№1214
Илимде “психосоматика” деген түшүнүк бар. Бул байыркы гректердин 2 сөзүнөн турат, бизче “жан дүйнө” жана “дене” дегенди билдирет. Психосоматика бул – медицина менен психологиянын тармагы. Психологиялык факторлор, мисалы, стресс, эмоцияларды сыртка чыгарбай ичке жутуу, жек көрүү, кек сактоо жана башкалар оорулардын жаралуусуна кандай таасир этерин изилдейт.
Чыгыш медицинасында оору эмоция, акыл-эс, дененин тең салмагынын бузулушунан келип чыгат деп айтылат. Тең салмак бузулганда күчтүү сезимдер, мисалы, ачуунун келиши, коркуу ички органдарга зыян келтирип, энергиянын айланышын бузат. Медицина оорунун белгилерин кетирет, бирок оорунун жаралуу себептери аныкталбай кала берет да, оору кайра кайталана берет деп маалымдалат.
Психосоматикада дарылоо комплекстүү жүргүзүлүшү керектиги айтылат. Денедеги оорунун белгилери боюнча врачтар, ооруга жеткирген себептерди таап, четтетүү жаатында психологдор иштеши керек. Ошондо оору түп тамырынан жоголот. Азыркы тапта көп кездешкен оорулар жана алардын жаралышына жеткирүүчү факторлор боюнча сөз кылабыз.
Гипертония (кан басым оорусу) жана баш оору
Себепкерлери – таарынчаактык, курулай шектенүүчүлүк, стресстерге көп чалдыгуу, ачууга мууна берүү, коркуу, чочулоо. Абалды жана жакындарын дамамат көзөмөлдөөгө алууга тырышуу, өзүн күнөөлүү сезүү.
Оорулардын келип чыгышы. Психикалык чыңалууда бөйрөк үстүндөгү бездер стресс гормондорун (кортизол, адреналин) көп бөлүп чыгарат. Кортизол менен адреналин кан тамырларды жыйрылтып, жүрөктү бат-бат соктуруп, кан басымды көтөрөт. Адам коркуп, стрессте жүргөн сайын бөйрөгүнүн иштеши бузула баштайт да, ооруйт. Күйөөсү алкоголдук ичимдиктерге жакын болуп, аялын көп сабаса, аялы коркунучта жашап жүрүп бөйрөк оору табат.
Өзүнө кантип жардам берүүсү керек?
Айтылган себептерди калтырууга аракет кылуу кажет. Мисалы, коркууну, чочулоону басуу эмес, аны чыгарууну үйрөнүү кажет. Мисалы, спорт менен алектенип, күндөлүк жазып же сүрөт тартып. Балким, кыйкырып же ыйлап. Өзүн кечирип, өзүн сүйүп, жакшы жашоого умтулуу зарыл. Абалды, жакындарды дайым көзөмөлдөө мүмкүн эмес экенин моюнга алуу жана аны таштоо.
Бронхит, пневмония, астма, кургак учук
Себепкерлери – үйдөгү чыр-чатактын көптүгү, ичтеги ойду, каалоону айта албоо, букту чыгарбай, ачууну жута берүү, үмүттүн үзүлгөндүгү, өзүн коопсуз сезбөө.
Оорулардын келип чыгышы. Өпкө, кекиртек менен дем алабыз. Жогорудагы себептер аталган органдардын ооруларына жеткирет. Мисалы, кичине балдар ата-энесинин көп урушун же ажырашып кетүүсүн оор кабыл алат. Алар ата-энесине нааразычылыгын, ичтеги оюн айта алышпайт. Эмоциялары кекиртегине чейин келет да, ары чыкпайт. Андай терс эмоциялар кекиртек, өпкөнүн булчуңдарын, кан тамырларын чыңалтып, иштешин бузуп, ооруну жаратат. Чоңдордо деле ушундай.
Кургак учук илдети көбүнчө өзүн керексиз сезген, жашоонун маңызын жоготкондордо кездешет. Мисалы, түрмөдөгүлөрдө.
Жөтөл – сиздеги нааразычылыктардын жөтөлгө айланып чыгуусу. Өзүн катуу сындагандар, өзүнө ишенбегендер пневмонияга көп чалдыгышат. Эгер балада дайыма жөтөл, ангина же астма болсо, анда себебин ата-энеси менен болгон байланышынын үзүлүшү, ата-эненин сүйүүсүнүн жетишсиздиги деп саноо керек.
Өзүнө кантип жардам берүүсү керек?
Эмоциялардын үстүндө иштөө кажет. Бул жаатта психолог жардам берет. Коркууну жараткан ойлорду жазып, алардын себеби эмнеден болуп жатканын анализдөө. Туура ойлонууга өтүү. Балдардын дайыма оюн угуп, кызыкчылыктарына көңүл буруп, каалаган, керектүү буюмун алып берип, мээрим төгүү зарыл. Үйдө уруш-талашты токтотуу керек жана башка. Туура дем алууну үйрөнүү кажет. Мындан өпкөда аба алмашуу жакшырат, нерв системи тынчтанат.
Ашказан жана ичеги оорулары
Себепкерлери – өзгөрүлүүдөн коркуу, көрө албастык, урушчаактык, стресс, өзүн, жаңы адамды же жашоодогу жаңы абалды кабыл албоо.
Оорулардын келип чыгышы. Ашказан, ичегилер – тамакты аш кылуучу органдар. Демек, алардын ооруларынын жаралуу себеби – жашоодогу түркүн жагдайларды “аш кыла” албоо. Ашказан эмоцияларда, өзгөчө стрессте жыйрылып, күчтөнүп иштейт, ашказан кычкылын көп бөлүп чыгарат. Адам абалды же бир адамды кабыл ала албаганда, көрө албастык кылганда ошентип адам өз ичинен жанчылып, оорулар жаралат.
Өзүнө кантип жардам берүүсү керек? Ошол абалды, адамды, өзүн кабыл алуу менен маселени чечсе болот. Адам стресстерден качып, өзүн оң жакка өзгөртүүсү керек жана башка.
Омуртка оорулары
Себепкерлери – таянган адамым жок деп келечек жана акча үчүн дайыма тынчcыздануу, өзүнө ишенбөө, моюнга милдет, жүктү көп илип алуу, кежирлик.
Оорулардын келип чыгышы. Омуртка – адамдын сөөк түркүгү, жашоонун туруктуулугунун символу. Адамда жогорудагы себептер болгондо омуртка булчуңдарында өнөкөт спазм жаралып, нервдер, кан тамырлар кысылат. Омурткаларга азык-заттар жетпей, оор жумуштардан да түзүлүшү өзгөрө баштайт. Дисктер сезгенет.
Моюн – кырдаалды түркүн жагынан байкап, туура ойлоно албоонун жоктугунан, кежирликтен ооруйт. Эмоционалдык колдоонун жоктугунан, өткөн бир иштерге өзүн күнөөлүү сезүүдөн, жакшы кырдаалдарды колдонуп калбаган өкүнүүлөрдөн көкүрөк омурткалар жабыркайт. Бел оорулары материалдык туруктуулук, эртеңки күнгө ишенимдин, тирөөч болчу адамдын жоктугунан, моюнга милдет, жүктү көп илип алуудан жаралат.
Өзүнө кантип жардам берүүсү керек? Адам өзүнө болгон ишеничти күчөтүп, өзүнө таянып жашоого, кежирлик кылбай жакшы адамдардын колдоосун колдоно билүүгө үйрөнүүсү кажет. Бир туугандардын, жакындардын көп милдетин илип албай, өз маселелерин өздөрүнө жүктөй билүү кажет жана башка.
Гинекологиялык оорулар
Себепкерлери – жубайын жактырбоо жана андан коркуу, эркектин кордугу, аялдык касиеттин кемип, назиктиктин азайышы, атага, эркек бир тууганга таарынуу.
Оорулардын келип чыгышы. Этек кирдин келишинин бузулушу, миома, киста, цистит... Дайыма нервдик чыңалууда жүрүү, өзүн аябай иштөө, өзүн коопсуз сезбөө аялда гормондордун тең салмагынын бузулушуна жеткирет. Анан оорулар жаралат.
Өзүнө кантип жардам берүүсү керек? Өзүн жана денесин сүйүү, баалоо, эркекке болгон таарынычын коё берүү. Жолдошу менен жашагысы келбесе, өзүн кыйнап жүрө бербей ажырашуу, ички оюн эркекке айтууга жетишүү жана башка.
Боор оорулары
Себепкерлери – өзгөрүүлөргө ыңгайлаша албоо, стресс, коркуу, жек көрүү, кек, жашоого ыраазы болбоо, тынчсыздануу.
Оорулардын келип чыгышы. Боор – организмдин башкы чыпкасы. Боор оорулары, демек, жашоону “чыпкалай” албоо. Башкача айтканда, стресс, дайыма тынчсыздануу ашыкча тамактанууга, ичкилик ичүүгө жеткирип, гепатозду, циррозду жаратат. Мындан тышкары боордо оору болсо, анын күчөтөт.
Негизи негативдүү эмоцияларда боордун өт суюктугун, кан менен келген ууларды бөлүп чыгаруусу, майларды эритүүсү бузулат. Жыйынтык – боор оорулары.
Өзүнө кантип жардам берүүсү керек?
Туура тамактануу, стресстен чыга билүүнү үйрөнүү, кекти коё берүү, тынчсыздана бербөө үчүн адам өзүнө ишенип, жашоону сүйүп жашашы керек.
Канымжан Усупбекова
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
| Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2026 © SUPER.KG |