№1182
Ооба, кээде ушундай болот экен, актёр-актрисалардын тасмаларда ойногон каармандарынын жашоосу реалдуулукта да кайталанган учурлар. Орусча айтканда “пророческие роли”. Белгилүү адамдардын мисалы менен бекемдейли сөзүбүздү.
Константин Хабенский
Орусиянын көрүнүктүү актёрлорунун бири Константин Хабенскийди көпчүлүк тааныйт. Орусиянын Эл артисти “Убойная сила”, “Ночной дозор”, “Адмиралъ”, “Коллектор”, “Метод” жана башка сериал-тасмалардагы ролу менен белгилүү. Акыркы жылдары Константин мырза актёр катары эмес, камера сыртында иштеген кинорежиссёр, сценарист, продюсерликти баалап жүрөт окшойт. Эми анын жашоосундагы оор учурга кайрылалы. 1998-жылы актёр «Женская собственность» деген тасмага тартылган. Театралдык институтка тапшырганы келген абитуриент жигит кабыл алуу комиссиясында отурган белгилүү актрисаны сүйүп калат. Ортолорунда махабат оту тутанып, эң сонун күндөрдү башынан кечирип жатканда трагедия орун алат. Актриса онкологиялык ооруга чалдыгып, каза болуп калат. Жоготуусун кабыл ала албай, жашоосунун маңызын жоготкон жигиттин окуясы баяндалат тасмада.
Тасма чыккандан бир нече айдан кийин Константин Хабенский Анастасия деген журналист кызды сүйүп калган. Түгөйлөр мамилесин бекемдеп 2000-жылы үйлөнүшкөн. 7 жылдан кийин Иван аттуу уулдуу да болушкан. Наристе жытына тойбой турган учурда жубайы сыркоолоп калат. Жөн гана суук тийип калса керек деген ойлорун врачтар четке кагып, Анастасияга “баш мээнин рагы” деген диагноз коюлган. Оору менен күрөштө Анастасия жеңилди, кете берди. Учурда онкологиялык оорулар менен жабыркаган жаш балдарга жардам бере турган Константин Хабенский атындагы кайрымдуулук фондду жетектеп, муктаждарга колунан келишинче жардам берип келе жатат.
Брэндон Ли
Легендарлуу актёр Брюс Линин уулу Брэндон Ли ата жолун жолдоп актёр болгон эле. 1993-жылы “Ворон” тасмасына тартылат. Анда каарманы Эрик Дрэйвенди ичке атып өлтүрүшкөндөн кийин ага кайра жан кирип, карга-адамга айланат да душмандарынан өч ала баштайт. Тасма тартуу иштери аягына чыгарына 2-3 күн калганда Брэндондун ичине бутафор огу (резина, жыгач же башка материалдан жасалган жасалма ок) тиет. Жаракат оор болуп, көп кан кетүүнүн натыйжасында актёр каза болуп калган, бирок тасмадагы фантастика жашоодо болбойт эмеспи, ал кайрадан карга-адамга айлана алган жок.
Нонна Мордюкова
Советтик актриса Нонна Мордюкова 1971-жылы уулу Владимир Тихонов менен биргеликте “Русское поле” тасмасына тартылат. Бул тасмадан кийин эмоционалдык жактан бир топко өзүнө келе албай жүргөн. Анткени тасмада анын каарманы өлүп бара жаткан уулу менен (тасмадагы баласын да өз уулу ойногон) коштошкон эпизод болгон. “Кино экенин билсем да балам чындап өлүп бараткандай сезилип, калчылдап өзүмдү токтото албай кыйналгам. Балам болсо жанымда отуруп алып, “апа, мына мен жаныңдамын, бул тасма да. Жашоодо өлгөн жокмун” деп жатты. Ошентсе да бул эпизодго тартылуу мен үчүн карьерамдагы эң оор учур болгон” деген.
20 жылдан кийин бул кино реалдуулукка айланды. 64 жаштагы актриса жүрөк оорусунан улам каза болгон 40 жаштагы уулу Владимир Тихоновду келбес сапарга узаткан.
Роберт Дауни кичүүсү
“Темир адам” катары белгилүү актёр Роберт Дауни кичүүсү кинодогу персонажынын жашоосунан араң суурулуп чыккан. “Нөлдөн аз” (“Меньше нуля”) тасмасында терс жолдогу: баңгизат, алкоголь, шаан-шөкөткө толгон кечелер жана башка терс жолдогу жаштардын жашоосу чагылдырылат. Кино экранга чыккандан кийин сынчылардын жогорку баасына арзып, Роберт Дауни персонажын терең ачып бергендиги айтылган. Ал эле эмес чыныгы баңгилер Роберттин тасмадагы мүнөзү, кыймыл-аракети тажрыйбалуу баңгилердикине окшош экенин билдиришкен. Роберт мырза үчүн бул тасмадагы роль эле эмес болчу. Ал каарманын түшүнүү аракетинде тартуу иштери башталардын алдынан эле акырындап өзү баңгизатын колдонуп баштаган. Кино бүттү, экранга чыкты. Бирок баңгизат, алкоголь анын жашоосунан кетпей койду. Аракечке, баңгиге айланып, мушташтарга байма-бай катышып, белгилүү фамилиясы маалымат каражаттарынан түшпөй калган. Жыйынтыгында аялы таштап кетип калды, белгилүү досторунун көбү достуктан баш тартышты, өзү түрмөгө отуруп чыкты. Тасмадагы каарманына окшоп жашоосунун түбүнө түшкөн десек болот. Акыры өзүн колго алган актёр кыйынчылыктын баарын жеңип, кайрадан экран жылдызына, көпчүлүктүн сүйүктүү актёруна айланды.
Ким У Бин
Түштүк Кореялык “красавчик” актёр Ким У Бин жөнүндө да айта кетели. Бактыга жараша, азыр анда баары жакшы. Бирок учурунда анын дүйнөсүн астын-үстүн кылган окуя болгон. 2016-жылы актриса Сюзи менен биргеликте “Акылдан адаша сүйүшкөндөр” (“Безрассудно влюблённые”) дорамасына тартылган. Сериалдын сюжетинде Ким У Биндин персонажы да белгилүү актёр, ырчы болот. Өспүрүм кезде жоготкон биринчи сүйүүсүнө кийин жолугуп, көптөгөн кыйынчылыктан өткөндөн кийин биригишкен түгөйлөрдү да кырсык тооруйт. Жигит онкологиялык ооруга чалдыгып, сериалдын аягы кайгылуу бүткөн.
Сериал экранга чыккандан 1 жылдан кийин, 2017-жылы Ким У Бинге “мурун-тамак көңдөйүнүн рагы” деген диагноз коюлган. “Эч нерседен капарым жок врачтын алдында отургам. Анын түз эле “рак, толук айыгабы-жокпу айта албайм” деген сөзү үстүмө асман түшкөндөй эле таасир калтырды. Дароо буга чейинки жашоом көз алдымдан алып учуп, эмне кылганга жетиштим, эмнеге жетишпей калдым деп ойлонуп кеттим. Анан өзүмдү колго алдым да, врачка рахматымды айтып чыгып кеттим. Анан жакындарым менен кеңешип, дарылоо процессине кириштик” деп эскерет ал. Дарт башталгыч стадиясында билингендиктен, аны толугу менен дарылоого мүмкүн болду. 2 жылдык тыныгуудан (дарылануу, калыбына келүү) кийин Ким У Бин кайрадан актёрлук карьерасына кайтып келди.
Асыл Орозбекова
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |