Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384
Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387
Бир бүркүм... ӨЛКӨДӨ 30дай КЫЛМЫШТУУ ТОП БАР...
№438 25-31-март, 2011-жыл
- Казакстан менен Кыргызстандын чек арасында 24-мартта 4 баллга жеткен жер титирөө болуп өттү.
- ЖКда парламенттик көпчүлүккө кирген 3 фракциядан Коалиция кеңеши түзүлдү. Ага фракциянын лидерлери жана ага кирген партиялардан 3 депутат кирет.
- Былтыркы жылы республикабызда 245 миң жеке ишкер бар экени катталган.
- Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында күйүүчү майдын жетишсиздигинен АЗСтер убактылуу жабылууда.
- Пакистан менен Кыргызстандын ортосундагы соода жүгүртүү былтыркы жылы 4 миллионго чукул долларды түзгөн.

- Европа союзу Кыргызстанга экономикалык колдоо көрсөтүү үчүн 35 миллион евро бөлөт.
- Вице-премьер Шамиль Атахановдун айтымында, өлкөдө 30га жакын туруктуу кылмыштуу топ бар, алар баңги-заттарын мыйзамсыз жүгүртүү менен алектенишет.
- Японияга гуманитардык жардам иретинде Кыргызстан 2 миң 557 литр таза суу жөнөттү.
- Индияда 25-26-мартта эл аралык жогорку технологиялардын “IndiaSoft-2011” көргөзмөсү өтөт. Ага мекенибизден бул тармактагы адистер жана ишкерлер катышат.
- Орусиялык серепчилердин баасы боюнча, Камбар-Ата-1 ГЭСинин курулушуна 3-4 миллиард доллар керек.
- Казакстандын Экономикалык өнүгүү жана соода министри Жанар Айтжанов Кыргызстандын Бажы союзуна кошулушу оор процесс экенин айтты.
- Жыл сайын 18 миң мекендешибиз жүрөк-кан тамыр ооруларынан улам көз жумат.
- Жалал-Абад облусуна караштуу Майлуу-Суу шаардык кеңешинин депутаттары мэрдин милдетин аткаруучу Тургуналы Ариповдун кызматтан кетүүсүн талап
кылышты.
- Вице-премьер Өмүрбек Бабанов жеке маселелери боюнча кайрылган жарандар менен жолугушуу өткөрдү.
- Быйылкы жылдын башынан бери өлкөдө жаш балдар катышкан 116 жол кырсыгы болуп өтүп, анын натыйжасында 9 бала көз жумган. Андыктан Жол кыймылынын коопсуздугу боюнча башкармалык учурда жаш балдар эс алууда болгон үчүн алардын ата-энелерине сак болууну эскертет.
- Бул аптада Википедия жумалыгы өтүп жатат. Бул демилгенин максаты Кыргызстанда виртуалдуу Википедия энциялопедиясын жайылтуу болуп саналат.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
Рейтинг:
0