Азиз Батыров, ырчы: “Мени Өзбекстан примадоннасы мактады”

№1214

Белгилүү ырчы Азиз Батыров жакында Өзбекстанда өткөн “Овоз” долбооруна катышып, дагы бир бийик тепкичти багындырып келди. Ал сахнада Барпы Алыкулов атабыздын “Ала-Тоо көрккө келбейт эл болбосо” ырын аткарып, кыргыз элинин салттуу музыкасын дагы бир жолу даңазалады десек жарашат. Ушул долбоор, жаңылыктары, пландары тууралуу айтып маек куруп берди.

 

– Саламатсызбы, Азиз мырза? Адегенде Өзбекстанда сиз катышып келген долбоор тууралуу айтып берсеңиз...

– Саламатсыздар. Өзбекстанда өткөн “Овоз” франшизасын интернет айдыңынан көрүп жүргөм. Дүйнөлүк аренадагы сынак эмеспи, Орусияда “Голос” деп бизден да көп ырчылар катышып жүрүшпөйбү. Менин максатым – кыргыз-өзбек элинин достугун дагы да чыңоо болчу. Анын үстүнө жаш өтүүдө, мен да ушул жаштыкты пайдаланып калышым керек дедим. Жаш өткөн сайын үн да табында турбайт, басаңдайт. Өнөрүм аркылуу кыргыздын салттуу музыкасын дүйнөгө жайылткым келет. Катышайын деп чечим кабыл алдым, уюштуруучуларга жаздым, кабыл алышты. Эми финалга чыгабыз, ийгилик жылмайып калса жалпы элибиздин жеңиши болот. Бир топ өлкөнүн өкүлдөрү катышууда, 600дөй катышуучудан тандалып финалга кетип баратабыз.

– Барпы атабыздын ырын мыкты аткардыңыз. Эмнеге дал ушул ырды тандадыңыз?

– Ырдын сөзү Барпы Алыкулов атабызга таандык, обону устатым Роза Аманованыкы. Бул ыр менин жолумду ачкан, ийгилик алып келген ыр. Мектеп курагымда эле сынактарга “Ала-Тоо көрккө келбейт эл болбосо” деп созуп жүргөн бала элем. Муну түркчө да которуп ырдап жүрчүмүн, анткени Кыргыз-Түрк “Манас” университетин бүтүргөм. Ректорубуз ушул ырды аябай жакшы көрүп, көп ырдатчу. Негизи бул чыгарманы көп тилге которуп ырдайын деп чечтим. Өзбек тилине которуп да ырдап жүргөнүмө көп болгон, ошондуктан ушул ыр менен баргым келди. Өзүм жогорку окуу жайда директордун милдетин аткаргандыктан барып ырдап, кайра эле учуп келип жаттым. Анткени мамлекеттик жумуш деген жумуш да. Ал эми башка катышуучулар Ташкентте жумалап жатышты.

– Бул ырды калыстар тобу да, ал жердеги көрүүчүлөр да жактырды окшойт?

– Ачыгын айтсам, залда отурган эл мени ушунча колдойт деп ойлогон эмесмин. Башка ырчыларды көптөр коштоп жүрүштү, а менин жанымда эжем менен эле чыгармачылыктан тапкан бир иним бар эле. Бирок ырдап бүткөнүмдө залдагылар кыйкырып, токтотпой кол чаап сүрөп жатышканда өзүмдү бир аз жогото түштүм. Башка элге келип мынча колдоо болот деп күткөн эмесмин. Калыстар тобу да жакшы сөздөрдү айтып колдоп берди.

– Улутуңуз башка болгону менен, кыргыз деп күйүп-бышканыңыз мактоого татыйт деп ойлойм... 

– Өзүмдү жүз пайыз кыргызмын деп эсептейм. Киндик каным ушул жерде кесилди, кыргыз салттуу музыкасын алып жүрөм, мен кыргыздан өткөн кыргызмын. Калыстар тобу да мени кыргыз катары кабыл алышты, улутумду сурашкан да жок. Мен дагы айткан жокмун, анткени өзбекмин десем көбүрөөк упай кошуп коёт бекен деген ой туулуп калбасын дедим. Куулангым келген жок. Бул эки жүздүүлүк эмес, чындап эки элдин достук жибин бекемдегим келет. Ачык айтсам, мындай болду: калыстар тобу суроо бергенде жоопторумду өзбекче даярдагам. Бирок байкасам, кыргызча эле жооп берип жатыптырмын. Анан ошол бойдон уланта бердим. Сынак бүткөндө Өзбекстандын примадоннасы Насиба Абдулаева жолугуп, мактады.

– Жеке сизге бул долбоор эмне алып келди?

– Сынак азырынча аяктай элек, азыр айтуу кыйын. Бирок дал ушул ырды ырдап берүүмдү суранып Өзбекстанга чакыруулар көбөйдү. Ал жакта тойлордо гонорар биздегиден бир нече эсе жогору, ал жактагы этникалык кыргыздар, өзбек туугандар жума сайын чакырып жатышат (күлүп).

– Салттуу музыка жанрында гана эмес, эстрадада да ырдайсызбы?

– Устатыбыз Роза Аманова бизди салттуулуктан чыкпаш керек деп катуу тарбиялаган. “Обонду бузба, салттуулуктан чыкпа” дечү. Эми чоңойдук, жеке ырчымын, өзүм устатмын, бирок дагы деле устатым угуп калса эмне дейт деп айбыгып турам. Кээде тойго ыр жаздырганда “ий, аябай жеңил болуп калды окшойт” деп уялам. Ошол чектен чыгыш дагы деле кыйын, бул устатка болгон урмат деп билем.

– Эми жеке жашооңуз тууралуу сүйлөшсөк. Буга чейин үч баланын атасымын дечүсүз, бир маегиңизде жети баланы тарбиялап жатам дедиңиз. Бул жагы кандай?

– Ал жагы мындай. Менин үч балам бар, бирок төрт баланы асырап алууга туура келди. Анткени эжем жолдошу менен ажырашып, балдарын менин багуума алыш керек болду. Ошондуктан азыр жети баланы тарбиялап келе жатам деп айткам.

– Жакшы чечим кабыл алыпсыз. Келинчегиңиз дароо эле макул болдубу? Анткени бала тарбиялоо чоң жоопкерчилик эмеспи...

– Макул болбогонго арга жок эле, балдарды таштап коё албайт элек да. Негизи бул тууралуу сүйлөшүп, макулдашканыбыз деле эсте жок. Факт – балдарды алыш керекпи, демек, алыш керек деген эле жыйынтыкка келдик. Келинчегим абдан түшүнүктүү, акылдуу жан. Балдардын бар болгону бизге да жакшы, анткени эжемдин балдары чоңураак, биздики кичине да. Аларды бакчага, мектепке ташышат. Үйүбүз балага толуп, бака-шака менен жашайбыз. Бирок бала түйшүгү жок эмес, ооруп калат, мектеби, тамагы дегендей. Мен го сыртта жүрүп, акча менен гана камсыз кылам, баарын тейлеп, тарбия берип караган жубайым. Ушуга чейин бир да маселе боло элек.

– Сизде арман, өксүк барбы?

– Кичине кезимде “атасыз өстүм” деген өксүк бар эле. Бирок апамды жоготкондон кийин чыныгы арман эмне экенин билдим. Абдан оор кабыл алдым, балдарым, өмүрлүк жарым болбосо дүйнө кезип кетип калгым келип жүрдү. Элден четтеп, эч ким менен сүйлөшкүм келбей... Үнүм да чыкпай, ырдабай калдым. Ошол убакта ректорубуз мага жаңы кызмат сунуштап калды, эне катары билди окшойт абалымды. Студенттер жана жаңы кызмат менен алаксып, жашоого экинчи демим ачылып кетти. Эжеге аябай ыраазымын. Ошентсе да азыр деле эстесем, жүрөк тилинип кетет.

– Байкашымча, салмак таштапсыз. Бул багытта атайын аракет кылып жатасызбы?

– Ооба, сахна жаштыкты, сулуулукту жакшы көрөт эмеспи. Апакай, арык болуп турганга эмне жетсин. Салмак таштоо үчүн эки жыл бою аракет кылып, натыйжада 50 килограмм таштадым. Дагы 10 килограмм таштоо керек деп турам.

– Тилегиңизге жетиңиз! Сизге ийгилик каалайбыз, финалда элди жакшы жаңылык менен сүйүнтүңүз!

 

Нуржамал Жийдебаева

 


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг   
Комментарийлер()
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2026 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо