«Сындырбачы назарымды, сылатып кой жамалыңды. Өмүр бою тарткым келет, жыргалыңды, азабыңды...» деп ырдаган Гүлнара Калдарова турмуш куруп, сүйүктүүсүнүн жыргалын да, азабын тартып жатканына беш жыл болду. Эки жарым, бир бүтүнгө айланган Гүлнара менен Мырзабек бизде конокто.