Бир бүркүм... КУМАР АСАНОВГО КИМ ЖОЛДОМО БЕЛЕК КЫЛДЫ?

№441 15-21-апрель, 2011-жыл

  • КРнын Эмгек сиңирген артисти Бермет Байкелова быйыл 50 жашта. Буга удаа эле чыгармачылыгынын 25 жылдыгына арнап 21-апрелде филармонияда концерт берем деп жүргөн кези.
  • Телеалпаруучу Роза Ибраимова Коомдук биринчи каналда жаңы ачылып жаткан “Келечек” балдар студиясына журналист жана алпаруучу болуп орношту.
  • Ырчы Айжамал Кабылова Орусиядан жай мезгилинде Кыргызстанга келерин кабарлады.
  • Айнура Салахидинова Ош шаарында “Мен сени сүйөм” деген аталышта концерт берип жүрөт. Концерттин алпаруучусу – Санжар Бердибеков.
  • Түштүктү түрө кыдырып концерт коюп келген Кумар Асанов капчыгын жакшы эле кампайткан окшойт. Анткени продюсери Ислам Сатаров Анталияга 10 күндүк эс алууга жолдомо белек кылды.
  • Мирбек Иманбеков менен Акбар Сүйүнбаев түштүк жергесинде гастролдоп жүрүшөт. Ошондой эле Мирбек “Сүйүктүүм” деген жаңы ырына клип тарттырууда.
  • Ырчы Эрлан Андашев учурда “Жалгыздык” деген аталышта ыр жаздырып жатат. Ал эми “Сагындырба” аттуу ырына клип тарттырып бүттү.
  • Ырчы Юлия Руцкаянын ырлары эми испан композитору Гильермо Альбелонун альбомунан орун алат.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2026 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо