№1188
Актриса Айгерим Саматовага негизи башка рубриканын алдында маектешүүнү сунуштаганбыз. Бирок ал “жан дүйнөнү ачкан узун маек кылалычы” дегенинен макул дедик. Төгүлүп сүйлөгүсү келген инсанды тыйган болбойт эле.
– Айгерим айым, актрисалыктан тышкары энелик, жубайлык милдеттер бар. Баарына кантип жетишип жатасыз?
– Ушундай жанмын, эл эс алуудан ырахат алса, мен чарчагандан ырахат алам. Тырмышып отуруп бир нерсеге жетип алсам жыргайм. Эч нерсе кылбай жата берсем депрессияга кабылам. Чыгармачылыкта эле эмес, үйдө деле тынч отура албай өзүмө жумуш таап турам.
– Кайнене-келин окуяларын жакшы чагылдырып жатасыздар. Актриса Гүлмира Турсунбаева менен кантип тандем болуп калдыңыздар?
– Гүлмира эже экөөбүз бир тасмага чогуу тартылып калып, анда кайнене-келиндин ролун аткардык. Ошондо экөөбүз төп келерибизди байкап калдык. Өнөктөштүктө эки адамдын бир толкунда болушу абдан маанилүү эмеспи. Бири-бирибизге дал келип калдык. Гүлмира эже “ушундай видеолорду тартып туруш керек экен, соцтармак деген жакшы турбайбы” деп калды. Менин оюма “тык” эте түштү. “Анда келиңиз, тартып баштайлы” дедим, ошентип башталды. Биринчи видеобузда эле көрүүчүлөр абдан жакшы кабыл алышты. Элде азыр кайнене десе дароо Гүлмира Турсунбаева көз алдыга элестей турган болуп калды окшойт. Эже дасыккан актриса эмеспи, жакшы тажрыйба алдым. Учурда актёр-актрисалар эмнеден жабыркашат? Импровизация жасай алышпайт. Өздөрү кошумчалап жиберип аткаруу деген нерсе жок. Бул жаатта Гүлмира эже мени көп нерселерге үйрөттү.
– Жакында бир белгилүү адам “учурда сулуу актриса жок” деп билдирип, кызуу талкуу жаратты. Актриса катары бул пикирге сиздин оюңуз кандай?
– Ар бир пикир баалуу. Менде бул тууралуу эч кандай деле ой болгон жок. Чычалап кеткендерге да, ал пикирдин авторуна да кошулган жокмун. Менимче, анын “учурда Таттыбүбү Турсунбаевадай актриса жок” дегени туура эле. Анткени Таттыбүбү Турсунбаева табигый сулуулуктун символу. Актрисанын бул жашоодон эрте кетип калганы трагедия катары калыптанып калган. Ошондуктан ал кишинин образы башкача бийиктикте турат. Азыр эми замандын өнүгүшү менен андай табигый сулуу актрисалар тургай, табигый сулуулугу сакталуу жөнөкөй аял жок болуп бара жатат. Баары өң-келбетинен бир жерин жасатып көрүүнү модага айлантып алды. Жок эле дегенде кирпик чаптатат. Бул – замандын агымы. Башында айтканымдай, ойлор, талкуулар жаралып турганы жакшы. Актрисага сулуулук керек, бирок андан да чоң куралы – анын таланты болуш керек деп эсептейм.
– Ажырашып кеткен ата-эненин “курмандыгы” болгонуңузду айтып келесиз, эски жаралар айыкпайт бекен?
– Адамдын жашоосундагы эң баалуу учур – балалык мезгили. Тамдын деле пайдубалы жакшы куюлса, ал үй бышык жана туруктуу болот эмеспи. Адамдын пайдубалы – балалык. Балалыкта пайдубал жакшы курулса, келечек жакшы болот. Менин келечегим жаман болду деп айтпайм. Ал интервью учурунда тагдырымда болгон окуялардын 15 пайызын эле айткам. Ошондо деле көпчүлүк мени аябай талкуулады. Кагууну да, талкууну да көп уктум. Көп адамдар түшүнгөн жок, “аны эмне айтып чыктың? Көрбөгөндүн көргөнү курусун деген сен турбайсыңбы?” деген жаман сөздөрдү жазышты. Менин элге айтып берген өксүгүмдү кайра мага каршы курал катары колдонуп кетишти. Көрсө, эл көзүндөгү адамдардын жеке жашоосун айткысы келбегени ушундан улам турбайбы деп калдым. Адамдар азыр эмне деп айткың келгенин, сөздүн түпкү маанисин түшүнбөйт деле экен. Ошондуктан жеке жашоом тууралуу мындан ары такыр айтпайм деп чечтим. Өткөн жашоомдун эшигин жаптым.
– Тамашалуу, шайыр маанайда видеоролик тартып жатсаңыз да, көзүңүздө капа тургандай сезилет...
– Балким... Көп күлгөн, эл көзүндө тамашакөй, шайыр жүргөн адамдардын чыныгы жашоосу бир аз татаалдай сезиле берет мага. Ыза, таарынычты күлкү менен жеңген адамдар бар. Жанымда жүргөн эле шайыр-шатман адамдардын жашоосу канчалык оор экенин көрүп жүрөм. Мен камера алдында урушчаак, тыкылдаган, чыңкылдаган аялдын образын аткарганым менен, жашоодо андай эмесмин. Тескерисинче, башкаларга көп ачыла албаган, өзүмдү элден обочо кармаган жанмын. Гүлмира эже экөөбүздүн окшош жагыбыз ушул. Камера алдында “стерва” кайнене-келин болгонубуз менен, жашоодо экөөбүз тең мококпуз (күлүп).
– Эмнеден эргүү, ырахат аласыз?
– Жасаган ишимден, мээнет кылуудан ырахат алам. Чыгармачылыкта болобу, турмуш-тиричиликте болобу, бир ишти аягына чейин бүтүрүп алуу аябай ырахат тартуулайт. Андайда “Айгерим, сен мыктысың, ушуну өзүң кылдың” деп өзүмдү мактап коймоюм бар. Канчалык иштесем, ошончолук ырахат алам.
– Жашооңузда кезиккен кайсы адамдарга рахмат айтып, чын дилден таазим этмексиз?
– Рахмат айта турган адамдар – мугалимдерим. Азыр мен сизге интервью берип жатсам, элге аздыр-көптүр таанылсам, буга мугалимдеримдин салымы чоң. Мугалимдерим мени актриса кылып эле тарбиялаган жок, адам кылып да тарбиялашты. Көп нерсеге көзүмдү ачышты. Күндүз мугалим, кечинде эне болуп мен үчүн тынчсызданган учурлары болду. Ачка калсак алгач курсагыбызды тойгузуп, анан сабак баштаган күндөр өттү. Андай мугалимдер азыр барбы, жокпу, билбейм. Актёрлук чеберчиликтен сабак берген кураторубуз, устатым Салтанат Кимовнага рахмат айтам. Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Эл артисти Турганбүбү Бообекова эжебиз кантип туура сүйлөө керектиги боюнча сабак берди. Жашоодо да акыл-насаатын көп айтты. Дагы бир топ мугалимдериме ыраазымын.
– Сизди учурда колдогон адамдар...
– Кайын журтум чыгармачылыгымды колдоп, сүрөп турушат. Анан албетте, жолдошумдун колдоосу болбосо, билбейм кандай болмок. Чыгармачыл адамдарда бул нерсе маанилүү экен. Күйөөң канчалык колдоп турса, сен ошончолук бийиктей алат экенсиң. Тыйып, “антпе-минтпе, уят, эл эмне дейт?” деп турса аял кантип бир нерсе жарата алмак эле? Көз тийбесин, ушуга чейин бир да жолу жолдошум тарабынан андай нерсе болгон жок.
– Аял кишинин түйшүгү көп эмеспи. Маек аягында аялда гана жашаган бакыт тууралуу айтып берсеңиз...
– Аялдардын эң чоң бактысы – энелик деп билем. Эне болгондон кийин менин жүрөгүм ачылды. Мурун көп нерсеге салкын караган катуу адам элем. Азыр аябай жумшардым. Адамдын жашоосундагы эң маанилүү нерсе – балдары окшойт. Эки кызым бар, эзилип турам.
Нуржамал Жийдебаева
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |