№1182
Күрөш дүйнөсүнүн катарын жаш балбандар толуктап келет. Биздин бул жолку маектештер – Марсел Ооганов жана Аскат Токтоматов, экөө тең Аксы районунун кулуну. Марсел жакында эркин күрөш боюнча Бишкекте өткөн Азия чемпиондугунда (U-15) 1-орунду багындырып жылдызы жанды. Аскат мырза дагы ушул эле мелдеште жеңүүчү аталып (U-20), алтын медаль тагынды. Жаш спортчулар менен ушул жаатта пикир алыштык.
- Аскат мырза, алгач өзүңүз тууралуу маалымат бере кетсеңиз...
- Мен Жалал-Абад облусуна караштуу Аксы районунун Жерге-Тал айылында төрөлгөм. Үй-бүлөдө төрт бир туугандын эң улуусумун. Иним жана 2 карындашым бар. Атам эркин күрөш боюнча машыктыруучу, апам кыргыз тил жана адабияты сабагынан мугалим.
- Күрөшкө кандайча келип калгансыз?
- Күрөшкө атамдын таасири менен келип калгам. Атам мен бала кезде эле залга ээрчитип барчу. Башында жөн гана кызыгуу эле, кийин спортко катуу берилип кеттим. Бүгүнкү жетишкендиктерим — атамдын колдоосу жана үзгүлтүксүз эмгегинин натыйжасы деп билем.
- Спортто жүрүп кырсыктаган учурларыңыз болобу?
- Ооба, андай учурлар болот. Кээде машыгуу учурунда бут тырышып, тизе же ийин жабыркаган учурлар кездешет. Бирок булар спорттун бир бөлүгү деп эсептейм. Ар бир жаракат мени чыңдап, өзүмө көбүрөөк кам көрүүнү үйрөттү. Эң башкысы кайра туруп, машыгууну улантуу.
- Кайсы беттеш эсиңизде калган? Эмне үчүн?
- Эң жакшы эмоция калтырган беттеш — 17 жашка чейинкилер арасында өткөн Азия биринчилиги. Бул менин чоң аренада алгачкы күрөшүм болуп, медаль утуп алганым өзгөчө мааниге ээ. Ал күндөгү толкундоо, жоопкерчилик жана жеңиштин даамы бүгүнкүгө чейин эсимде. Бул беттеш мага чоң ишеним жана мотивация берди.
- Жакында Бишкекте өткөн Азия чемпиондугун айтып жатасыз да. Бул мелдеш дагы эмнеси менен өзгөчөлөндү?
- Биринчиден, өз элибиздин, күйөрмандардын алдында күрөшүү - бул өзгөчө чоң жоопкерчилик жана сыймык. Экинчиден, бул мелдеш менин азыркы деңгээлимди көрсөтүп, дагы да өсүүгө түрткү болду. Мелдештин деңгээли жогору болуп, күчтүү атаандаштар келди. Ар бир беттеш чоң сыноо негизи, бирок дал ушундай турнирлер спортчу катары бизди дагы да бекемдөйт деп эсептейм.
- Кайсы жерде машыгасыз учурда?
- 5 жылдан бери Бишкек шаарындагы Шералы Сыдыков атындагы республикалык спорт колледжинде машыгам.
- Спортчу үчүн кайсы сапаттар керек, кайсы сапаттар керек эмес?
- Спортчу үчүн эң негизги керек сапаттар — тартип, чыдамкайлык, эмгекчилдик жана максатка умтулуу. Ошондой эле өзүнө ишенүү, убакытты туура пайдалануу жана жеңилип калган учурда да сабыр кылып, жыйынтык чыгара билүү маанилүү.
Ал эми спортчуга керек эмес сапаттар — жалкоолук, жоопкерсиздик, тартипсиздик жана үмүттү үзүү. Бул сапаттар адамды артка тартып, өсүшүнө тоскоол болот.
- Үйлөнгөнсүзбү? Үйлөнө элек болсоңуз жактырган кызыңыз барбы?
- Үйлөнө элекмин. Бүт көңүлүмдү спортко буруп, алдыга койгон максаттарыма жетүү үчүн аракет кылып жатам. Машыгуу, мелдеш, даярдык – убакыттын көбүн ушулар ээлейт. Ошентсе да жүрөгүмдүн бир бурчун ээлеген адам бар, азырынча аны ачык айтпай эле коёюн. Баары өзүнүн убагы менен болот деп ойлойм. Келечекте үй-бүлө куруп, спортто да, жашоодо да туруктуу болуу – менин чоң тилектеримдин бири.
- Спортту таштап салышыңыз мүмкүнбү кийин?
- Андай оюм жок. Күрөш - жашоомдун бир бөлүгүнө айланып калды. Ал мага көп нерсени үйрөттү, тартип, чыдамкайлык, максат коюу жана ага жетүү. Албетте, кээде оор учурлар болот, чарчайсың, бирок ошол эле учурда жетишкен ийгиликтер, үй-бүлөмдүн колдоосу жана алдыдагы максаттар мени кайрадан шыктандырат. Ошондуктан, спорттон кетүү эмес, тескерисинче, дагы да жакшыраак жыйынтык көрсөтүүгө умтулам.
- Кыргыз элине каалоо-тилегиңиз...
- Элибизге терең ыраазычылык билдирем. Элдин колдоосу – спортчунун күчү! Менин жеңишим – сиздердин демиңиздер менен байланыштуу. Ар дайым эл үчүн, туулган жер үчүн кызмат кылуу – мен үчүн сыймык! Кыргыз желеги эл аралык аренада бийик желбирей берсин!
МАРСЕЛ ООГАНОВ, ЖАШ СПОРТЧУ: "АЗИЯ ЧЕМПИОНУ БОЛУУ МАГА СТИМУЛ БЕРДИ"
- Марсел, кандайсың? Спорт менен алектенип жатканыңа канча болду?
- Саламатсызбы, быйылкы жыл менен кошо эсептегенде 8 жыл болду. Эркин күрөш менен бринчи классымдан бери машыгып келем.
- Эмне болуп кызыгып калдың эле күрөшкө? Биринчи жолу залга барганың эсиңдеби?
- Эсимде. Атам мага кошо айылыбыздагы мен курактуу 10 чакты баланы Жигулисине салып, баарыбызды чурулдатып залга алып барган.
- Машыктыруучуңдун аты-жөнү ким? Анын кайсы сапаттарын баалайсың?
- Айылдагы биринчи машыктыруучум Тимур Джаликулов. Спорттук мектептеги агайым Рустам Кочоров. Сабырдуулугу, адамгерчилиги, бизге жөн гана күрөштү үйрөтпөй, адам катары дагы туура жолдо жүрүүбүздү эскертип, дайым кеңештерин берип колдоп турушат.
- Буга чейинки ийгиликтериң тууралуу айтып берсең, кандай мелдештерге катышып, кандай орундарды алгансың?
- 2025-жылдын апрель айында Кыргызстандын чемпиону болдум. Ага чейин Ош, Жалал-Абадда көп чоң мелдештерге катыштым, Кудайым колдоп алдыңкы орундарды алдым.
- Жакында өткөн Азия чемпиондугунда чемпион болдуң, куттуктайбыз! Атаандаштарың кимдер болду?
- Рахмат. Азия чемпиондугунда атаандаштарым Индия, Тажикистан, Түркмөнстандык балбандар болду. Акырында япон балбаны менен күрөштүм. Албетте, таймаш жеңил болгон жок, бирок бүгүнкү күнгө чейинки эмгегим, ата-энемдин, машыктыруучуларымдын үмүтү акталганына кубанып турган учурум. Бул мага стимул берди.
- Спортто сени колдоп-коштоп турган адамдар кимдер?
- Атам жана агаларым. Бул адамдар болбогондо, балким, ийгилик мага жылмаят беле, билбейм.
- Күрөш менен алектенип, мектепте сабактар экинчи планда калып кеткен жокпу?
- Жок. Сабактар өз жолунда. Мектепте жакшы окугандыгым үчүн стипендия дагы алам. Спорт бул биринчи кезекте дисциплина болгондугу үчүн бул нерсе күнүмдүк жашоомдо дагы, окуумда дагы бир топ пайдасы тиет.
- Мугалимдер “спортчу бала” деп сыймыктанышабы?
- Мугалим эже-агайларым мактап колдоп келишет. Алардын жакшы сөздөрү мен үчүн абдан маанилүү.
- Күрөштөн тышкары эмнелерге кызыгасың?
- Азырынча күрөш деп эле жүрөм. Болгон күчүмдү күрөшкө жумшап жатам.
- Кандай максаттарың бар?
- Максаттар чоң, буюрса. Кыялым - Олимпиада чемпиону болуу. Келечекте дүйнөлүк олимпиадада өлкөбүздүн желегин желбиретип, жеңишке жетсем деп тилейм.
- Күрөштө кимдерди кумир тутасың?
- Эрназар Акматалиевди. Негизи бардык эле күрөшкөндөрдү баалайм. Ар биринин өзүнүн күрөш стили, айырмачылыктары бар. Биз аларды карап өсүп жатабыз да.
- Утулуп калганда жиниң келеби?
- Жок. Спортто утулганды билбесең, жеңишке жете албайсың. Андыктан бизди биринчи эле утулушту кабыл алууга үйрөтүп, андан сабак алууга үндөшөт.
- Марсел, маегиңе рахмат, ийгилик каалайбыз!
Асель Нурбекова
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |