№433 18-24-февраль, 2011-жыл.
Актриса Милла Йовович 14-Февраль – Сүйүшкөндөр күнүндө Москва шаарында болду. Милла Тимур Бекмамбетов тарткан “Ойнооктор” тасмасынын бет ачарына келген. Тасмага Бекмамбетовдун дайымкы каармандары Иван Ургант, Константин Хабенский, Владимир Меньшов, Сергей Гармаш тартылышкан. Романтикалык комедияда Милла колуктунун ролун аткарган. Ошондуктан ак көйнөк кийип, колуктунун гүлүн көтөрүп келген актриса сахнага чыгып гүлдестесин ыргытты. Гүлдестени тосуп алган Ксения Собчакты Иван Ургант “бул сенин акыркы мүмкүнчүлүгүң” деп тамашага салды. Тасма жакында чоң экранга чыгат.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |