Сынык канат (ташталган баланын тагдыры тууралуу баян)

№1214

(Башы өткөн сандарда)

Ооба, баары мен болжолдогондой болду. Ошол сүйлөшкөнүбүздөн кийин, тактап айтканда, Илимдин бакма бала экенин билгенден кийин бир да жолу мени менен бетме-бет келген жок. Үйдө болбой жатты, үйдө болсо да мен жокто келип кетет экен. Аны апасынан угуп калам. Капыстан университеттен кез келип калсак, куду мени такыр тааныбаган адамдай назар салып койбой өтүп кетип жатты. Аркасынан жалдыраган боюнча калып калам. Анын мындай мамилеси аркансыз муунтуп жатты мени. Оор болду, аны көрбөй, сүйлөшпөй жашоо кыйын болуп бара жатты. Анткени аз убакытта ага көнө түшкөн экенмин.

Уф, эми чындыкты моюнга албаганга аргам жок. Мен аны сагына баштадым. Албетте, аны сүйүп калганымды дароо түшүнгөн жокмун. Балким, биринчи көргөндө эле сүйүп калсам керек деп коём. Адеп көргөндө тилим тамагыма жабышып калгансып сүйлөй албай  сүрдөгөм. Бирок сүйүү деп ойлогон эмес элем. Кийин аны эч кимди жек көрбөгөндөй жек көрдүм. Ишенимдүү турушу, бийиктен текеберленип сүйлөшү итиркейимди келтирчү. Кийин жакшы билгенден кийин жүрөгүмө жылуулук орноп баштады. Менин бир бөлүгүмдөй сезим пайда болду. Эми такыр сүйлөшпөй калганда гана сүйүү экенин түшүнүп отурам.

Мен элдей эмесмин. Себеби “сүйүү” деген сөз мен үчүн жөн гана сезим эмес эле – ал жоопкерчилик, ал ачылуу, ал өзүңдү бирөөнүн колуна толук тапшыруу болчу. А мен болсо дайыма өзүмдү сактап жашаган адам элем. Ар дайым күчтүү болушум керек деп жашачумун. Өзүмө белгилүү бир өлчөмдөр бар эле. Күлсөм – жетиштүү өлчөмдө гана. Сүйлөсөм – ашыкча эмес. Бирөөгө жакындасам – кайра артка бир кадам таштаганды унутчу эмесмин. Анткени мен үчүн эң кооптуу нерсе – бирөөгө көз каранды болуп калуу. Мен өзүмдү эч кимге муктаж эмес адам катары тарбиялап алгам. Балким, мен жалгыздыктан ошенттим, балким, атасы бир да жолу издеп келбеген кыздардын табияты ушундай болуп калыптанат. А балким, эркек кишиге такыр таянып көрбөгөн кыз бала ушундай өзүн тикенек менен чырмап алып чоңоёт. Билбейм. Бирок  бир билгеним бар эле – менин капкалуу дүйнөмө эч ким баш багып кире алчу эмес. Ал кирип алды. Уруксатсыз, оңой эле, болбойт деген нерселерди талкалап туруп кирди. Ал менин бардык эсептеримди бузду. Менин салмактуу дүйнөмө үнсүз кирип келип, эч нерсе кылбай туруп эле баарын өзгөртүп алды. Тек анын жанында гана мен өзүмдү башкача сезе баштадым. Тынч, бирок ошол эле учурда тынчсыз. Бактылуу, бирок  дүйнөдөгү эң бактысыз адамдай...

Сезимдерди четке кактым башында. “Бул жөн гана өтүп кете турган нерсе, жөн гана кызыгып койдум. Ананчы, кызыкпай турган адамбы?” дедим. “Бул олуттуу эмес” дедим. Анткени мен өзүмө бир нерсени катуу ишендиргем, мен эч качан биринчи болуп сүйбөйм.

Жүрөгүм менин анализиме да,  логикама да эч баш ийбей бара жатты. Ичимден канчалык бекем турганга убада берсем да, анын үнүн укканда заман токтоп калгандай сезилет. Ал ичимдеги дубалдарга акырындан жарака кетирип, өз өкүмүн жүргүзүп жаткандай сезилчү. Мен аны байкабаганга аракет кылдым. Көзүмдү ала качтым. Сөзүмдү кыскарттым. Бирок болбоду.

Күндөн-күнгө дем ала албай бара жаттым. Тамак ичпей калдым. Сагынычым ушунчалык күчтүү эле, түнү менен анын машинеси келип калабы деп кулак түрүп жатам. Келсе экен деп жалынам, а келгенин сезсем, андан ашкан азап. Кетип калса экен, бүгүн өз үйүндө түнөсө экен дейм. Карама-каршы сезимдер ортосунда жанчылып жаттым. 

xxx

Илимге телефондон жазгым келген учурлар болду. “В сети” деп турса жазгым келет. Бирок ар жолу телефонду кармап туруп, жазбай кайра коюп салчумун. “Жок, мен жазбайм” деп өзүмдү токтотчумун. Жашырган менен сезим жок болуп кетпейт экен. Тескерисинче, ал ичинен чоңоёт тура. Түндөр өзгөчө оор.

Түн – менин чыныгы жүзүмдү ачкан убакыт. Баары уктап калганда, мен өзүм менен жалгыз калам. Ошондо мен жөн гана аны сагынган, ойлогон, кыялында миң жолу жолуктурган кызмын. Кызыктай диалогдорду ойлоном. Суроо берип, жоопторду өзүм ойлоп табам.

xxx

Күндөр өтүп жатты. Арыктап, эч нерсеге көңүлүм жок эле. Гүлай апанын “ала кел” дегендерин алып дарбазадан чыгып бара жатсам дал бет маңдайымдан Илим чыга калды. Ал мага жол бошото четке чыга берди.

– Кандайсың?- деди.

Илимдин “кандайсың?” деген сөзүн канча күндөп күтүп жүргөнүмдү ошондо түшүндүм. Көзүмө жаш ирмеле түштү. “Жок, токто, сен алсыз кыздардай болуп мунун алдында ыйлап отурбайсың”. Тез өзүмдү колго ала койдум да, шарт өтүп кеттим. Жөн өтпөй “көздү караш керек да” деп бурк эттим. Ушул бир аз убакыт болсо да бет келишкенибиз жүрөгүмө азык боло түшкөндөй сезилди. Көңүлүм ачылып, жашоо жарык боло түшкөнсүдү.  Төрт жума көрүшүп сүйлөшпөгөн экенбиз, дагы бир жума көрбөсөм эмне болуп кетмекмин деп ойлоп коём.

Бирок ошол эле кечте оор соккунун алдында калдым. Гүлай апа сөз арасында Илим үйлөнө турган кызын тааныштырганы ушул жума үйгө алып келерин айтты. Идиш жууп жаткам, крандагы суу раковинага толуп, ашып кеткенче селдейип тура бериптирмин. Бир маалда бутум суу болуп кеткенде эсиме келдим. Гүлай апа дагы эле мени байкабай сүйлөнүп жаткан экен.

– Шашылыш да айтабы? Мен эми кантип жетишем? Айшаны жардамга чакырышым керек.

– Качан алып келет экен?

– Эмнени?

– Тиги, эме... Кызын алып келет дедиңиз го.

– Аа, кызды ишемби күнү алып келет экен. Эрте айтса эмне, жакшыраак даярданып тосот элек да. Сен да ошол күнү жанымда бол, Тамчы. Билесиң го, сен жок эмнени кайда койгонумду таппай калам.

– Хм, мен ал күнү тайпалаштар менен чогулуп...

Айтор, оюма келген биринчи жалганды айтып салдым. Гүлай апа кейиди, кепчиди, бир нерселерди айтып жатты. Акыры макул болгонсуду. Эмне деп жатканы деле акылыма кирбеди. Мен эптеп идиштерди жууп бүттүм да, өз бөлмөмө кирдим. Шалдайып керебетиме отуруп калдым. Анын сөздөрү кулагыма жаңырды. “Мен сүйгөндөн жана сүйүлгөндөн корком” дебеди беле. Алдамчы! Ушунча калп айтыштын кереги бар беле? Коркот имиш... Эбак эле сүйлөшүп жүргөн кызы бар экен го. Болбосо бир ай ичинде кыз таба калды дейсиңби? Оюма келген, билген бардык жаман сөздөр менен сөгүп жаттым. Аны элестетип алып жаздыгымды мыкчып, муштап, ыргытып, тебелеп жаттым. Көксөөм суубады. Жаздык байкушту тыткылап, ыргытып ийдим да, жүзтөмөн куладым. Апам оюма келди. “Апа, эмне кылам мен? Мен кантем? Жардам бер мага” дедим ичимден чыңыра. Кимдир-бирөөнүн мээримдүү колдору чачымдан сылагандай сезилди. Солк этпей жатып калдым. Апамдын акыркы күндөрдөгү сөздөрү кулагыма жаңырды.

– Тамчым, таптаза шүүдүрүмдөй сезимден жаралган тамчым. Мен жөн жашаган жокмун. Ааламга сендей  күчтүү, эрктүү, акылдуу кыз таштап кетип жатам. Ыйлаба, жоктобо мени. Анткени мен ар дайым сени мененмин. Жаман учуруңда да, жакшы учуруңда да мен сени мененмин, кызым.

– Аны мен кантип сезем, апа?

– Сезесиң. Бир күнү айдарым жел болуп чачыңды сылайм. Бир күнү көпөлөк болуп ийиниңе коном, көңүлүң ачык болгондо асманды тиктесең чалкыган көк болуп келем.  Адамдарга жакшылык кылсаң, ошол менмин. Адамдар сага рахмат айтышса, ал да менмин. Мени жоготпойсуң, берекем. Сенин жүрөгүңдөмүн.

Ушинтип айткан апам. Айкөлүм, акылманым, мээрманым менин. Сени капа кылбайм. Кайсы бир боору таш бирөө үчүн эми эч качан ыйлабайм. Бекем болом! Көзүмдүн жашын сүрттүм. “Болуптур, сүйлөшкөн кызың болсо болсун, кандай кылсаң өз эркиң. Билгениңди кыл” дедим кекене...

 

(Уландысы кийинки санда)


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг   
Комментарийлер()
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2026 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо