Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384
Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387
Бир бүркүм... 4-ФЕВРАЛДА БИШКЕК ШААР БАШЧЫСЫ ШАЙЛАНАТ...
№431 4-10-февраль, 2011-жыл
- ЖКнын депутаты Акылбек Жапаров мамлекеттик структуралардагы 1,5 миңдей жеңил машинаны аукциондон сатууну сунуштады. Анын демилгеси боюнча, кызматтык унаалар министрлерге гана калтырылышы керек.
- “ИИМдин кызматкерлеринен тартылып алынган 1400 курал-жарактан 200ү гана кайтарылды”,- деди Ички иштер министринин орун басары Жеңиш Жакыпов.
- Мурдагы вице-премьер Азимбек Бекназаров чоң партия түзүп, анын атынан президенттик шайлоого бир талапкер чыга турганын айтты.
- Москва шаарынын “Домодедово” аэропортундагы жардыруудан кийин көп кыргызстандыктар кармалышканын ЖКнын депутаты Жоомарт Сапарбаев айтууда.
- Чет өлкөлүктөр тарабынан кыргызстандык балдарды багып алуу шарттары оордотулат. Эскерте кетсек, бул тармакта мыйзам бузуулар катталган соң асырап алуу процесси убактылуу токтотулган.
- Испаниянын падышасы Хуан Карлос I тарабынан коомдук ишмер Таалайбек Бапанов Крест офицер ордени менен сыйланат.
- Президент Роза Отунбаева Казакстанга барган сапарында мамлекет башчы Нурсултан Назарбаев менен нефть жана сүт азыктарын ташуу үчүн киргизилген тыюуну жокко чыгарууну макулдашышты.
- 4-февралда Бишкек шаар башчысы шайланат.
- Акмат Бакиевдин иши боюнча сот 17-февралга жылдырылды.
- 5 жылдан бери жетим жана майып балдар, ошондой жардамга муктаж үй-бүлөлөр менен иштеп келе жаткан “Сурия” кайрымдуулук фонду таланттуу эгиздер үчүн сынак жарыялайт. Сынак музыка жана кол өнөрчүлүк багыттары боюнча өтүп, ага 5 жаштан 100 жашка чейинки каалоочулар катыша алышат.
Сурап-билүү телефондору: (0312) 93-25-50, (0778) 55-56-65
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
Рейтинг:
0