ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ. 30-марттан 5-апрелге чейин

№1214

КОЙ
(21.03–20.04)

Жылдыздар кой жылдызынын алдында төрөлгөндөргө бул аптада каржылык иштер менен алек болууга кеңеш беришет. Айрыкча карызы барлар андан кутулууга аракет кылуусу керек. Жумушта жетекчилик менен талашып-тартышпаңыз. Жума жана ишемби күндөрү керектүү буюм же кийим-кече сатып алышыңыз мүмкүн. Аптанын экинчи жарымында үйүңүзгө алыстан туугандар келиши күтүлөт. Дем алышта огород тазалоо, жашылча-жемиш эгүү иштери менен алек болосуз.

БУКАЧАР
(21.04–20.05)

Аптада сүйүү тармагында жолдуу болосуз. Негизгиси өзүңүзгө ишенимдүү болуп, тоскоолдуктарга сынып калбаңыз. Жумушта кармалып, үйгө кечигип келүүнү токтотуңуз. Убакытты туура бөлүштүрүп, үйдөгүлөргө да көңүл бөлсөңүз маселе жаралбайт. Таза абада көп сейилдесеңиз, жетпей жаткан энергияны толуктай аласыз. Кол өнөрчүлүк менен алектенгендердин иши алдыга жылат. Дем алыш күндөрү үйдө отурбай, жакындар менен эс алуу уюштуруңуз.

ЭГИЗДЕР
(21.05–21.06)

Аптанын биринчи жарымында өзүңүздү бош, керекпи жалкоо да сезесиз. Бул көптөн берки күтүү режиминен улам. Бирок аптанын экинчи жарымында сиз көптөн күткөн суроо алдыңкы планга чыгып, жамааттык түрдө ишке киришесиз. Жашооңузду жакшы нукка бурган күтүүсүз окуя орун алат. Ден соолук жаатында жаныңызды кыйнаган оор дарттар тынчыңызды албайт, ошентсе да өзүңүздү карап жүрүңүз. Балалуу болууну пландап жүргөндөрдүн тилеги ишке ашуусу мүмкүн.

БӨЙӨН
(22.06–22.07)

Чыгармачылык, илим жана спорт тармагында эмгектенгендерди бул аптада ийгилик күтөт. Кеңсе кызматкерлеринин жумушунда туруктуулук сакталат. Кыз-жигит статусунда жүргөндөрдүн мамилеси жаңы тепкичке көтөрүлүүсү ыктымал. Ашказан-ичеги оорулары тынчыңызды алышы мүмкүн, тамак-ашыңызды мүнөздөп жеген оң. Шаршемби күнү үйдө чыр чыгышы мүмкүн, алдын алып майда-чүйдөгө чейин маани берип жүрүңүз. Дем алышта уйкуну кандыра уктап, тынч эс алыңыз.

АРСТАН
(23.07–23.08)

Жаңы тааныш адамдарга ишенип болгон сырыңызды, планыңызды айта бербеңиз, сөзүңүз өзүңүзгө каршы курал катары колдонулуп калуусу мүмкүн. Бул аптада башкаларга эмес, өзүңүзгө, өзүңүздүн керектөөлөрүңүзгө көңүл буруп, кам көрүп, кем-карчыңызды толуктап алганыңыз туура. Артрит, артроз, омуртка грыжасы сыяктуу сөөк оорулары менен жабыркагандардын оорусу күчөп кыйналышы мүмкүн. Аптанын экинчи жарымын кыймылда өткөрөсүз, сапарга чыгууңуз ыктымал.

БИЙКЕЧ
(24.08–23.09)

Керектөөлөрүңүзгө жараша чоң суммадагы насыя алышыңыз мүмкүн. Жумушта өзгөрүүлөр күтүлөт, аны өз пайдаңызга чечүү сиздин тажрыйбадан жана кесипкөйлүгүңүздөн көз каранды. Жума күнү эски достордун биринен маанилүү кабар угасыз. Аптанын экинчи жарымында кыялдарыңыздын бири орундалат дешет жылдыздар. Бул аптада жумушуңузда абдан жоопкерчиликтүү болуңуз, антпесе ката кетип, аны оңдоого көп убакыт жана энергия коройт.

ТАРАЗА
(24.09–23.10)

Өзүңүзгө алтын же башка зер буюм сатып алып кубанасыз. Жүрөгүңүздү өйүткөн көйгөй болсо туугандар же достор менен бөлүшүңүз, жардам беришет. Интернеттен онлайн соода кылбай туруңуз, алданып калышыңыз мүмкүн. Жумушта сизге тиешеси жок конфликттерге аралашуудан качыңыз. Жакын адамыңызга белек беришиңиз күтүлөт. Апта соңу пландарыңызга өзгөрүү кирип, активдүү иш-аракеттер кошулушу мүмкүн. Электр приборлорун колдонууда сак болуңуз, ток уруу коркунучу бар.

ЧАЯН
(24.10–22.11)

Жумушта “көлөкөгө” кетип, жалгыз иштесеңиз жемиштүү жыйынтыкка жетесиз. Жамаат менен чогуу аткарылчу иштерден баш тартканыңыз оң. Мурдагы каталарды оңдоого аракет кылыңыз. Тамак-аш рационуңузга көңүл бөлүңүз, апта ортосу тамактан уулануу коркунучу бар. Анан да иммунитетти бекемдегенге аракет кылуу зарыл. Материалдык абалыңыз жакшырып кубанасыз. Аптанын аягын үй-жайыңызды жыйнап, керексиз буюмдардан арылып, орун бошотконго арнаңыз.

ЖААЧЫ
(23.11–21.12)

Чыгармачыл жаачылардын потенциалы жогорку чекке жетет. Эргүү менен жасаган иштериңиз көз кубантат. Мунун арты менен капчыгыңыз да калыңдамакчы. Жетекчиликке стандартка туура келбеген, фантазияны талап кылган идеяларды уялбай айта бериңиз, колдоо табасыз. Аптанын ортосунда балдардын керектөөлөрүн сатып бересиз. Жума күнү шаан-шөкөттүү компаниялардан качканыңыз жакшы. Дем алышта пландап койгон иштериңиз менен алек болосуз, пландарыңызды эч ким бузбайт.

ТЕКЕЧЕР
(22.12–20.01)

Жумуш менен үй-бүлөнүн ортосунда баланс сактайм деп убара болосуз. Жетекчилик көп убакытты алган кошумча жумушту моюнуңузга артат, үйдө да сиздин катышууңуз керек болгон иштер чыгат. Шаршемби, бейшемби күндөрү маалым кат алуу максатында мамлекеттик ишканаларга баш багууңуз мүмкүн. Финансылык жаатта туруктуулук сакталат, ири буюм сатып алгыңыз келсе, апта аягына пландаганыңыз оң. Аптанын экинчи жарымында достордун бирине жардам колун сунасыз.

СУУ КУЯР
(21.01–19.02)

Өзүңүздү өнүктүрүү, жаңы нерсе үйрөнүү, окуу сыяктуу нерселер менен алек болсоңуз, пайда гана табасыз. Дүкөн кыдыруу каалооңузду ишке ашырбай туруңуз, кийин алгандарыңыз өзүңүзгө жакпай калышы мүмкүн. Эки тарапты байланыштырган “көпүрө” адамдын ролун аткарышыңыз күтүлөт. Бул процессте пайдалуу, керектүү байланыш түзөсүз. Бейшемби күнү жолдо автоунааңыз бузулуп же жол тыгынына калып ыңгайсыздык жаралат. Апта соңун үйдө тынч атмосферада өткөрөсүз.

БАЛЫК
(20.02–20.03)

Таланттарыңызды ачыктап, андан пайда табууга убакыт келди. Мурда бул таланттарды хобби катары гана көрсөңүз, эми пайда булагына айландыра аласыз. Бойдоктордо мурдагы сүйүү романын курган адамга кайрылуу мүмкүнчүлүгү жаралат. Бирок бул мүмкүнчүлүктөн баш тартканыңыз жакшы, жабылган эшикти ачпай эле коюңуз. Юридикалык маселелер жаралышы мүмкүн, өзүңүздүн укугуңузду билип жүрүү ашыкча болбойт. Дем алыш күндөрү ойдогудай өтөт.


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг   
Комментарийлер()
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2026 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо