Ашканада колдонулчу кеңештер

№1214

1. Пияз аарчып, туураганда “ыйлабаш” үчүн пиязды алдын ала тоңдургучка 2-3 мүнөт сала туруңуз. Же кабыгын аарчып жатканда крандын алдындагы сууга тосуп туруш керек. Дагы бир ыкма: пиязды кайнап турган сууга 1 мүнөттөй салып, анан алып чыгып туураса көз жаш акпайт. Бирок жумшара түшкөн пиязды туураган оорураак болуп калат.

2. Шорпо тамактын тузун өткөрүп жиберип, эмне кыларды билбей жатасызбы? Бул учурда колдонулчу лайфхак менен бөлүшөбүз. Таза марлиге жуулган күрүчтү салып, күрүч шорпого кошулуп кетпегидей оозун түйүп, анан шорпого кошуп 20-25 мүнөт кайнатуу керек. Бул аралыкта күрүч шорподогу ашыкча тузду өзүнө сиңирип алат.

3. Тамак-аш азыктарын туураган тактайда бактериянын түрү жашайт. Ал бактерияларды идиш жууган самындын жардамы менен толук кетирүү мүмкүн эмес. Анын үстүнө идиш жууган каражаттын өзү химикаттардан турат эмеспи, ал тактайдан толук кетеби же майда бөлүкчөлөр калып калабы деген да суроо жаралат. Андыктан өзгөчө чийки эт азыктарын туурагандан кийин тактайды жакшылап тазалоо керек. Ал үчүн кадимки лимон ширесине ашкана содасын кошуп аралаштырып, тактайды тазалайбыз да, жылуу суу менен чайкап, кургатып коёбуз.

4. Тамак-аш плёнкасы жумшак болуп, колго жабышып жана бат айрылып калып жатса, аны муздаткычка сактаңыз. Бир аз катууланып, формасын сактап турат.

5. Бокал, стакан, гүл салган ваза же башка айнек идиштердин түбүнө ак кебер түшүп, айнек жуусаң деле бозоруп калат эмеспи. Мындай идиштерди жаркыратуу оңой эле. 100 грамм сууга 70 пайыздык уксустан 2 аш кашык кошобуз. Суунун өлчөмү көбөйсө, уксустукун да көбөйтүңүз. Бул аралашмага бокалды же башка айнек идишти 5-10 мүнөткө салып коюу керек. Анан таза сууга жакшылап чайкап койсоңуз, айнек жаркырап калат.


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг   
Комментарийлер()
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2026 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо