“ӨЗ БАЛАҢДЫН ЖҮЗҮН КӨРБӨЙ КАЛУУ ЖАМАН ЭКЕН”. Оор шартта жашаган үй-бүлөнүн тагдыры

№1214

“Бир үйдүн тиричилигин эптеп кылдыратып жатканымда ооруп калдым. Жубайым да, 2 уулумдун бири да оорукчан. Иштеп, үй-бүлөмдү багуу үчүн операция жасатышым керек болууда. Ага каражат таппай карайлап турам” дейт каарманым. Бул жолу Кант шаарында жашаган үй-бүлө оор турмушун баяндап берди. 

 

“Эл катары биздин да максаттар бар эле”

– Мен – Урматбек Саманчиев, 43 жаштамын. Кичи мекеним Нарын районунун Орто-Нура айылы. Келинчегим Таалайгүл Жумабаева 41 жашта, ал дагы Нарындан болот. Эки балабыз бар, бири 10, экинчиси 4,5 жашта. Мен азыркы учурда мурундун жанындагы гаймор көңдөйчөсүнүн залалдуу рагынын 2-даражасы менен ооруйм. Келинчегимдин эки көзү тең азиз, көрбөй калганына 10 жыл болду. Экөөбүз Бишкек шаарынан таанышып, баш кошконбуз. Башкалардай эле биздин да алдыга койгон чоң максаттарыбыз бар эле. Өзүбүздүн үйүбүз, балдарыбыз болуп, аларды татыктуу тарбиялап, билим беребиз дечүбүз. Кудай бизге 2 уул берди, бирок улуу балабыз тубаса аутизм дарты менен жарыкка келди. Дайыма бирөөнүн кароосуна муктаж, оорусунан улам мектепте окубайт. Кичүү уулум, Кудайга шүгүр, дени сак. 

“Сол бетимде шишик пайда болду”

– Учурда Кант шаарында 1 бөлмөлүү батирде жашайбыз. Айына 15 миң сомдон төлөйбүз. Эптеп үй-бүлөмдү багып келе жатканымда мага жаман оору жабышты. 2025-жылдын ноябрында башым, мурдумдун сөөктөрү кошо ооруп, сол бетимде шишик пайда болду. Канттагы врачтарга көрүнсөм, гайморит дешип, дарылашты.

Бирок 2-3 айдай дарылансам да, оорум айыкпады. Анан шекшип Бишкекке барсам, онкологияга жөнөтүштү. Ал жактан текшерип көрүшүп, залалдуу шишик экенин айтышты. 1 курс химиялык терапия алдым.

Мындан 18 жыл мурун гайморит менен ооруп, бирок толук дарыланбай калгам. Рак ошондон улам пайда болдубу же башкаданбы, билбейм. Биздин коңшу тааныш врачыбыз бар эле, ал азыркы учурда Түркияда иштейт. Ага байланышка чыгып, кеңеш сурадым. Ал бул жактагы онкологиялык врачтар менен байланышып, чогуу дарылап жатышат. Врачтардын айтымында, химиялык терапиянын арты менен рактын өлчөмүн кичирейтип туруп, анан операция жасап алып салышат экен. 

“Айыгышым керек, болбосо үй-бүлөм кимге калат?”

– Учурда баш, бет-жаактын кан тамырларын толук көрсөтө турган томографияга түшүшүм керек. Акысы 700 доллар экен. Биздеги томограф аппараты эски болгонго жакшы көрсөтпөйт, Алматыга барып түшүп келишиң керек дешти. Эми анча акчаны, операцияга кетчү каражатты кайдан табам деп кыйналып турам. Бул дарт менен ооруй элегимде курулуштарда иштеп, каражат таап, үй-бүлөмдү багып келдим. Ооруп калгандан бери иштебей калдым. Сөзсүз айыгып, үй-бүлөмдү багышым керек. Мен болбосом, алар кимге калышат? Ошого элден жардам сурайбыз.

Өзүмдүн ыр жазмай өнөрүм бар. Түрдүү тематикада жазам. Мисалы, келинчегиме “Сенин барың мага жакшы” деген ыр чыгаргам:

Сага деген дүйнөмдө жомогум бар,

Сагынычтан куралган обонум бар.

Санаа тартып күн сайын сени эңсеп,

Санайм күндү, жолуксам соболум бар.

“Тун уулумду төрөгөн соң көрбөй калгам”

Сөз арасында Таалайгүл айымды да кепке тарттык. Ал буларды айтып берди:

– Жакындарыма оорчулугум тийбесин деп колдон келишинче жумуш кылам. Азиз болуп калгыча тамак-аш жасап, тиричилик кылып бышкам. Ошого ички туюмум, кол өлчөмүм менен тамак жасай берем. Тамакка кошчу татымалдарды жыттап көрүп, кайсынысы экенин ажыратам. Үй ичин таза кармаганга аракет кылам. Балдарыбыз эмне кылып жатканын чыгарган добуштарынан, кыймыл-аракеттеринен байкап турам. Бир жакка чыкканда жолдошум мени менен чоң уулумду жетелөөгө аргасыз. Анын колун коё берди дегиче чуркап кетет. Жыгылып же унаага урунуп бир нерсе болуп калам дегенди билбейт.

Кайсы буюмду кайсы жерге койсом, кайра ошол жерден алышым керек. Кичүү уулум бардык балдардай эле үйдү чачып, шкафты аңтарганды жакшы көрөт. Андайда койгон буюмумду таппай калам. Ошого шкафтын эшигин целлофан баштык менен болсо да байлап койгонго аракет кылам. Энеге өз баласынын жүзүн көрбөө эң жаман экен. Ушул кичүү баламды төрөдүм, бирок жүзүн көрө элекмин. Уулум кандай экен деп бети-башын сыйпалап эле боолгоп билем. Анткени 1-баламды төрөгөндөн кийин 2 айдан соң 2 көзүм тең көрбөй калган. 

“Жолдошумдун ооруп калганы оор тийди”

– Менин көз оорумдун диагнозу “пигментная дистрофия” деп аталат, тубаса оору. Акырындап көрүү жоголот экен. Оорум бар экенин мен да, үйдөгүлөр да билген эмеспиз. 8-класс кезимде коңшубуз ата-энеме “бул кызыңардын көзүндө мандем бар. Ой-чуңкурларга түшүп, жыгылып басат” деп калды. Ошондо мени доктурга алып барышканда ушул диагнозду айтышкан. Ооруда көзгө керектүү заттар аз барып жүрүп, убакыттын өтүшү менен барбай калат экен да, адам сокурга айланат тура. Операция да жардам бербейт экен.

Ошого мени үйдөгүлөр ар 6 ай сайын дарылатып турушчу. Мектепти бүткөндөн кийин университетке тапшырып, 1 жыл окудум. Күндүз жакшы көрүп эле, кечинде көрбөй калчумун.

Менин азиздигим, уулумдун аутисттиги аз келгенсип, жолдошумдун жаман дартка чалдыгып калганы мага оор тийди. Эгер жолдошум экөөбүз бир нерсе болуп кетсек, балдар эмне болот дегенди ойлогондо уктабай калам. Чет өлкөлөрдө менин диагнозум менен ооругандар үчүн чыгарылуучу көз айнек бар экен. Аны менен азиздер 15 пайыздай көрө алышат дешет. Эми ага акча кана? Үзүлбөгөн үмүт деп коюшат эмеспи, кокус ошондой көз айнектүү болуп калсам, биринчи эле уулумдун жүзүн көрмөкмүн.

“Баары келип каражатка такалууда”

– Аутист баламды атайын реабилитациялык борборго алып барып, жок дегенде өзүн тейлеп калганга жетишсек дейбиз. Бирок баары келип эле каражатка такалууда. Мурун андай жактарга алып барып жүрчүбүз, акысы өтө кымбат. Кийин акча жок алып бара албай калдык. Өткөндө жолдошум дарыланып онкологияга жатып калганда кичүү уулум ангина болуп ооруп калды. Жолдошум жок аны эмканага алып бара албадым. Ошондо жолдошум жок эч жакка бара албасыбызды чындап билдим.  

Айрым эркектер бар го, бир аз кыйынчылык болсо же аялы ооруп калса таштап кеткен. Жолдошум, тескерисинче, камкор. Үй-бүлөм деп күйүп-бышып багып келе жатканына, адамгерчилигине кубанам. Эл жардам берсе, жолдошум айыкса дейбиз. Балдарды чоңойтсок, үй-жайлуу болсок деген ниеттебиз.

Жардам берүү үчүн реквизиттер:

МБанк, О! Деньги: 0704 119 705

 

Канымжан Усупбекова


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг   
Комментарийлер()
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2026 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо