Куштардын махабаты (Сүйүүсү үчүн бардык курмандыкка барган аял тууралуу сериал)

№1188

(Башы өткөн сандарда)

Сания Мариям курбусун узатып коюп, үйүнө жөнөдү. Такси чакырайын деп барып кайра айнып кетти. Үйүнө чейин жөө эле баса турган болду. Көңүлү ачылып кеткенсиди. Адатта айрым адамдар кээде башкаларда да чечилбей турган маселе бар экенин билгенде кубанып кетет эмеспи. Ошол сыяктуу бир сезим каптады. Албетте, Мариямга ичи ачышты, бирок Акбарга “сооп болду” дегендей табасы кана кетип бара жатты. Үйүнө кирип телефон чукулап отурган күйөөсү Марска шаңк эте үн катты.

– Бүгүн эмне болду билесиңби?

Тиги башын чайкады. Ушунчалык кайдыгер көздөрүнөн кубанычы да кайдадыр учуп кеткендей болду. “Дайыма ушундай, ачыбаган камырдай болуп турганы турган” деди ичинен жини келип.

– Бомба жарылыптыр!

– Эмне бомба?

– Мариям Акбардын ашыгы тууралуу билиптир. Наконец-то...

– А сен эмне мынча ага кубанып жатасың? Мариям үчүн делдектеп чуркап жүрдүң эле го.

– Анткени курбумдун көзү ачылды. Билди, Акбар деген андай деле периште эмес экенин, ал дагы балчыкка балч этип отуруп кала турганын... Болбосо анын этегине намаз окуганы эле калды эле.

– Сага эмне?

– Эмне мага эмне?

– Ал күйөөсүнүн этегине намаз окуйбу же башкабы, сага ысык-суугу барбы? 

– Эй, барчы ары. Сени менен сүйлөшкөнчө уй менен мөөрөшкөн жакшы. Эч нерсени түшүнбөйсүң.

– Эмнени түшүнүшүм керек эле өзү?

Сания колун шилтеп, өз бөлмөсүнө кирип кетти. Күйөөсү ийинин куушуруп кала берди. Саниянын көзүнө Акбардын бечара кебетеси элестеп, “сениби, шашпа, дагы далайды көрөсүң” деп маашырлана жылмайып койду.

ххх

Ушундай болду. Сания айткандай чын эле бир бомбанын үстүндө отургандай абал пайда болду. Ал бир үй-бүлөнүн баш оорусу болуп жатканынан Айкөлдүн кабары жок болчу. Ал Акбардын жашоосуна кирейин деген деле ою жок эле. Бирок жалгыз калганда ийинин тоскон, жардам көрсөткөн жалгыз ошол адам болду. Күндө келет бейтапканага. Сүйлөп деле жибербейт. Ушундай мээримдүү карайт да турат. Айкөлдүн жаралуу жүрөгү ушул адамдын көз карашы менен айыгып бараткандай сезилди. Куду сазда чөгүп бара жатканда колунан тартып чыгарып кеткендей болду. Адатта чоочун адамдарга көнө албай, өз дүйнөсүнө бирөөнү киргизүү кыйын эле. Бирок күн сайын Акбардын камкордугу жан дүйнөсүнүн эшигин сурабай эле ачып кирип бара жатты. Эми да терезеден анын врач менен сүйлөшүп жатканын көрүп,  ууртунан жылмайып койду. Өзүнүн ден соолугуна ушунча карап жатканына ыраазы болду. Эшикке чыгып, аны көздөй басты.

– Кандайсыз?

– Жакшымын, сен да жакшы экенсиң,- деди жылмайган Акбар.

– Кайдан билдиңиз?

– Врач менен сүйлөштүм, “ден соолугунда эч бир маселе калбады” деди.

– Бир ай жакшы карашты, ыраазы болдум. Азыр мындай өз ишин жакшы билген дарыгерлер аз го. Чын эле жакшы сезип калдым өзүмдү.

– Баары нормага түштү деди. Отуралыбы, бир аз...

Бак-дарактын далдоосундагы скамейка жакка басты Акбар. Аны өз алдынча жоруду Айкөл.

– Коркпоңуз, эч ким деле көрбөсө керек.

– Эмнеден корком?

Айкөл аны тике карады. Акбар кайрадан бул сулуу көздөрдүн туткунунда калды.

– Ушул жашымда бир кыздын көз карашынан ушунчалык толкунданам, сүрдөйм деп эч ойлогон эмесмин.

– Жашырганда эмне, мен да ойлогон эмесмин. Тагдыр деген ушул экен. Кылбайм дегениңди кылдырып коёт тура. Мындан ары эмне болорун да билбейм,- деди улутунган Айкөл.

– Баары жакшы болот.

– Мен акылсыз адам эмесмин, баарын билип, сезип турам. Мени көргөндөн тартып сиздин көңүлүңүздө экенимди билем. Айдар кырсыкка кабылган күнү да кандайдыр бир себептер менен жанымда болуп калдыңыз. Кийин да айылга аркамдан барып жүрдүңүз. Бардык мамиленин аты болот эмеспи, сиз экөөбүздүн ортобуздагы мамиленин да атын коё албай келе жатам. Сизди алигиче эмне деп айтарымды билбейм.

– Акылсыз эмессиң. Ошол үчүн сага байланып калдым. Мен көп сулуу аялдарды көрдүм, Айкөл. Бирок сендей эч ким жүрөгүмө жазылып калганы болбоду, болбойт дагы. Чынын айтсам, бул сезимдин атын мен да билбейм. Жашоомдо биринчи жолу башымдан өткөрүп турам. Байландым. Эч кимге, эч нерсеге карабай... Ыйык делген бардык нерселеримди аттап өткөнчөлүк байландым сага. Айрымдар жиндилик, көпкөндүк, акылсыздык дешет. Бирок сен менин ичимдеги таза сезимдеримди көр. Бил. Буга көздүн эмес, көкүрөктүн көзү керек. Мага ошол жетет.

Айкөлдүн кансырап турган жүрөгү ушундай бир чоң сезим менен сооронмок.  Экөөнүн ортосунда эмне болуп жатса да, бул дартына даба болуп жатканын сезип турду. Алдында турган, мээримдүү көзү менен караган адамдын сезиминин актыгына да ишенди. “Тагдыр деген ушулбу, бирөөнү алса, кайра ошол жолдо башка бир адамды береби? Жоготкондорумдун орду толбойт го, бирок каниет кылыш үчүн Кудай мага өзү жиберип турган жокпу?” деп ойлоду.

– Эртең сени бул жерден чыгара турганын айтты врач. Сени алып кетейин. Дагы эс ал, ойлон. Алдыңда узун жол бар. Айкөл, сен эркинсиң. Тандооңдо, каалооңдо дайым эркин экениңди сез. Болгону эл көзүнөн алыс, өзүң менен өзүң кала турган жайга алып кетейин.

– Макул, баары сиз айткандай, сиз чечкендей болсун. 

Бишкектен бир аз алыс, тоо тарапта чын эле эл көзүнөн алыс, шылдырап суусу аккан, айланасы бейиштин багындай болгон кенен, жайлуу, кооз особняк экен.

– Бул кимдин үйү?

– Менин.

– Хм...

– Чарчап, жалгыз калгым келгенде ушул жерге келем. Кээде бир нерсеге түйшөлгөндө келем. Баса, бул жерге менден башка алгач босогону аттаган адам сенсиң. Башка эч ким келе элек болчу.

– Сонун жер экен.

– Терезени ачып койсоң, гүлдөрдүн жыты укмуш. Жакын жашаган бир байке менен эжеге табыштап коём. Баарын ошолор карашат.

Акбар машинеден азык-түлүктөрдү түшүрө баштады. Баарын жайгаштырып, көрсөтүп коюп кайра кетмей болду. Айкөлдүн ушул учурда маанайы түшүп калды, бирок билгизбеди.

– Мен сенден тез-тез кабар алып турам, эч нерседен камсанаба. Корксоң, жанагы байкенин кызы бар, ошону чакырып алсаң болот.

– А сиз качан келесиз?- деп жиберди эрксизден Айкөл. Анткени бул чоочун, ээн үйдө жалгыз калууну каалабай турду. Бирок Акбар аны түшүнгөн жок. Качан келе турганын билбегенин айтты да, машинесине түшүп, кол булгалай жүрүп кетти. Жалгыздык кайра чулгап алды аны. Жалгыз болсо тамак да ичпеген адаты бар эле. Жакшы жагы – чоң китепканасы бар экен Акбардын. Китептерди карап отуруп, өзүнө жаккандарын тандап алды. Окуп жатып уктап кеткен экен. Түшүнө Айдар кириптир. Эмнегедир капалуудай.

– Мен жалгыз калбадымбы...- деди ага ыйламсыраган Айкөл.

– Билем.

– Мени кечир.

– Кечирдим, Айкөлүм. Мен баарын билем. Болгону жардам бере албайм.

– Сагындым сени, апамды, атамды. Баарың мени таштап кетип калдыңар. Оорудум. Жанымдан кечким келди. Бул киши болбогондо...

– Айкөл, сен жакшы болсоң эле болду мага.

– Мен сени сүйөм. Жалгыз сенсиң жүрөгүмдө. Бирок жалгызмын. Жалгыздык кандай жаман бир билсең, мага жиниң келбейт эле. Айдар, Айда-аар, токто.

Ушинтип бакырып жатып ойгонуп кетти.  Айдар андан алыстап кетип калды. Түштө жолукпай калган кандай жаман. Жок дегенде түшүндө сагынычы жазылса эмне? Өзүнүн абалын түшүндүрө алса эмне? Жалгыздыгын, айласыздыгын, бир нерсеге илинип, алданып жашоосун улантышы керек экенин айта албай калганына жаны кейиди. Ыза болду. Ушул учурда аны бирөө-жарым түшүнүп бооруна кысышын, башынан сылашын каалады. Көмкөрүлгөн казандын алдында калгандай  болгон жалгыздыктан кутулгусу келди. Ичинен чечим чыгарды. Ошол чечимге эмне болсо да бекем турууга өзүнө сөз берди.

 

(Уландысы кийинки санда)

 


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг   
Комментарийлер()
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо