№1188
Уйгур ашканасы – даамдуулугу, татымалдарынын өзгөчөлүгү менен жүрөктөрдү багынткан. Тамактарынын негизин камыр, эттин түрлөрү жана орточо ачуулуктагы болгар калемпири, татымалдар түзөт. Бул себептүү да орточо ачуулуктагы болгар калемпирин уйгур калемпири деп атап жүрүшөт. Орточо ачуулуктагы кызыл болгар калемпирин кургатып лапиза, лапиза пастасын даярдашат. Ошондой эле хаджо, бадьян булардын негизги татымалдары. Уйгур ашканасындагы лагман, манпар, сяй (куурулган балык, тоок, уй эти), дапанжи же башка даамын жасайм десеңиз, базардан ушул татымалдарды, лапиза пастасын алып коюңуз.
Түшүндүрмө!
Чүйгүн сөзү көп колдонулбай калгандыктан маанисин билбей калгандар бар.
Чүйгүн эки мааниде колдонулат. Биринчиси, майлуу дегенди түшүндүрөт. Мисалы: Согумуң чүйгүн болсун! Же чучук, казы-карта чүйгүн даамдар.
Экинчи маанисинде тоюмдуу, калориялуу дегенди билдирет. Мисалы, чөбү чүйгүн талаа, чүйгүн тамак.
ДАПАНЖИ
Дапанжи – уйгур тилинен “көп тоок эти” деп которулат. Ошондуктан дапанжини көбүнчө тоок этинен жасашат. Бирок уй, кой этин да колдонсоңуз болот. Болгону суусун көбүрөөк куюп, 20-30 мүнөттөй капкагын жаап, жай отто кайнатыңыз.
Керектелүүчү азыктар (5-6 порция үчүн):
Тооктун сан эти – 500 грамм
Картошка – 500 грамм
Пияз – 1 чоң баш
Сарымсак – 4-5 тишче
Болгар калемпири – 1 даана
Орточо ачуулуктагы болгар калемпири – 2 даана
Кургатылган лапиза калемпири – 4-5 даана
Томат пастасы – 1 аш кашык
Кумшекер – 1 чай кашык
Хаджо татымалы – 0,5 чай кашык
Лавр жалбырагы – 4 даана
Соя соусу – 1 аш кашык
Көк пияз – 1 боо
Өсүмдүк майы – 250 миллилитр
Туз, кара мурч – татымына жараша
Камыры үчүн:
Ун – 200 грамм
Жумуртка – 1 даана
Туз – татымына жараша
Даярдоо ыкмасы:
1. Тоок этин сөөгү менен чоңураак кесимдерге бөлүп, кайнап жаткан сууга 3-4 мүнөт салып чыгарабыз. Суусун жакшы сарыктырып коюу керек.
2. Казанга майды куюп, 1 чай кашык кумшекерди салабыз. Ысып, кумшекер күрөң болуп көбүрүп чыкканда кайнак суудан чыгарган тоок этин салып кызарта кууруп баштайбыз. Кызарганда жарым шакек болуп тууралган пияз менен сарымсакты салып аралаштырганча куура беребиз.
3. Эми татымалдарды кошобуз. Томат пастасы менен соя соусун, лапизаны кошуп аралаштырабыз. Аркасынан лавр жалбырагы, мурч, туз, хаджону салып, бир аз кууруп, 500 грамм суу куябыз.
4. Суу кайнап чыкканда аарчып, чоңураак тууралган картошканы салып, отту жайлатканча жарым саатка үстүн жаап коёбуз.
5. Бул убакта эленген унга жумуртканы кошуп, сууга туз татытып, катуу камыр жууруйбуз. 20 мүнөт тыныктырып, ийлеп, 5 мүнөт тыныккан соң жука жайып, чоң чарчы бөлүктөргө бөлөбүз. Камырды чүпүрөк дасторконго жайып, желдеген жерге коё туруу керек.
6. Мискейге суу кайнатып, туз татытып, кескен камырларды салып 5-8 мүнөт бышырып, суусун жакшы сарыктырып чыгарабыз. 2-3кө бөлүп салып бышырсаңыз камырыңыз бири-бирине жабышпай бышат. Чыгарган соң өсүмдүк майын аралатып сүйкөп коюңуз.
7. Көк пияз менен орточо ачуулуктагы болгар калемпирин, ачуу болуп кетпесин десеңиз, таттуу болгар калемпирин ромб формасында туурайбыз. Көк пияздын агыш сабагын ичке туурап, буларды жарым саат тыныккан казандагы дапанжиге кошуп аралаштырабыз. Капкагын жаап, 5-8 мүнөт демдейбиз.
8. Бышкан камырдын үстүнө куурмачты салып, дасторконго коё бериңиз.
УЙГУР МАНПАРЫ
Керектелүүчү азыктар (5-6 порция үчүн):
Уй эти – 300 грамм (кошумча сөөктүү эт)
Пияз – 2 баш
Сабиз – 1 даана
Помидор – 2 даана
Болгар калемпири – 1 даана
Кинза – 1 боо
Сельдерей сабагы – 5-6 даана
Лапиза пастасы – 1 аш кашык
Томат пастасы – 1 аш кашык
Соя соусу – 1 аш кашык
Күрүч уксусу – 1 аш кашык
Бадьян татымалы – 0,5 чай кашык
Өсүмдүк майы – 20 миллилитр
Туз, кара мурч – татымына жараша
Камыры үчүн:
Ун – 150 грамм
Өсүмдүк майы – 3 аш кашык
Туз – татымына жараша
Даярдоо ыкмасы:
1. Эленген унга май кошуп катуу камыр жууруйбуз. Тыныктырып-ийлеп, тыныктырып-ийлеп, анан жайып алабыз. Камыр өтө жука болбошу кажет. Жайылган камырды майда чарчы кесип алабыз. Камыр кургап даяр боло бериши кажет.
Негизи чыныгы манпардын камыры кадимки лагмандыкындай эле чоюлуп жасалып, акырында кол менен майда үзүп-үзүп даярдалат.
2. Сулп этти алып калып, сөөгүн казанга салып, кинза, сельдерей сабагын (жалбырагын кууруганда колдонобуз), аарчылбаган таза пиязды, бүтүн сабизди кошуп отко коёбуз. Туз салабыз. Кайнаганда чийкөбүгүн тазалап, 1 саат бышырабыз да, шорпосун чыпкалап керектейбиз.
3. Бул процесс бүткүчө эт, пияз, сарымсак, болгар калемпири, помидор, кинза, сельдерей жалбырагын майда чарчы туурайбыз.
4. Казанга май куюп, ысыганда этти өңүн өзгөрткөнчө кууруйбуз. Артынан пияз менен сарымсакты салып аралаштырабыз. Пияз соолуганда томат, лапиза пастасы, помидорду кошуп, помидор бышканча 5 мүнөттөй кууруу кажет.
5. Эми болгар калемпири, кинза, сельдерейди салып, үстүнө соя соусу, күрүч уксусу, калган татымалдардын баарын кошуп аралаштырабыз. 3-4 мүнөт кууруган соң шорпого салып кайнатабыз.
6. 10 мүнөттөй кайнаган соң манпардын камырларын салып, 8-10 мүнөт бышырып чыгарабыз.
Даамдуу, тоюмдуу уйгур даамдары даяр!
Асел Ишенбай кызы
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |