№1214
Индиядагы эң байыркы шаарлардын бири – Варанаси. Бул шаар буддизм, жайнизм жана индуизмди кармагандар үчүн ыйык жер болуп саналат. Сыйынуучулар “башка дүйнөгө өтүү” жана Кудайга жакындоо, Кудайдын жерге түшкөн ыйык жери катары Варанаси шаарын эсептешет. Мындан улам бул шаарга сыйынуучулар эле эмес, зыяратчылар, изилдөөчү-окумуштуулар, туристтер, дин аалымдары да барып көрүүгө кызыкдар. Бирок мындай жерге барууга сезимтал жана коркок адамдарга сунушталбайт. Эмнеге экенин макаладан окуңуз.
Аталышы – Варанаси (Бенарес, Банарас)
Жайгашкан жери – Индия, Уттар-Прадеш штаты
Мэр – Ашок Тивари
Аянты – 1550 км2
Элинин саны – 1 миллион 800 миң
Дарыялардын кошулган жери
Легендаларга ылайык, шаарды Шива Кудайы мындан 5000 жыл мурун негиздеген. Ушундан улам да бул жер ыйык деп саналат да, индуизмдеги эң ыйык 7 жердин катарына кирет. Ал эми аталышы Варанаси боюнча эки дарыянын аталышынан келип чыккан деген маалыматтар бар. Варуна жана Асси дарыялары бири түндүктөн, бири түштүктөн агып келип Ганг дарыясына кошулушат. Ганг шаарды бойлой агат.
Климаты
Калаанын аба ырайы субтропикалык нымдуу климат болуп саналат. Жайы узак, ысык, шамалдуу, апрелден октябрь айына чейин созулат. Абанын температурасы +32ден +46 градуска чейин көтөрүлөт. Кышы да узак, тумандуу. Декабрь айынан февралга чейин 5 градустан төмөнкү температура байкалат.
Мусулмандар үчтөн бир бөлүгү
Шаар тургундарынын үчтөн бир бөлүгү ислам динин тутушат, андыктан мусулмандардын да орду чоң. Негизги дин – индуизм болсо, андан сырткары буддизм, жайнизм жана башка дин өкүлдөрү да жашашат. Шива Кудайынын шаарына жылына миллиондогон индуисттер келип сыйынышат, зыяратчылардын саны дээрлик азайбайт.
Гхаттар
Шаардагы негизги диний ишмердүүлүк Ганг деңизинин батыш жээгин бойлой таштан курулган көп тепкичтүү гхат курулуш жайларында жүрөт. Баш-аягы 84 гхат бар делет. Индустар үчүн эң кеңири таралган диний жөрөлгө – ыйык Ганг дарыясынын суусуна жуунуу. Сууга жуунган адам күнөөлөрүнөн арылат, аркы дүйнөдө эркиндикке жетет, кайгыларынан арылат, тазаланат деген ишеним бар. Бул жөрөлгөнү күнүнө он миңдеген адам аткарат, ал зыяратчылардын көбү Индиянын жана Непалдын аймактарынан келишет.
Гхаттардын биринде Кудай үчүн курмандык чалуу ырымы жүрөт. Ал эми Маникарника-гхатында сөөктү өрттөө (кремация) аянтчалары жайгашкан. Бул жердеги от миңдеген жылдар бою өчпөй келет дешет. Айрымдар өмүрүнүн акыркы мүнөттөрүн ушул жерде өткөзүп, анан сөөгү өрттөлсө, кээ бирлер каза болгон тууган-уругунун сөөгүн ыйык жайга беребиз деп алыстан алып келишет. Бир сөөктү өрттөөгө 300-400 килограмм отун, 3-4 саат убакыт кетет. Бул жерден отун бизнеси аралашып кетет, байлар өрттөгөндө жакшы жыт чыксын деп кымбат сандал бактарын сатып алышат. Варанасиде каза болуу жана Гангда сөөктү өрттөө – бул кийинки жашооңо таза баруу, мурунку кармадан арылуу деп эсептелет.
Баары эле өрттөлбөйт
Өлгөн адамдардын баарынын эле сөөгү өрттөлбөйт. Мисалы, жумуш, үй-бүлө жана башкадан баш тартып, өзүн медитацияга арнаган садхулардын сөөгү өрттөлбөйт. Андан сырткары 13 жашка чейинки балдардын сөөгү гүл катары саналып, өрттөөгө тыюу салынат. Боюнда бар энелер, айрым оору түрлөрү менен ооругандар (ооругандардын денесине таш байлап туруп сууга чөктүрүшөт), өрттөөгө отун алууга акчасы жоктор өрттөлбөйт. Эгер жетиштүү отун албаса, чала күйүк денени деле дарыяга агызып жиберишет. Отун өтө кымбат. Өрттөлбөгөндөрдүн денесин сууга жөн эле агызып жиберишет. Жылына Гангдын түбүнөн 45 миңге жакын сөөк чыгарылып, көмүлөт делет.
Коркунучтуу, бирок кызык
Бул шаарда эч кандай мыйзам иштебейт, анткени бул Кудайдын жери. ООН жана башка эл аралык кийлигишүүлөргө да Индия бийлиги тарабынан тыюу салынган. Варанаси башка дин өкүлдөрүнүн, чет элдиктердин эсинде дал ушул сөөк өрттөө, сууга агызуу жөрөлгөсү менен калат. Коркунучтуу, бирок кызыктуу салтты көрүүнү каалагандардын саны эсепсиз. Жергиликтүүлөр мындай элдин агымына көнүп калышкан. Анын үстүнө зыяратчылар атайын акча, тамак-аш жана башка нерселерди бергендиктен, айрым адамдар иштебей эле күн көрө беришет.
Антисанитария
Күнүгө ондогон өлүктүн күлү Ганг дарыясына чачылат, ошол эле дарыяга миңдеген адам сыйынып жуунат, ичет, өрттөлбөгөн сөөктөр агызылат, курмандык деп көрүнгөн нерселер сууга ташталат. Бир жерде сөөк агып баратса анын жанында дагы бири кир жууп, экинчиси тиш жууп жаткан болот. Атайын кайык менен суунун үстүндөгү таштандыларды тазалаган, сөөктөрдү алып чыккан адамдар иштейт. Бул көрүнүшкө жийиркенгендерге жергиликтүүлөрдүн жообу даяр: “Ганг – биздин энебиз. Силер, туристтер, түшүнбөйсүңөр. Бул сууну ичкенибизге күлөсүңөр. Бирок биз үчүн бул ыйык нерсе”. Башында сезимтал жана коркок адам болсоңуз, Варанасиге барбаңыз дегенибиз ушундан улам. Бул жерге барганда хоррор кинодон да көрбөгөн нерселерди көрүүгө мүмкүн. Жөнөкөй адамдын психикасы чыдабашы толук ыктымал. Бекеринен Варанаси – өлүктөрдүн шаары аталбайт.
Архитектурасы
Сөздү сөөктөрдөн жакшы жакка буралы. Шаардын архитектурасы ар түрдүү. Ар бир динге жараша кооз храмдар, чиркөөлөр, мечиттер жана башка сыйынуучу жайлар жайгашкан. Жергиликтүү калк кадимки турак жайларда жашашат. Көп сандагы калкка ылайык курулуштары бири-бирине абдан жакын салынгандыктан гали деп аталган көчөлөрү кууш, тар келет. Галилердин көбүнө автоунаа батпайт, жөө же мототранспорт менен жүрүү керек. Көптөгөн майда базарлары бар, биринде көчө тамактары сатылат, биринде жибек, муслин сыяктуу түрдүү кездемелер, дагы биринде сүт азыктары, айрымдарында колдо жасалган идиш-аяктар, зер буюмдар сатылат.
Мохалла
Бизче район, квартал деген нерселер бул шаарда мохалла деп аталат. Жердигине же улутуна, же кармаган динине жараша адамдар ар кайсы мохаллаларда жашашат.
Эң мыкты жибек
Индиядагы эң мыкты жибек кездеме – Бенарес (Варанасинин дагы бир аталышы) жибеги деп саналат. Варанасиден келген жибек – сулуулуктун символу болуп эсептелет. Андыктан улуттук кийим сарини Бенарес жибегинен кийгиси келгендер көп. Жибек жип Варанасиге Индиянын башка штатынан алынып келет, варанасиликтер аны өзгөчө ыкма менен иштеп чыгышат: кайнатуу, ороо, мом менен жылмакай кылуу, крахмал уну менен иштеп чыгуу. Айтор, жыйынтыгында жибек кездеме жумшак, жеңил, жылтырак болуп кулпуруп калат. Текстиль тармагы шаардын экономикасынын өзөгү болуп эсептелет
Билими
Шаарда 3 жогорку окуу жайы бар. Бири санскрит (Сампурнананд) университети, экинчиси Бенарес индуист университети, үчүнчүсү Жогорку Тибет изилдөөлөрүнүн борбордук институту.
Ашканасы
Варанасиде эт азыктарын жегенге болбойт. Анткени шаар – вегетариандардын аймагы.
Асыл Орозбекова
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
| Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2026 © SUPER.KG |