“ДОРДОЙ-ДИНАМОНУ” КИМ ТОКТОТОТ?
26-октябрда “Алтын беттеш” оюну менен өлкөбүздүн футбол боюнча XVII улуттук чемпионаты жыйынтыкталды. Жаңы чемпион соңку мүнөттөрдө гана белгилүү болгону болбосо, жалпысынан, натыйжалар боюнча быйылкы мелдеш өткөн жылкыдан айырмаланган жок.