Бир бүркүм... ЧОКМОРОВГО ЭСТЕЛИК...

№433 18-24-февраль, 2011-жыл.

  • Кыргызстандагы чиновниктердин 20 пайызы гана киреше декларациясын тапшырган. Башкача айтканда, 266 чиновник гана өз байлыгын ачыкка чыгарды. Декларация тапшыруунун мөөнөтү 2011-жылдын 1-мартында аяктайт.
  • Ош облусунда үй куруу үчүн жер тилкесин алууга 65 миң адам арыз берген. Текшерүү учурунда алардын 20 миңи гана жер тилкесине муктаж экендиги аныкталган. 
  • 17-февраль күнү Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары болуп Октябрь Абдыкаимов дайындалды.
  • “Ата Журт” фракциясынын лидери Камчыбек Ташиев СССРдин Эл артисти Сүймөнкул Чокморовго эстелик тургузуу маселесин көтөрүп чыкты.
  • Жазгы талаа иштерине мамлекеттик резервден дыйкандарга 5 миң тоннадан 10 миң тоннага чейин буудай берилмей болду.
  • Орусиянын Алтай Республикасынын Тоолуу Алтай Мамлекеттик университетинде кыргыз тилинин факультети ачылат. 
  • ЖКнын депутаттык комиссиясы “Альфа Телеком” ЖАКынын 100 пайыз акциясын мамлекетке караштуу жаңы түзүлө турган ишканага өткөрүп берүүнү өкмөткө тапшырды.
  • Нарын облусунун жаңы губернатору Канатбек Муратбеков болду.
  • Экс-министр Рыскелди Момбеков Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы болуп дайындалды.
  • Сокулук РИИБинин кызматкерлери 14-февраль күнү жол тосушуп, иштен алынган жетекчиси Рыскул Жапаркуловду ордуна коюуну талап кылышты. 
  • Ормон Шаршенов Мамлекеттик дин иштери боюнча комиссиянын башчысы болуп дайындалды.
  • “Ак жолдун” экс-депутаты Ажибай Калмаматов Кыргызпатент мамлекеттик кызматынын башчысы болуп дайындалды.
  • Апрель айынын башында Кытайдан 250 жаңы трактор келип түшөт. Бул тууралуу Айыл чарба министри Төрөгул Беков билдирди.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо