№1188
Кыргыздын белгилүү ырчы кызы Дилбар Райымбекова менен бул ирет техника дүйнөсү – автоунаасы тууралуу сүйлөштүк. Унаасын мактап, эркелетип, аздектеп кам көрөрүн айтат Дилбар айым.
Үлгүсү – Mercedes-Benz Vaneo
Чыккан жылы – 2003-жыл
Кыймылдаткычынын көлөмү – 1598 сантиметр куб
Эң жогорку ылдамдыгы – саатына 150 чакырым
Баасы – 6 миң доллар
– Унааңызды качан алгансыз? Башка унаалардан кандай артыкчылыгы бар?
– Унаамды төбөсү бийик жана багажы кенен болгону үчүн жактырып, 2014-жылы сатып алгам. Көлөмү кичине болгонго трассада бензинди аз ичет. 2006-жылы Каракол шаарында автомектепте окуп, айдаганды, жол эрежелерин ошол жактан үйрөнгөм. Өз алдымча айдап калганымда 2-3 күн териме батпай кубанып, сүйүнүп жүргөнүм эсимде. Айдоо укугун алгандан кийин жолдошум Ауди-80 үлгүсүндөгү унаа белек кылды. Аны 7-8 жыл айдадым. Андан кийин ушул унаамды алгам. Мурунку унаам дагы “механикалык коробка” болчу, ошого көнүп калыптырмын да. Бул дагы “механика”. Автоматтык түрүн ал дешсе, жок деп болбой койгом.
– Унааңызда дайыма эмне буюм жүрөт?
– Менин формаларым, комузум жана суу жүрөт.
– “Жол азабы – көр азабы” дейт эмеспи. Унааңыз бузулуп жолдо калган учурлар болду беле?
– Тойго чакыруу түшсө облустарга барууга, ашуулардан ашууга туура келет. Кудай сактасын, ушул күнгө чейин мени жолдо калтыра элек. Ошонусуна ыраазы болуп кетем.
– Аял кишиден унаа оңдогонду билесизби деп суроо канчалык туура деп ойлонуп турам...
– Оңдогонду билбейм. Бирок үнүнөн ушул жери бузулуп жатат го деп сезип турам. Биринчи унаамды алгандан тарта, 18 жылдан бери бир эле унаа оңдоочу устага текшертип, оңдотуп келем. Минткен жакшы экен. Анткени мурун кайсы жери бузулганын, кандайча оңдолгонун, эми эмнелерин жаңыртып коюу керектигин билип, айтып, оңдоп турат. Узак жолдо көп жүргөнгө унаама кам көрүп, майын, дөңгөлөктөрүн убагында алмаштырганга аракет кылам. Рулун жана салондун ичин жыттуу жуугуч каражаттар менен тазалап турам. Унаа деле жакшы карасаң жакшы кызмат кылып берет экен. Кыскасы, үнүмдү баккандай кылып унаамды да “багып”, карайм.
– Мырзалар унаасын улам жаңыраагына, чоңураагына алмаштырууну каалайт экен, сизде андай эмес окшойт?
– Мага жакшы жүрүп турса эле болду. Айрымдар унаасын узак мөөнөткө бөлүп төлөө жолу менен сатып алышат. Эгер унаа ага сөзсүз керек болсо, анда алса болот. Жөндөн-жөн жакшына унаасын улам жаңырта бергендер акчасы көптөр же элге көрүнүүгө умтулгандар болуш керек деп ойлойм.
– Акыркы жолу качан коомдук унаага түшкөнүңүз эсиңиздеби?
– Кээде Улуттук филармонияга ишке баргандан кийин дагы бир жерге барууга туура келсе, унаамды калтырып, автобус менен деле кете берем. Анткени жолдо тыгын көп. Унааңды керектүү жерге токтото албайсың, “парковка” маселеси курч. Бирок коомдук унаада жүргөндүн бир жери бар, эл таанып карай берип, энергияңды алып коёт. Кадимкидей шалдырай түшүп, репетицияда, тойдо жакшы ырдай албай калам.
Үйгө, ишиме жакын жерлерде ишим чыгып калса, жөө жүрүп бүтүрүп коё берем. Жөө басуу ден соолукка да пайдалуу. Өткөндө бензин соруучу насосун алмаштыруу керек болду. Ага 3 күн кетти. Ошондо да автобуста жүрдүм. Бирок ишке автобуска караганда өз унаам менен барганда 30 мүнөт убакыт утам.
– Көп мырзалар айымдарды унааны жакшы айдай алышпайт, жол кыймылы үчүн коркунучтуу деп сындашат. Буга кошуласызбы?
– Жаңы рулга отурган тажрыйбасы жок айымдар коркунучтуу эле болот (күлүп). Бирок айдай берсең каныгып каласың. Мисалы, мен Токтогулга же Ысык-Көлгө барсам, кыскасы, узак жол жүрө турган болсом, эрте жатып уйкумду кандырып, эртең менен саат 5те туруп, жолдун басымдуу бөлүгүн арбытып алам. Анан шашпай бир жерден чай ичип, эс алып, жолумду улантам. Кээде узак жолдо алдыңа бирөө кыбырап айдап түшүп алат. “Бул жаңы үйрөнүп жаткан экен” деп коюп, озуп кетем.
– Унааңыз менен сүйлөшүп, эркелетесизби?
– Ооба. Иштеримди бүтүрүп, көңүлүм жайланып калганда “бара турган жериме сен жеткирип жатасың” деп эркелетем, мактайм. Жер тамда жашагандыктан унаамды жайкысын үйдө өзүм эле жууйм. Кышкысын айла жок жуудурганга туура келет.
– Бир күндө канча бензин коротосуз?
– 2 миң сомго бензин куйсам бир топ күн жүрөм. Бейчеки айдабайм. Көбүнчө жумушка, тойго барам-келем.
– Жол эрежелерин бузуп, айып пул төлөгөн учурлар болсо керек?
– Чоң айып пулду бир жолу төлөгөм.
– Айрым айымдар унаада баратып боёнушат. Мындай адат сизде да барбы?
– Унаада баратып бир колум менен рулду кармап, бир колум менен боёно турган учурлар чанда болот. Өзгөчө тойго шашып баратып, тойканага жетейин деп калганда. Анткени жеткенде унааны токтото салып эле жүгүрүп киргенге туура келет да.
– Рулда жүргөнүңүздө таанып, учурашып калгандар болобу?
– Жол чыракка токтогондо таанып, саламдашып калгандар бар. Ош, Токтогулга бара жатканда Чычканга токтосом, чай ичкиче баарлашып отурган эже-сиңдилер болот. “Жакындан көргөнүмө кубанычтамын. Каап, азыр тойдо болсок ырдатмак элек” деп тамашалап калышат. Мен да ачык жанмын да, алар тамашалашса тамашалашып сүйлөшүп коё берем.
– Биздеги айдоочулардын маданиятына кандай баа бересиз? Жолдо жиниңизге кандай айдоочулар тиет?
– Чет өлкөлөргө салыштырмалуу маданият бир топ төмөн. Жол чырак жок жерде же бир жерден кайрылсаң бири-бирин сыйлап өткөрүп коюу деген жок, кечке күтүп турасың.
– Жолдорубуздун маселеси көп эмеспи. Кайсы бир көйгөйдү чечүүгө сунушуңуз барбы?
– Жол тыгыны азайса дейт элем. Чет өлкөлөрдөгүдөй кылып жолдун үстүнөн жөө жүргүнчүлөр өтчү көпүрөлөрдү көбүрөөк куруп, ал жерлердеги жол чырактарды алып салышса, тыгын бир аз болсо да азаят беле дейм. Негизи ири шаарларга метро ылайык экен.
– Бирөөлөр унааңызды бир жакка айдап барып келейин десе бересизби?
– Унааны темир дегенибиз менен, “жаны” бар. Жүрөгү – мотор, көзү – фаралар деп тамашалап койбоюнбу. Көп жылдардан бери айдап жүргөнгө үй-бүлө мүчөсүндөй болуп калат экен. Ошого бирөөгө бербейм. Анын үстүнө бирөөгө берип койсоң кокус жолдо сүздүрүп же бузуп келсе, ал менен да ызылдашып жүрөсүң.
Канымжан Усупбекова
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |