ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ. 22-сентябрдан 28-сентябрга чейин

№1188

КОЙ
(21.03–20.04)

Жалгыз бойлорго сезимдердин жетегинде кетпей, акыл-эске да таянуу керектигин эскертишет жылдыздар. Болбосо “күйүп” калуу коркунучу бар. Түгөйлүүлөргө да бул аптада мамиледеги чыңалууну күчөтпөй, “меники туура” деп көк беттенбей, компромисске баруу сунушталат. Андан сырткары саякаттар, маалымат алмашуу, эл алдында чыгып сүйлөө, ар кандай семинарларга жана сынактарга катышуу үчүн ийгиликтүү убакыт. Апта аягында туугандардын жакшылыгына күбө болосуз.

БУКАЧАР
(21.04–20.05)

Мурда алдыга коюлган максаттардын акырындап ишке аша баштаганын байкайсыз. Сизге жардам бергиси келгендер чыгат, андыктан насыя төгүү, карыз берүү, башка жакка көчүү же чарба иштеринде жумушуңуз болсо жакындардын жардамына таянсаңыз болот. Аптанын ортосунда олуттуу чечимдерди кабыл алчу иштерди колго албай туруңуз, убактысы келе элек. Чала тааныш адамдардын арасында ушак-айыңга катышпаңыз, акырында сиз күнөөлүү болуп чыга келишиңиз мүмкүн.

ЭГИЗДЕР
(21.05–21.06)

Эгиздер бул аптада жаңы жерлерге, жаңы адамдарга, жаңы жолугушууларга тартылышат. Андыктан бир орунда отуруп күнүмдүк иштер менен алек болуу кыйынчылык жаратат. Чыгармачыл чөйрөдө жүргөндөргө эргүү келет, жаңы шедеврлер жаралышы мүмкүн. Бүгүн-эртең деп улам жылдырып келген иштерди мындан ары да артка жылдырууга болбойт. Жалкоолукту арткы планга жылдырып, өзүңүздү колго алыңыз. Дем алышты шаан-шөкөт менен өткөрүшүңүз күтүлөт.

БӨЙӨН
(22.06–22.07)

Кылдаттык жакынкы күндөрү сиздин негизги шеригиңиз болушу зарыл. Маанилүү жолугушууларды унутуп, жумушка же мектепке кечигип калышыңыз мүмкүн. Жумушта же жеке маселелерде маанилүү нюанстарды өткөрүп жиберүү коркунучу бар. Андыктан аптада эмне кыларыңыз тууралуу алдын ала график түзүп алып, ошого жараша аракет кылсаңыз маселе жаралбайт. Көптөн бери топтолуп келген чарчоо сезиминен дем алыш күндөрү тынчтыкта эс алуу менен арыла аласыз.

АРСТАН
(23.07–23.08)

Арстан жылдызынын өкүлдөрү үчүн аптанын башталышы эмоционалдык жана физикалык жактан күч келтириши мүмкүн. Моюнуңуздагы жүктү туура бөлүштүрүүгө аракет кылыңыз, сак болуңуз. Сизден көптү көргөн улуу адамдар менен баарлашуу мүмкүнчүлүгүн колдон чыгарбаңыз, алардын кеңеши туңгуюктан жол табууга жардам берет. Аптанын башында капчыгыңызга тыйын түшүүсү күтүлөт, бирок апта соңу күтүүсүз коромжуга учурайсыз. Пландалбаган нерсе сатып алуудан алыс болуңуз.

БИЙКЕЧ
(24.08–23.09)

Алдыңызда перспективдүү иштердин эшиги ачылат. Талантыңыз жана топтогон тажрыйбаңыз суроо-талапка ээ болуп, профессионалдык деңгээлди өстүрүүгө мүмкүнчүлүк жаралат. Аптанын башы жумушта жеңил өтөт, бирок апта соңу түйшүктүү иштер жаралмакчы. Жакындардын чакыруусу менен сапарга чыгууңуз мүмкүн. Сизге карата айтылган сын пикирлерге курч эмоция менен жооп бербеңиз, өзүңүздү кармансаңыз чоң чырдын алдын алган болосуз. Дем алыш күндөрү тынч өтөт.

ТАРАЗА
(24.09–23.10)

Учурдагы кырдаалдан чыгуунун эң оңой жолун издейсиз, бирок оор жол менен барууга туура келет. Бирок жеңиш жагымдуу болмокчу. Бойдоктордо орун алган таанышуулардын айрымдары ийгиликтүү болот, түгөй таппасаңыз да, пайдалуу тааныш күтүүгө болот. Таразалар аптада кан басымы же өтө жогорулап, же төмөн түшүп кыжалат болушат, алдын ала дары-дармекти толуктап коюңуз. Апта соңу насыя же карызга акча албаңыз, кайтарып берүү оорчулук жаратышы ыктымал.

ЧАЯН
(24.10–22.11)

Чаяндарда жалгыз калуу каалоосу жогорулайт. Бул убакыт алдыдагы пландарды, көйгөйлөрдү чечүү жолдорун ойлонууга ылайыктуу учур. Жумушта талаш-тартыштардан качканыңыз оң: аргументтериңиз күчтүү, бирок азыр тирешүүгө ыңгайлуу учур эмес. Каржы жаатында баары туруктуу, бирок аны короткондон көрө үнөмдөгөн жакшы. Аптанын аягында өзүңүздү баалоо сезими жогорулайт. Андыктан дүкөн кыдырып кийинип, салонго барып сулуулануу каалоосу күч алышы мүмкүн.

ЖААЧЫ
(23.11–21.12)

Айланаңызда ызы-чууга толгон жашоо өтүп жатканы менен, жан дүйнөңүздө тынчтык, гармония орун алат. Көңүлүңүздү жумушка эмес, жеке жашооңузга, романтикалык маанайга бургуңуз келет. Ошон үчүн жумушта кесиптештердин жардамына таянасыз. Кыйынчылык жаралса эски достордун бири колдоо көрсөтмөкчү. Төлөнбөй турган коммуналдык кызматтарды, айып пул, салык кызматтарын эртерээк төлөө сунушталат. Дем алыш күндөрү кызыгуу жараткан сунуш алып, үйдө отурбай сыртка чыгууга туура келет.

ТЕКЕЧЕР
(22.12–20.01)

Көпчүлүк текечерлер үчүн бул апта жаңы байланыштардын, материалдык маселелерди чечүүнүн жана келечектеги жетишкендиктерге жакшы пайдубал түзө турган ыңгайлуу учур болот. Колуңузга эмне албаңыз жакшы жыйынтык бермекчи. Апта ортосунда туугандардын же достордун пикир келишпестигине күбө болосуз. Ички туюмуңузга ишенип жаралган ыңгайсыздыкты чечсеңиз болот. Аптанын акыркы күндөрү жакын адамыңыздан жагымдуу белек алып, кубанышыңыз күтүлөт.

СУУ КУЯР
(21.01–19.02)

Иш күндөрү агрессивдүү маанайдагы адамдар менен баарлашуудан алыс болуңуз. Жаралган талаш-тартышта жеңиш сиз тарапта болбойт. Жеке жашоодо сүйүү мамилесин бекемдөөгө, жаңы тепкичке көтөрүүгө ыңгайлуу учур. Кыймылсыз мүлк сатып алууну пландагандар үчүн ыңгайлуу убакыт. Үйүңүзгө күтүүсүз коноктордун келүүсү күтүлөт. Тамак-аштан уулануу коркунучу бар, андыктан жеген тамак-ашыңыздын сапатына кылдат көңүл буруу сунушталат. Эс алуу күндөрү курч окуяларсыз өтөт.

БАЛЫК
(20.02–20.03)

Бул аптада акырындык менен энергияңыздын төмөндөгөнүн сезесиз. Убада берип, бирок аны аткаруудан качкан адамдар менен мамиле түзүүдөн качыңыз. Юридикалык жаатта маселе жаралышы ыктымал, андыктан мыйзамсыз жолдор менен жашоону жакшыртуу аракеттеринен алыс болгонуңуз жакшы. Жалгыз бой адамдар көңүлүнө туура келген адам менен жолугат, мамиле кандай багытта уланары өзүңүздөн көз каранды. Курч, учтуу нерседен жаракат алуу коркунучу бар, сак болуңуз.


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг   
Комментарийлер()
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо