№1207
“Аборт жасатып, анын зыянын кийинки төрөттө тарткыча, аял сактануу ыкмаларын билиши зарыл. Толгоонун оорутуусуна чыдабайм деп операциялык ыкманы тандагандар да жаңылышат” дейт гинеколог Бактыгүл Абдраманова. Медалдын эки бети бар дегендей, аталган ыкмалардын да ден соолукка терс таасири тиет. Мисалы, кийинки төрөттө баланын тону түшпөй кыйнашы мүмкүн.
Түйүлдүк тону убактылуу, маанилүү орган
– Аборт жасатуунун жана операция ыкмасы менен төрөөнүн зыяны кийинки кош бойлуулукка тиет. Муну чечмелеп айтуу үчүн алгач баланын тону тууралуу түшүнүк берүү керек.
Бала жатында өсүп-чоңоёт, чоңоюшу үчүн баланын тону (плацента) керек. Тон – аялдардын боюна бүткөндөн тартып бала туулганга чейин эне менен баланы байланыштырып туруу үчүн жаралган убактылуу орган. Түйүлдүк жаралгандан кийин 7-8 күндө жаралып, түйүлдүккө 12-16 апта болгондо толук түзүлүп бүтөт. Диаметри 15-20, калыңдыгы 2-3 сантиметрге жетет. Бала туулгандан кийин 5-60 мүнөт аралыгында түшөт. Башкача айтканда, бала жаралганда кошо жаралып, жатындын керегесинин бетине жабышып, түйүлдүктүн киндик боосуна туташат. Түйүлдүк өсүп-жетилүүсү үчүн кычкылтекти, сууну, азык заттарды, витаминдерди энесинен тон аркылуу алып турат. Тон ошондой эле түйүлдүккө керектүү гормондорду иштеп чыгарып турат.
Бала ылдый жайгашса, аял өз алдынча төрөй албайт
– Жатындын керегеси арт жагы, төбөсү, сол жана оң капталы, ылдый жагы деп бөлүнөт. Тондун арткы жана төбө бөлүгүнө жайгашуусу жакшы деп эсептелет. Анткени ал жерлер жатындын кан менен жакшы камсыздалуучу булчуңдуу жана катуу чоюлууга кабылбоочу зоналары. Түйүлдүк жаракаттардан корголуп турат. Эгер тон ылдый жайгашып калса эмне болот? Анда жатын моюнчасын, башкача айтканда, төрөт жолун толук же жарым-жартылай жаап, өз алдынча төрөө мүмкүн болбой калат.
Абортто жатындын бети, көбүнчө төбө жана арткы бөлүгү кайсы бир деңгээлде жаракатка учурайт, операция жасалганда жатында тырык калат. Жаракат жана тырык кийинки кош бойлуулукта баланын тонунун нормалдуу жерге жабышуусуна тоскоолдук кылып, ылдый жайгашууга же жатынга терең жабышып өсүүгө алып келет. Аял кыймылдаганда, иш кылганда ылдый жайгашкан түйүлдүк салмактанып, тонго күч келет да анын жатындан ажыроосуна, кан кетүүгө, бойдон козголууга жеткирет. Тондун ылдый жайгашып калуусуна операция ыкмасы менен төрөөдөн тышкары, жатынга жасалган операциялар, мисалы, миоманы, эндометриозду алуу да себепкер болорун айта кетели.
Балага коркунучу
– Тондун жатындан ажырашынын 3 түрү бар. Биринчиси – жарым-жартылай, бирок өнүгүп кетпей турган түрү. Белгилери: кан кеткен жерде уюган кан пайда болот, жарылган кан тамыр бүтөлөт. Кан агуу токтоп, ажыраган жер акырындап кайра жабышат. Экинчиси – жарым-жартылай, бирок өнүгүп кете турган түрү. Белгилери: кан токтобойт, ажыраган жер жабышпайт. Үчүнчүсү – толук ажыраган түрү. Белгилери: кан токтобойт, ажыраган жер кайра жабышпайт.
Кош бойлуулуктун алгачкы 3 айында...
– Бул убакытта тон жатындан ажырап баштаса же ажырап кетсе ич ооруп, кан келе баштайт. Дароо текшерилип, дарыланса, коркунуч артта калып, бала өсүүсүн уланта берет.
Кош бойлуулуктун 4-6-айларында...
– Бул мезгилде тон ажырай баштаганда кан кеткенден тышкары, жатындын тонусу жогорулап, ич чыңалып катуу тартат. Түйүлдүккө кычкылтек жетишерлик түрдө барбай тумчугуп, катуу кыймылдайт. Эгер кан көп кетсе, операция жолу менен баланы бойдон алдыруу керек болот. Тон толук ажырап кетсе, бойдон түшөт же курсактагы бала чарчап калат.
Кош бойлуулуктун акыркы 3 айында...
– Бул учурда тондун жатындан ажыроосу көп катталат. Тон жатындан азыраак ажыраса дарылоо менен баланы аман сактап калууга болот. Эгер кан көп кете баштаса, курсактагы балага кычкылтек жетпей тумчугат, жатынга кан толуп, ал жыйрыла албай калат. Бул учурда бала жатын менен кошо алып ташталат. Эгер балага 9 ай болуп калса, анда операция жолу менен төрөтүлөт.
Кесарево ыкмасынын коркунучу
– Операциялык ыкма оор учурларда гана колдонулушу керек. Мисалы, ичтеги бала чоң же жатында кандайдыр бир оору болсо, аял бөйрөк же жүрөк оорусунан жабыркаса, бала буту менен келип калса... Операция жолу менен төрөөнүн кийинки кош бойлуулукка тийгизген зыяны – баланын тонунун көбүнчө жатын тырыгына жабышып калышында. Тырыкка жөн эле жабышпай, жатындын булчуңдарын, көтөн чучук, табарсыкка чейин, жолундагы кан тамырларды кошо чырмап өсүп кетиши. Мындай коркунуч 1 жолу операция жолу менен төрөгөндөрдүн 10-11 пайызында, 2 жолу төрөгөндөрдүн 35-40 пайызында, 3 жолу төрөгөндөрдүн 55-60 пайызында бар.
Кан токтобосо жатын алынат
– Тондун жатынга терең жабышып өсүүсүнүн 3 даражасы бар. Биринчиси – жатындын керегесин эритип, миометрия булчуңуна өсүп кетүүсү. Экинчиси – жатындын периметрия булчуңуна чейин өсүп кетүүсү. Үчүнчүсү – тон жатындын чегинен чыгып, коңшу органдарга, адатта табарсык, көтөн чучукка чейин өсүп кетиши.
Аталган 3 даражада тең баланы жана тонду операция жолу менен алып чыгуу керектелет. Анткени жатынга терең жабышкан тон өз алдынча түшпөйт. Айрыкча 3-даражасында жасала турган операция абдан татаал. Тон кан тамырларга да жабышып калгандыктан кан тамырларды байлоо, кесүү жана аларды тондон ажыратып туруп баланы алып чыгуу зарыл. Бул кан агуу, кандын уюшунун бузулушу менен коштолот. Кан токтобой койсо, жатын тон менен кошо алынып салат. Аялдын балалуу болгонго мүмкүнчүлүгү жок калат. Тондун жатынга терең жабышып өсүп кетүүсүнө азыраак пайызда мурун жатынга жасалган операциялар (миома, эндометриоздон улам), аялдын жаш курагынын 35тен жогору болушу, жатындын жыныстык жактан жугуучу оорулардан улам сезгенүүсү себеп болот.
Асыл Орозбекова
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
| Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2026 © SUPER.KG |