№1188
15-сентябрда мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин уулу Кадырбек Атамбаев ИИМге, УКМКга жана Башкы прокуратурага арыз менен кайрылганы белгилүү болду. Ал “Кой-Таштагы үйдөн мыйзамсыз көчүрүү, кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу жана турак жайга мыйзамсыз кирүү” фактыларын иликтөөнү, кылмыш ишин козгоону жана үй-бүлөгө жалгыз турак жайын кайтарууну өтүндү. Арызда айтылгандай, 13-сентябрда кечинде үйүнө жүзгө жакын киши келген. Алардын бир бөлүгү күч түзүмдөрүнүн формасында болгон. Кадырбек Атамбаевдин айтымында, үй-бүлө соттун чечимисиз көчүрүлүп, буюмдары көчөгө чыгарылган. Ал ошондой эле ИИМдин орун басары Ибраевдин болгонун, үй-бүлөнү түн ичинде жөө чыгарып жибергенин, үй жаныбары менен буюмдарды алып кетүүгө мүмкүнчүлүк берилбегенин билдирди. Атамбаевдин жакындары үйдөн чыгаруу окуясын Бакиевдерге байланыштырышууда. Тагыраагы, Алмазбек Атамбаев Курманбек Бакиевди кечирүүгө макул болбой койгону үчүн ушундай иштер жасалууда деген пикирде. Ал эми бийлик муну четке кагып, Атамбаевдин Кой-Таштагы үйү мамлекетке таандык жерге салынганын билдирүүдө. Ал үйдү бийлик карылар үйүнө жана бала бакчага айлантарын маалымдады.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
Талкуу жабык.
Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |