Шаршенбек Абдыкеримов, ишкер: “Ооруганда жалгыз калдым, достор да, туугандар да, жакындарым да жок”   

№1214

Белгилүү ишкер, “Аю холдингдин” негиздөөчүсү Шаршенбек Абдыкеримов убагында УКМКнын кызматкеринен жабыр тартканын айтып чыкты. Анын соцтармактагы баракчасына жазган посту талкуу жаратты.  

Абдыкеримов УКМКнын төрагасынын мурдагы орун басары, жакында камакка алынган Элдар Жакыпбеков анын бизнесине, өзүнө каршы иштерди жасаганын баяндаган. Ал беш жолу операция болгонун кошумчалаган.

– Өмүр менен өлүмдүн ортосунда жатканда баарын башкача көрө баштайт экенсиң. Мен көп учурда өзүмө ушул суроолорду бере берем: Булар кандай, кантип болду? Отуз жыл бою чоң бизнес куруу. Миңдеген адамдарды жумуш менен камсыз кылган бизнеске өтүү. Анан үч эле жылдын ичинде бүт баарын жоготуп, жалгыз калуу. Бизнесиңди, ден соолугуңду, үй-бүлөңдү жоготуу жана Лондондо жалгыз калуу...- деп жазат Абдыкеримов.

Ишкер оор учурда жанында эч ким жок өзү жалгыз калганын жазды.

– Досторуң жок, аялың жок, туугандарың жок, балдарың жок, жалгызсың! Бул 3 жыл мага адамдардын чыныгы жүзүн көрсөттү. Көп жылдар бою жанымда жүргөн адамдар дароо менин оорумдан пайдаланышты. Өлүм менен өмүрдүн ортосунда жатканымда алар мен ондогон жылдар бою курган оокат-баалуулуктарымды талап-тоной башташты. Алар мени “аман калбайт” деп ойлошту.  Досторум, туугандарым, ишенген адамдарым,- дейт Абдыкеримов.  

Айта кетсек, Шаршенбек Абдыкеримов 2023-жылы 8-сентябрда сыртынан камакка алынган. УКМК Абдыкеримовго таандык бир катар ири объекттер мамлекетке кайтарылганын маалымдаган.


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг   

Талкуу жабык.

К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2026 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо