Альбина Чолпонбаева: “ТРАКТЫН ТОРМОЗУ ИШТЕБЕЙ КАЛГАНДА КАТУУ КОРККОМ”

№1188

Жарандар чет өлкөгө жол тартканда ар ким ар кандай себеп менен кетет: кимдир бирөө билим издеп, дагы бири жумуш издеп, айрымдары болсо жаңы мүмкүнчүлүктөрдү издеп... Бул жолку каарманыбыз Альбина Чолпонбаева да ошондой инсандардын бири. Чүйдүн Сокулук айылынан чыккан кыргыздын жөнөкөй кызы чыдамкайлыгы жана өжөрлүгү менен алдыга умтулганы кубантат. Алыскы Америкада оор жүк ташуучу унаа айдап иштеген Альбина айым жумушу тууралуу айтып берет. 

 

– Альбина, саламатсызбы? Сары-Өзөн Чүйдүн кызы болот экенсиз. Балалыгыңыз тууралуу сурагым келди...

– Саламатчылык. Мен 1996-жылдын 15-июлунда Чүй облусунун Сокулук айылында төрөлгөм. Балалыгым аталган айылда өттү, №1 Алымкул Жакшылыков атындагы гимназиядан билим алдым. Балалыгым меники оюнга эмес, чыгармачылыкка толгон десем жаңылышпайм. Ар кандай ийримдерден башым чыкпайт эле.

– АКШга кантип барып калдыңыз? Жаңы өлкөгө көнүүдө тил, маданият, мыйзам жагынан оорчулуктар болдубу?

– АКШга катардагы мигранттардын бири болуп келгем. Адаптация оңой болгон жок чынында. Көз жаш, депрессия, үмүт акталбай калган учурлар болду. Булардын баары оор жумуш менен коштолду: көптөгөн мигранттар сыяктуу мен да тамак жеткирүү кызматында иштеп баштагам, күнүгө 10-12 саат жумушта болчумун. Стресс дагы күчөдү, анткени англис тилин толук билчү эмесмин. Ошонун айынан күн сайын коммуникативдик тоскоолдуктарга туш болчумун. Бирок дал ушул кыйынчылыктар мени чыңдады.

– Кесибиңиз тууралуу сүйлөшсөк. Трак айдоого кантип кызыгып, кантип аралашып калдыңыз?

– Чынын айтсам, эгер менин жанымдагы жакын адамдын колдоосу болбосо, ал адам мага ишенгендей мен ага ишенбесем, балким, эч качан бул кадамды жасабас элем. Азыр биринчи сапарымды эстесем, чоң автоунаанын рулуна отурганда күчтүү толкундоо болду. Башымда бир гана ой айланып турду “бул машинаны мен кантип башкарып чыгам, өтө чоң да?” деген. Жүрөгүм дүкүлдөп, колдорумду тер басып, баары мен үчүн белгисиз жана коркунучтуу сезилген. Бирок убакыттын өтүшү менен бир жөнөкөй чындыкты түшүндүм, көпчүлүк коркуулар биздин оюбузда гана жашайт. Анан 2024-жылдын сентябрь айынын башында Пенсильванияда атайын окутуудан өтүп, экзамендеримди тапшырып, биринчи жолу трактын рулуна отурдум. Ошондон бери жол менин жашоомдун бир бөлүгү болуп калды.

– Сиздин тандооңузга Кыргызстандагы туугандарыңыз, досторуңуз кандай реакция кылышты?

– Ата-энем, чынын айта турган болсом, тандоомду абдан тынчсыздануу менен кабыл алышты. Алар үчүн бул өөн көрүнүш эле. Көпчүлүк туугандарым жана досторум башында менин чындап эле ушундай чоң машинаны башкара аларыма ишенишкен эмес. “Сен чындап эле ушул чоң трактын рулундасыңбы?” деп далай сурап жүрүштү.

– Трак айдоочусунун бир күнү кандай өтөт? Бир пункттан экинчи пунктка жүк жеткирүү милдети го түшүнүктүү, жолдогу кызыктарды сурагым келип жатат...

– Менин иш күнүм абдан эрте башталат, шаар жаңыдан ойгонуп, күндүн алгачкы нурлары жолду жарыктандыра баштаганда. Мен мүмкүнчүлүк болгондо жолдо эле үйдө жасалчу тамактарды даярдайм. Жаңы бышкан тамактын же ысык чайдын жыты сапарды жагымдуу кылат. Бензин бекеттеринде тыныгуу кылам, ары-бери басып, таза абадан дем алып, машинаны текшерип, анан кайра сапарды уламай.

– Америкадагы жолдор, жол эрежелери жана шарттар Кыргызстандыкынан канчалык айырмаланат?

– Америкадагы жолдор, эрежелер жана шарттар Кыргызстандагыдан абдан эле айырмаланат. Биринчиден, жолдор абдан сапаттуу, тегиз жана кенен. Трассаларда дээрлик күтүүсүз чуңкурлар же тоскоолдуктар болбойт, тептегиз. Ал эми жол белгилери дайыма так жана түшүнүктүү. Жол эрежелери да башкача.

– Америкадагы жарандардын мигранттарга мамилеси кандай?

– Америкада мигранттарга мамиле ар кандай, көп нерсе жашаган жериңе, ал жердеги адамдарга жана кырдаалга байланыштуу. Жалпысынан айтканда, бул жерде эмгекти баалашат жана демилгени сыйлашат. Албетте, түшүнбөстүктөр да кездешет.

– Кыз киши үчүн бул кесиптин эң чоң кыйынчылыгы эмнеде?

– Бул кесип аялзат үчүн чыныгы чакырык болуп саналат. Эң чоң кыйынчылык – башкалардын кызды чоң трактын рулунда көргөндө кандай кабыл алары. Башында көптөр таң калышат, кээде компетенттүүлүгүңө шек келтиришет. Бирок бул нерсени сабырдуулук менен жеңип өтүү шарт. 

– Узак жол, жалгыздык, көнүмүш иш... Бул нерсе тажатып жибербейби?

– Узак сапарлар кээде чарчатып жибериши мүмкүн, бирок мен жалгыздыкты сезбейм деле. Музыка, аудиокитептер, подкасттар маанайды көтөрөт жана өзүмдү тынч, ыңгайлуу сезүүгө жардам берет.

– Эсиңизде калган кооптуу же кызыктуу окуялар менен бөлүшө аласызбы?

– Менин тажрыйбамда кездешкен эң кооптуу учурлардын бири — кышында тормоздун иштебей калышы болду. Жол өтө тайгак, кар катуу жаап турган, аябай коркком. Бирок дароо оюмду топтоп, “пониженный передачаны” колдонуп, тормоздун ордуна кыймылдаткыч менен ылдамдыкты жайлатып отуруп, акырында токтоттум. Токтогондо Кудайга шүгүр деп жеңилдей түштүм.

– Бул кесип сизге эмнени үйрөттү?

– Бул кесип көп нерсеге үйрөттү жана мени жеке инсан катары дагы калыптандырды десем болот.

– Эркектер басымдуулук кылган тармакта аял киши катары өзүңүздү өзгөчө сезесизби?

– Жок, мен өзүмдү өзгөчө деп эсептебейм.

– Америкадагы жашооңуздун эң чоң артыкчылыгы жана кыйынчылыгы кайсылар?

– Америкадагы жашоомдун эң чоң артыкчылыктары — эркиндик жана мүмкүнчүлүктөр. Бул жерде өз эрежең боюнча жашооңду жана карьераңды куруп, өнүгүп, жаңы нерселерди сынап көрүүгө болот. Кыйынчылыктар да жок эмес. Жаңы маданиятка, тилге жана мыйзамдарга көнүү убакыт жана күч талап кылды.

– Америкалыктардын жашоо образы, ишке болгон мамилеси сизге кандай таасир калтырды?

– Америкалыктардын жашоо образы жана ишке болгон мамилеси кыргызстандыктардан бир топ айырмаланат. Бул жакта адамдар өтө активдүү жашайт: эрте турушат, эрте укташат, күнүн максималдуу натыйжалуу өткөрүүгө аракет кылышат. Көптөрдүн таңкы тамагы — кофе жана спорт же жеңил көнүгүү, бул нерсе күндү баштоого энергия берет.

– Келечек пландарыңыз кандай? Кыргызстанга кайтып келип тажрыйба бөлүшүү оюңуз бардыр, балким?

– Менин келечектеги пландарым жөнөкөй, бирок масштабдуу: айдоочу жана автор катары өсүү, блогум үчүн кызыктуу жана пайдалуу контент түзүү, тажрыйбам менен бөлүшүү жана башкаларды шыктандыруу.

– Америкага келүүнү кыялданып жүргөн кыргыз кыздарына жана жалпы эле мекендештерге сизден кеңеш...

– Өзүңүзгө ишениңиз. Ошол эле учурда реалдуулукту дагы кабыл алуу шарт: жашоо сыналгыда же социалдык тармактарда көрсөтүлгөндөй жеңил эмес. Экран артындагы кооз көрүнүшкө алданып калбаңыз, анын артында көп эмгек, сыноо жана жоопкерчилик жатат. Бул жол жеңил эмес, ал көп эмгек, сыноолор, стресстер жана күтүлбөгөн жагдайлар менен коштолгон.

 

Асел Нурбекова

 


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг   
Комментарийлер()
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо