Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384
Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387
Бир бүркүм... ӨКМӨТ ФЕВРАЛДАН ТАРТА НАСЫЯ БЕРЕТ...
№430 28-январь - 3-февраль, 2011-жыл
- “Ата Мекен” фракциясы Орусиянын өкмөт башчысы Владимир Путиндин ысымын Кыргызстандагы чокуга ыйгарууга каршы чыкты.
- Реформадан кийин стажы жок мугалимдер 7800 сом айлык аларын өкмөт башчы Алмазбек Атамбаев айтты.
- Айыл чарба министри Төрөгул Беков Кытай өкмөтү Кыргызстандын 260ка жакын трактор сатып алуусуна кайтарымсыз 5 миллион доллар грант бөлөрүн билдирди.
- “2011-жылдын республикалык бюджети жөнүндө” мыйзам долбооруна ылайык, быйылкы жылдын казынасынын таңсыктыгы
21 миллиарддан ашуун сомду түздү.
- Ушул эле мыйзам долбоордогу маалымат боюнча, бюджеттин кирешеси 67 миллиард сомдон туруп, ал былтыркы жылга салыштырмалуу 16 миллиард сомго чейин көбөйөт.
- Улутташтырылган 47 объектинин ичинен 38и майдын аягында аукциондо сатыкка коюларын Мамлекеттик менчик министрлигинин өкүлү Даир Кенекеев айтты.
- Эмгек министри Алмасбек Абытовдун айтымында, 1-февралдан тарта өкмөт 10 пайыздык кредит алуучуларга насыя бере баштайт.
- Эл аралык “International Living” журналы жашоонун сапаты боюнча Борбор Азиянын ичинен биринчиликти Кыргызстан илип кеткенин жарыялады. Андан сырткары биздин өлкө экологиясы таза жана Борбор Азиянын мамлекеттеринин арасында эң эркин деп аталды.
- “Фермерлерге жеңил кредит” долбоору боюнча 9 пайыздык чекти 7 пайызга түшүрүү депутаттар тарабынан каралды. “Айыл Банк” ААКсы өкмөттүн чечимине ылайык, 1 миллиард сом көлөмүндөгү каражатты фермерлерге 9 пайыздан насыя катары берип келет.
- ЖКнын «ата журтчу» депутаты Нурзат Осмонова мандатын өз ыктыяры менен тапшырды.
- Президент Роза Отунбаева 30-январда Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаевге жолугуу үчүн Астана шаарына иш сапары менен барат.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
Рейтинг:
0