№435 4-10-март, 2011-жыл
Өзгөчө кырдаалдар министрлигине Орусиядан наркы 3 миллион долларды түзгөн гуманитардык жардам келди. Жардамды салтанаттуу тапшыруу 3-март күнү эски аянтта болуп өттү. Ага өлкөнүн премьер-министри Алмазбек Атамбаев, ӨК министри Болотбек Борбиев жана Орусия ӨКМсынын статс-катчысы Владимир Пучков катышты. Гумжардамдын курамында 23 Нива унаасы, атайын техникалык жабдуулары менен 3 КамАЗ, кырсыктарда куткаруучу 4 ГАЗ-27057 жана 1 өрт өчүрүүчү машина бар. Андан сырткары көптөгөн жабдуулар да кошо келди.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
2
1 |
| Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2026 © SUPER.KG |