№1188
"Туура тамактанбоо оорулардын башаты экени белгилүү. Мисалы, этти, сыраны, энергетикалык суусундуктарды сүйгөндөр бир күнү ревматологдун эшигин каккылап келиши мүмкүн. Анткени алар подагра дартына жакын болушат",- дейт ревматолог Махабат Жетыбаева. Ал эмне болгон оору экенин төмөнкү макалада айтып берди.
Пурин алмашуусу деген эмне?
Подагра дарты пурин алмашуусунун бузулушунан, башкача айтканда, заара кычкылынын туздарынын көбүнчө муундардын жана алардын айланасында чогулуп калышынан жаралат. Пурин алмашуусу деген эмне? Денебиздин бардык клеткаларында пурин заты бар. Пурин организмге курамында пурин заты бар тамак-аштар аркылуу кирет жана иштелип чыгат. Адамдын клеткаларынын эскилери өлүп, ордун жаңылары алмаштырып турары белгилүү. Клеткалар өлгөндө андагы пурин бузулат да, заара кычкылы пайда болот. Аталган кычкыл кан тамырлардын бузулушунун алдын алып, клеткаларга энергия ташыйт. Милдетин өтөп бүткөн заара кычкылын бөйрөк заара аркылуу сыртка чыгарып турат. Бул процесс медицинада “пурин алмашуусу” деп аталат.
Арак-шарап дартты жаратууга көмөктөшөт
Эгер пурин заты кайсы бир себептерден улам организмден көп бөлүнүп чыгып же тамак-аш аркылуу көп кирип кетсе, бөйрөк заара кычкылын толук бөлүп чыгара албай баштайт. Пурин алмашуусу бузулуп, кандын курамында заара кычкылынын деңгээли көбөйүп кетет. Заара кычкылынын туздары организмдин ар жеринде топтолуп баштап, сезгентип, подагра оорусун жаратат.
Сезгенген жерлер кыймылдаган сайын, бир нерсе тийип кетсе да катуу оорутат. Себеби натрийдин моноурат кристаллдары жанындагы ткандарды саят.
Спирт ичимдиктери организмден заара кычкылынын бөлүнүп чыгышына тоскоолдук жаратат. Демек, буларды көп ичкендерде подагранын жаралуу коркунучу жогору.
Дарт өтүшсө...
Подаграны убагында дарылабаса өтүшүп кетип, бөйрөктө да туздар топтолот. Акырындап муунда жана бөйрөктө чогулган туздар тофуска (майда тешикчелүү таш) айланат, бөйрөк иштен чыга баштайт. Тофустан муун сөөктөрү бузулуп, кыйшаят. Инсульт, кант диабети, гипертония, миокарддын инфарктын чакырышы да мүмкүн.
Диагноз
• Дарттын тофустуу же тофуссуз түрү экендиги аныкталат.
• Шишиген муундан анализге суюктук сордуруп алынат.
• Кандын, зааранын анализи керек.
Дарылоодо 3 түрдүү дарылар берилет.
Дарылоодон мурда бейтап оорудан канча жылдан бери жабыркай турганы жана дарт кайсы тамакты жеп-ичкенден кийин кармаары такталат.
Дары-дармектер:
• Заара кычкылынын бөлүнүп чыгышын азайтуучу жана аны сыртка чыгаруучу дары-дармектер. Дарыны врачтын көрсөтмөсү боюнча так ичип, заара кычкылынын деңгээлин 1 литр кандын курамына 200-300 микромолдон ашырбай кармап жүрүү керектелет.
• Подагра пристубун басуучу дарылар.
• Гормоналдык дарылар. Подагранын курч кармаган түрүндө кыска мөөнөткө жазылып берилиши мүмкүн.
• Тофус чоң болсо операция жасалат. Оорутууну сездирбөөчү каражат сайылып, тофус кесилип, тазаланат.
• Диета. Сүт жана сүт азыктары, жашылча шорпосу, кебектүү нан, ботко түрлөрү, күрүчтөн жасалган майлуу эмес тамактар, шербет, кисель жеп-ичүүгө болот.
Дарттын алдын алуу
Ата-бабаларда подагра илдети болсо, анда дартты жаратуучу азыктарды абдан аз ичип-жеп, кандын курамындагы заара кычкылынын деңгээлин текшертип туруу зарыл. Пурин алмашуусу бузулбашы үчүн туура тамактануу, дайым кыймылда болуу, жашылча-жемишти көп колдонуу керек.
Подагра кездешчү жерлер
• Муундар: томук, тизе, буттун жана колдун манжа муундары, чыканак, согончок
• Кулактын кемирчеги
• Бел
• Моюн
Подаграга жеткирүүчү себептер
Пурин алмашуусунун бузулушу: Заара кычкылын бөлүп чыгара турган ферменттердин иштешинин бузулушу. Курамында пурин заты бар азыктарды көп жеп-ичүү. Алар:
• Суусундуктар жана спирт ичимдиктери – кымыз, энергетиктер, бозо, кофе, газдалган таттуу суусундуктар, сыра, арак, шарап.
• Өсүмдүктөр – нокот, жасмык, соя, буурчак, чечевица, помидор.
• Туздалган, маринаддалган, ышталган азыктар.
• Эттин бардык түрү, шорпосу, казы-карта, чучук.
• Шоколад.
• Подагранын үстүнө бөйрөк оорусунун кошулуусу.
• Семирүү. Мында зат алмашуу, анын ичинде пурин алмашуусу бузулат.
• Заара кубалоочу, канды суюлтуучу дары-дармекти көп ичүү (айрыкча жүрөк-кан тамыр ооруларында колдонулгандар). Муну “дарыдан жаралган подагра” деп өзүнчө бөлүп карашат.
Дарттын белгилери
• Сезгенген муун кызарып оорутат, шишийт.
• Дене табы көтөрүлүшү мүмкүн.
• Тофус (көп жыл дарыланбай, диета кармабай жүрсө) чоң болсо жарылып, ичинен суюктук менен кошо туздардын чыгышы. Мисалы, тофус бутта болсо, адам бут кийим кие албай калат, манжа муунунда болсо бир нерсе кармоо кыйындайт. Башкача айтканда, күнүмдүк жашоодо кыйынчылык алып келет.
• Бөйрөктүн оорушу (сезгенүүдөн жана тофус пайда болгондон).
Канымжан Усупбекова
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |