Жолдошу Мирлан менен дуэт ырдоодон тышкары “Арман эй”, “Сагынам”, “Кумарым” жана башка түркчө, англисче ырлары менен эл оозуна алынган Асел Кыдыкова эки жылдан бери сахнадан көрүнбөй келет. Буга анын сахнаны таштап, Кудай жолуна түшүп, беш маал намаз окуп кеткени себеп болгонун көпчүлүк билсе керек. Биз билген ырчы кыз азыркы убакта эмне менен алектенип жүргөнү тууралуу Аселдин өзү менен маек курган элек. Кызыгы, Асел атайын гезитке сүрөткө түшүп берүүдөн баш тартты...
Жакындан бери «Махабат арманы», «Гүл бактамын», «Кыял мырзасы» аттуу ырлары, татына жүзү менен көпчүлүктүн, анын ичинде жигиттердин көңүлүн бурдуруп келе жаткан
Бактыгүл Бадыева менен тааныштырабыз.
Бактыгүл 1985-жылы 29-майда Ошто төрөлүп, Токмокто өскөн. Музыкадан тышкары сууда сүзүүнү, түрдүү тамак-аштарды даярдаганды жакшы көрөт. “Жашоо керемет жана таңкалаарлык” деген девизди туу тутуп...
Башына чыгыш жоолугун салынып, чөл кезип, дербиштин кейпин кийип ырдаган Мистер Кредо чындыгында эле табышмактуу адам. Анын табышмактуулугу ырларында, өзүнүн эч кимге окшобогон имиджинде жана сырга бекем мүнөзүндө. Ушундан улам Мистер Кредонун көзүнүн өңүн, улутун билбей келгендер бар. Анын “Мама Азия”, “Медляк”, “Чудная долина”, “Я улетаю” деген ырлары миңдеген мызыка күйөрмандарынын жүрөгүнөн орун алып келет.
Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |