЧТЫ КАНТИП ЖОГОТОМ?”

№1182

Трихолог – чачтын жана баштын терисинин ооруларын аныктоочу, дарылоочу, оорулардын алдын алуу жаатында кеңеш берүүчү адис. Бул жаатта окурмандардан келген суроолорго врач дерматолог, трихолог, косметолог Гүлнур Райымбаева жооп берет.

 

- Башымды кирдетпей бат-бат жууганга аракет кылганым менен какач көбөйдү. Коомдук жайларда жүрсөм да, конокто отурсам да кычыштырып жүдөтүүдө. Мындан кутулуунун аргасы барбы?

 

Адилет, 37 жашта, Бишкек

 

- Какачтын пайда болушун баш теринин кургап кетиши шарттайт. Баштын терисинде кислоталык-щелочтуу (Ph) чөйрө бар, анын өлчөмү калыптагы териде 4-6дан ашпоосу керек. Мындан ашып кетишине курамында щелочу көп шампунду көп колдонуу, күнүгө жуу, дамамат ысык суу менен жуу, сууга хлордун көп кошулуусу, айрым оорулар, башты жуугандан кийин дамамат фен менен кургатуу, чачты көп боёо, чачты химиялык түрдө тармалдатуу жеткирет. Белгилерине – баштын кычышуусу, теринин кургашы, какач, чачтын майланышы жана түшүшү, чачтын сынып түшө башташы кирет. Эгер, кислоталык-щелочтуу чөйрөнүн өлчөмү аталган деңгээлден азайып кетсе, анда баш теринин кургашы жана кызарышы, чачтын сынма боло башташы күтүлөт. Баш теридеги грибок, бактериялар да көбөйүп кычыштырат.

Андыктан какач көбөйсө трихологго текшерилүү кажет. Ал туура шампунду тандоо, Ph чөйрөнү калыпка келтирүү жаатында кеңештерин айтып, витамин, микроэлементтерди жазып берет. Мисалы, фолий кычкылы, B тобундагы витаминдер, цинк, жез микроэлементтерин.

Башты 35-36 градус жылуулуктагы суу менен жуу керек. Термометр жок болсо, анда сууга чыканакты салып көргөндө жагымдуу температурада болсо, анда ошол суу менен жууш керек. Чачты фенсиз эле жазып коюп кургатуу зарыл. Чачты боё үчүн курамында аммиагы жок чач боёкту алуу туура (аммиак баш терини күйгүзөт). Шампундарды чачтын терисинин кургак же майлуу экенине карап тандоо оң.

 

“Төрөттөн кийин чачым түшүп жатат”

- Төрөгөнүмдөн кийин чачым көп түшө баштады. Тааныштарга айтсам, бул бардык төрөгөн аялдарда кездеше турган көрүнүш дешти. Бирок “эмнеге?” деген суроого жооп жок. Андыктан адистен толук кандуу жооп алгым келет.

 

Элеонора, 32 жашта, Токмок

- Кош бойлуу кезде ичтеги түйүлдүк эненин канындагы азык-заттар, микроэлементтер менен азыктанат. Башкача айтканда, эне аталгандарды баласы менен бөлүшөт. Эгер аялда төрөгөн мезгилде анемия, микроэлементтердин жетишсиздиги бар болсо, анда төрөттөн кийин чачынын түшүшү күтүлөт. Кандын курамында эритроцит (кызыл кан денечелери) бар. Эритроцит өзүндөгү гемоглобин белогу менен кычкылтекти бүт денеге, анын  ичинде баштын терисинин алдындагы кан тамырларга да ташыйт. Гемоглобин азайганда баш терисине кычкылтек жетишпейт да чач түшө баштайт. Аялдарда анын үстүнө төрөткө чейин деңгээли жогорулаган гормондордун калыпка келе башташы, мындан тышкары, депрессия, баланы карайм деп толук кандуу уктабоо дегендер да кездешет. Микроэлементтердин жетишсиздиги да абалды күчөтөт. Эгер чачтын түшүшү токтобосо, анда чачтын абалы начарлап ичкерип, жылтырак түсү кетип, майланыша баштайт. Андыктан врач трихологго көрүнүү сунушталат.

Кошумча айтып кетчү нерсе - чачтын суюлушу туура эмес шампундарды колдонуу, баштан жоолукту түшүрбөй салынып жүрүү (баш терисине кычкылтек жетишпей калат), ичтеги мите курттан, боордун шлакка толуусу, ички органдарын иштөөсүнүн бузулушунан да болушу мүмкүн.

 

“Кыркылып түшүшү эмнеден?”

- Акыркы айларда башым көп кычышып, чачым кыркылып түшүүдө. Курбумдун чачы болсо топ-тобу менен түшүп коркутууда. Бул эмнеликтен, кантип дарылоого болот? Чачтардын ичкерип кетишине, сынышына эмнелер жеткизет?

Айтунук, 43 жашта, Баткен

- Чачтын кыркылып түшүшү баш териде грибоктун бар экендигинен кабар берет. Топтошуп түшүп, чачтын арасынын аймак-аймак болуп ачылып калышы катуу стресстен, ичте мите курттардын бардыгынан, организмде витамин, микроэлементтердин жетишисздигинен болот. Эгер чач маңдайдан жана төбөдөн түшүп жатса, анда буга тукум куучулук жана организмдеги дигидротестостерон (ДГД) гормонунун көбөйүп кетиши  себепчи (буга көбүнчө эркектер туш болот). ДГД көбөйүп чач түшкөндө ордуна “балапан” чачтар чыгат, бирок өспөйт.

Климакстын айынан гормонадык өзгөрүүлөр жүрүп, маңдай жана чыкыйдагы чачтар да түшөт. Трихологго текшерилип, анализдерди тапшырып, дарылануу зарыл. Атайын сары суулар, лосонь, шампунь, маскалар бар. Булар жардам бербесе плазмолифтинг, чачты көчүрүп жамоо керектелет. Чачтын жалпы жукарышы фен, плойканы көп колдонуудан да болот.

“Чачты бир тарапка бөлүп тароодон чач түшөбү?”

- Чачты дайым бир жерден бөлүп, бир тарапка тарай берүүдөн да чач түшүшү мүмкүнбү?

Эрмек, 45 жашта, Кант

- Жылдап чачты бир жерден бөлүп, бир тарапка тарай бергенде баш теринин ошол аймагы тарактын тийишинен “травма” ала берет. Чачтардын пияздын түбү сымал түпчөлөрүнүн (волосяные фолликулы)  өлчөмдөрү кичирейип, чач ичкерип, түшөт. Андыктан башка жагынан бөлүп тарап туруу сунушталат.

 

“Чачымдын учтары ачаланып кетти”

- Чачым жансыз тартып, учтары ачаланып кетти. Эмне кылсам болот?

 

Нургиза, 25 жашта, Бишкек

 

- Чачтын учтарынын ачалынышына чач боёк, плойканы күндө колдонуу, ысык күндө баш кийимсиз жүрүү жеткирет. Чачтын учтарын кыркып, чач үчүн бальзам, маска, спрейлерди колдонуу зарыл. Тандоону билбесеңиз трихологго кайрылууңуз оң. Суу чачты сүлгү менен аарчып кургататкандан соң атайын спрейди чачып туруп, анан фен, плойканы колдонуу сунушталат.  

“Чач эмнеликтен эрте агарат?”

- Чачтары 15, 17 жашта агара баштагандар бар. Себептери эмнеде? Агаруу процессин токтотууга болобу?

 

Эрбол, 27 жашта, Кара-Балта

 

- Чачтардын эрте агарышы көбүнчө тукум куучулуктан болот. Трихологдор агаруу процессин токтото албайт, бирок дарылоо менен жайлата алышат. Андан тышкары, витамин, микроэлементтердин жетишсиздигинен келип чыгышы мүмкүн. Врач анализ тапшыртканда аталгандар жетишпесе, анда керектүү каражаттарды жазып берет. Дарылангандан кийин кайра кара чачтар өсүп чыгат.

“Чач коюу өсүшү үчүн эмнелер керек?”

- Чач коюу, какачы жок болуп, кычышпашы үчүн кандай тамактануу зарыл? Массаж жасап да туруу керекпи?

 

Алмира, 46 жашта, Сокулук

 

- Күндөлүк тамак-ашта жашылча-жемиш, татымал чөптөр, балыктын көп болушу талапка ылайык. Камыр тамактарды өтө аз жеп, таза сууну көп ичүү керек. Башты убак-убагы менен массаждоо кандын жакшы жүгүрүшүн шарттап, чачтардын түбүн  бекем кылат. 

 

Канымжан Усупбекова


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг   
Комментарийлер()
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо