ДЕПУТАТТАР СЮЦАЙ ИЛИМИНИН КӨЗҮ МЕНЕН...

№1207

Бул жолу сюцай илимине таянып Жогорку Кеңештин айрым депутаттарынын мүнөзүнө, миссиясына кызыгып көрдүк. Материалды даярдоого сюцай адиси, психолог Кундуз Таштанова жардам берди. 

 

Улукбек Карыбек уулу – лидер, өзүмчүл, агрессияга жакын 

Депутат Улукбек Карыбек уулунун туулган күнү – 1990-жыл, 13-октябрь (13.10.1990). Туулган күнүндөгү сандарды кошобуз, 1+3=4. Демек, жан дүйнө коду – 4. Миссия санын табуу үчүн туулган күнү, айы жана жылындагы сандарды бири-бирине жалгыз сан келип чыккыча кошобуз. 1+3+1+0+1+9+9+0=24. 2+4=6. Демек, миссия саны – 6. Жан дүйнө коду 4төрдү (айдын 4, 13, 22, 31инде туулгандар)  колдогон планета – Раху. Булар чындык, акыйкат, адилеттүүлүк үчүн күрөшкөн адамдар, төңкөрүшчүлөр. Трансформатор, новатор, физикалык, моралдык жактан күчтүүлөр. Мыкты ойлонуп, анализ жүргүзүп, элди башкара билгендер. Бардык ишти эсеп-чот менен жүргүзүшөт. Элге билген билимин, жардамын бергенден ырахат алышат. Креативдүүлүк кылбаса жан дүйнөсү жабыркайт. Тубаса кызыл тилдүү, сүйлөгөндө элдин үстүнө боз туман түшүргөндөй болушат. Ал туман менен элдин санаасын тазалашат, ой жүгүртүүсүн өзгөртүшөт. Эл аларга ишенет, артынан ээрчийт. Эскини кулатып, ордуна жаңыны алып келүүгө ниеттенгендер.

Башкаларда энергия төбөдөн кирип денеге толук тараса, буларда энергия башынан келип моюнда токтоп калат. Моюнунан ылдый денеге энергия жетпегендиктен канааттанбай, дайыма нааразы болуп наалыгандар, жумурткадан кыр издегендер болушат. Кичине эле бир нерсе жакпаса, революция жасай бере тургандар. Көңүлгө карабайт, сынды бетке айтышат. Агрессияга жакындык, өзүмчүлдүк, деспоттук да мүнөздөрү бар.  

Миссиясы 6лар гумандуулук, сүйүү, ыңгайлуулукка умтулган жандар. Булар өздөрүн өстүрүп, бийиктикке жетүүнү самашат. Баары менен жакшы мамиле түзгүлөрү келишет. Орунсуз талаш-тартыштарда “сеники туура” деп кутулушат. Акча энергиясын өздөрүнө тартып тургандар. Бизнес жасашса байлыкка көмүлүшөт. Кара жумушка жок, көзгө чөп салууга жакындар.

Адамдарды кантип бөлүшөт? Сөзүн уккандарды жана тилектештерди өз адам көрүп, камкордукка алат. Пикирин колдобогондор “жат” адамдар.

Эльдар Сулайманов – тубаса премьер-министр, илимпоз

Туулган жылы, айы – 03.07.1985. Демек, жан дүйнө коду – 3. Миссия саны – 6.

Жан дүйнө коду 3төрдүн колдоочу планетасы – Юпитер. Юпитер чоң планета болгондуктан буларда энергия көп жана элге таасири чоң. Тубаса премьер-министр, насаатчылар болушат. Булар туулганда асмандан “билим китеби” ачылат. Ошондуктан билимге жакындар, илимпоздор, дайыма “билем” деп айтуучулар. Билген билимин элге таратсын деп Кудай колдоп турат. Мыкты ой жүгүртүүчү, анализдөөчүлөр.  Жетекчилик кызматта иштешсе адамдарды өз, жат деп бөлүшпөйт. Ким жакшы иштесе, ошого жараша көп төлөп беришет. Көптөргө камкордук кылышат жана башкалардан да ошондой мамиле күтүшөт. Туура эмес болсо да бир принципте тура берүү – булардын кемчилиги. Буларда романтика жок, камкордукту сүйүү деп ойлошот. Кээде маңызсыз сүйлөп алышат. 

Миссия саны 6 болгондуктан жогоркудай эле сүрөттөлөт. Адамдарды кантип бөлүшөт? Акылдуу, акылсыз, абройлуу, абройлуу эмес деп бөлүшөт.

Бекмурза Чолпонбай уулу – бийликке, башкарууга умтулган адам

Туулган жылы, айы – 17.07.2000. Демек, жан дүйнө коду – 8. Колдоочу планетасы – Сатурн. Миссия саны – 8.

Жан дүйнө коду 8дердин менталдык вибрациясы – бийлик, башкаруу, көзөмөл, ийгилик жана материалдык көз карандысыздык. Булардын максаттарына коомдо, чөйрөдө тартип, мыйзамдын сакталышы жана ал үчүн күрөшүү да кирет. Абдан эмгекчилдер, максатка умтулуучулар. Кыйын кырдаалдардан чечим таап, адамдар менен тил табыша алышат. Чоң кызматка, бийликке келишсе, өздөрүн бир эле учурда сот да, прокурор катары да алып жүрө башташат. Элге мени сыйлагыла, кадырла дегендей түр көрсөтүшөт. Өз кызыкчылыктары үчүн көп чуркашат.

8 санынын энергиясы өздөрүнө чоң ишеним берет. Ошондуктан кастары, маселелери менен өзү жекече күрөшө алат. Терс жактарына күмөн саноочулук, оңою менен бирөөгө ишенбөөчүлүк, көзөмөлдөй берүүчүлүк кирет.

Миссиясы 8дер катуу тартип жана көзөмөл аркылуу жыйынтыкка жетүүгө умтулган тубаса жетекчилер. Бийликке умтулган, тирандыкка жакын адамдар. Көзөмөл жана камкордуктун тең салмагын кармоону билүүнү талап кылгандар. Адамдарды натыйжа берет, натыйжа бербейт деп бөлүшөт.

Гүлшаркан Култаева – ийгилик жаратуучу

Туулган жылы, айы – 24.10.1972. Демек, жан дүйнө коду – 6. Колдоочу планетасы – Венера. Миссия саны – 8.

Жан дүйнө коду 6 саны болгондор жашоого ийгилик жаратуу үчүн келгендер, тубаса даанышман жана мыкты кеңешчилер. Даанышман болгондуктан ким эмне кылып жаткандыгын сезип турушат. Эмоциясы күчтүүлөр. Булар көбүрөөк укташы зарыл. Уктаганда эмоциялары тынчтанат. Келбеттүү, жашоого жана сүйүүгө кумарлуу, жарашыктуу кийинип, кооз үйдө жашоону сүйгөн, ишмер, эмоционалдуу, ойлоп тапкыч адамдар болушат. Байлыктын энергиясын алып жүрүшөт. Андыктан акча, байлыкты оңой таап, бирок аны бат жок кылышат. Бир иш кылардан мурун жакшылап ойлонуулары керек. Эгер шашылыш чечим чыгаруу керек болуп калса, көп ката кетиришет. Булардын эркине каршы сөз айтышса, иш жасашса муштумдары түйүлүп, кабактары үңүрөйөт. Адамдын көңүлүн оорутуучу тамашаларды балп эткизип салышат. Максатка жетүү үчүн башка адамдарды колдонууга маш.

Жакшы сапаттарын өнүктүрүшпөсө, жаман окуяларга туш келе беришет. Мыйзамды оңой эле бузууга ыктаган адамдар. Кара жумушка жок, кежир жана кекчилдер да ушулар.

Миссия саны 8дер тууралуу жогоруда айтып өттүк. Адамдарды комфорт түзөт жана түзбөйт деп бөлүшөт.

Эрулан Көкүлов – лидер, стратег жана өзүмчүл

Туулган жылы, айы – 07.03.1986. Демек, жан дүйнө коду – 1. Колдоочу планетасы – Күн. Миссия саны – 7. 

Колдоочу планетасы Күн болгондор лидер, стратег, эгосу бийик, атак-даңкка умтулган, идеяларга бай, оратор, ойлоосу мыкты, элди артынан ээрчите алган адамдар. Мотиватор жана эгосу күчтүүлөр, мыкты финансисттер. Энергиясы оң болсо элди кыйынчылыктан алып чыгышат, терс энергияда болушса туңгуюкка кептейт. Өздөрү чыгарып алган эреже, мыйзамдары менен жашап, башкалардын пикирлерин оңою менен уга беришпейт. Ошондуктан өз алдынча бат чечим чыгара салышат да, анысына өкүнүшөт, кыйынчылыктарга дуушар болушат. Кайсы бир себептер менен адамдарды өздөрүнө көз каранды кылып, аларды өзүнө пайдаланууну билишет. Өзүмчүл болгондуктан максатына кандай жол менен болсо да жетүүгө умтулушат. Андыктан жакындарына зыян алып келип же алардын нааразычылыгы, урушуна дуушар болуп эле басып жүрүшөт. Күндөн энергия алышкандыктан колдорунда биоток болот, андыктан тубаса эмчи-домчу, табыптар. Агрессияга, өзүмчүлдүккө, консерватизмге жакындык булардын терс жагы. “Мен” дегенди азайтып, башкаларды уга баштаганда гана булар туура чечим чыгарууга жөндөмдүү болушат. Эголору ашып кеткенде Кудай колдобой коёт.

Миссия саны 7лер өздөрүнө ашкере ишенген, харизмасы күчтүү, өзүмчүлдөр. Башынын ордунда жылдыз болот, ошондуктан мени гана карап тургула дешет. Миссиялары – дүйнөгө өздөрүнүн иш-аракети менен кризис жаратууга келгендер. Кризиске кептөө менен адамдардын жашоого, коомго көз карашын өзгөртө алышат. Элди менин мыктылыгымды, лидерлигимди тааныйт жана тааныбайт деп бөлөт.

 

Канымжан Усупбекова


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг   
Комментарийлер()
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2026 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо