№1207
Кыргыз саясатында адаттан тыш көрүнүш байкалып, бир кичинекей окуя көпчүлүктүн көңүлүн буруп, талкууну кызытты. Парламент депутаттары президент Садыр Жапаровго кыйыр түрдө каяша айтып чыгышты.
Президент: “Эптеп элге жакшы көрүнүп калайын дешет...”
3-февралда президент Садыр Жапаров “Унаа” мекемесине барып, учурда талкуу жаратып жаткан айдоочулукка окутуу маселеси боюнча элге жолугуп, түшүндүрмө берди. Сөз арасында президент аттарын атабай айрым депутаттарды популисттикке күнөөлөгөн. “Жүз, эки жүз киши чогулуп бир маселени көтөрүп кыйкырып калса, чуркап келип микрофонду ээлей калып (ред.: парламентте) ошол теманы айтып, эптеп элге жакшы көрүнүп калышы керек... Ал маселе туурабы, туура эмеспи, мамлекетке пайдабы, зыянбы, уруп да ойнобойт. Ошондуктан депутаттарды бардык маселени көтөрөрдө терең изилдеп алууга чакырам” деди Жапаров. Буга чейин айрым депутаттар айдоочулукка окутуу жаатындагы реформаларга: болочок айдоочуну 10 ай окутууга, жеке менчик автомектептерди жабууга элде нааразычылык күч экенин айтышкан эле.
Төрага: “Сыйга сый, сыр аякка бал...”
4-февралда парламент жыйынында төрага Нурланбек Тургунбек уулу бийлик бутактарынын ортосунда сый болушу керектигин айтып чыкты.
– Бийлик бутактарынын ортосунда сөзсүз сый болушу керек. "Сыйга-сый, сыр аякка-бал" дейт. Депутаттын сүйлөгөн сөзүн одоно сындоо аброй алып келбейт. Себеби депутатка айт, сүйлө деп эл беш жылга мандат берди. Биз аткаруу бийлигин бардык маселеде колдоп, зарыл болгон мыйзамдарды кабыл алып берип жатабыз. Алар тараптан дагы парламентке сый болушу керек. Аткаруу бийлиги ушул сөздөрдөн жыйынтык чыгарат деп ойлойм. Парламент эч качан микрофону жок, мажүрөө болбойт,- деди Тургунбек уулу.
Ушул сын-пикиринен кийин спикер президент Садыр Жапаров менен сүйлөшкөнүн эртеси, 5-февралда парламент жыйынында ачыктады. Ал талкуу аткаруу бийлиги менен Жогорку Кеңештин ортосундагы пикир келишпестик тууралуу болгонун тактады.
– Кечээ бул жерде айтылган сын-пикирлерден сөзсүз жыйынтык чыгат. Эң башкысы өлкөбүздө ынтымак болушу керек. Сөзсүз түрдө бийлик бутактары бири-бирибизди сыйлап, алдыга жылышыбыз зарыл,- деди Тургунбек уулу.
Депутат: “Популизм эмес, элдин үнү”
Депутат Кундузбек Сулайманов 4-февралдагы парламент жыйынында айдоочулук күбөлүк боюнча депутаттар көтөргөн маселе элдин үнү экенин билдирип, аткаруу бийлигин муну популизм катары кабыл албоого чакырды. – Биз айткан нерселерден аткаруу бийлиги жыйынтык чыгарышы керек. Биздин ар бир айткан сөзүбүздү популисттик катары кабыл алсак, анда кандай болот? 10 ай окутуу көп деп айткам. Мен элдин айтканын айтып жатам,- деди Сулайманов.
Депутаттардын бул сындары ажонун дарегине түз айтылбаса дагы коомчулукта президенттин “Унаа” мекемесинде айткан сынына жооптой кабыл алынды. Анткени Конституция боюнча, аткаруу бийлигинин башында президент турат.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
Талкуу жабык.
| Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2026 © SUPER.KG |