№303 22-28-август, 2008
“Ар кимде бар ар кыял, ал кыялды ким тыяр” демекчи, ар бир адамдын эч кимге окшобогон кыял-жоругу бар. Бирок, ар бирибиз эле өзүбүзгө сырттан карап баа берип, оң-терс жактарыбызды көрө албайбыз. Биз бүгүн жогоруда айтылган сөзгө таянып куудул катары элге таанылып калган айымдар менен мырзаларга байланышка чыгып, азил-чыны аралаш бири-бирине достук сын айттырдык. Балким, бир куудул өзүнүн жаман адаты бар экенин байкабай жүргөндүр. Досунун көзгө сайып көрсөткөн тамаша-чыны аралаш сынынан улам терс адатын ооздуктап алаар.
Элүүгө келген Күмөндөр,
Эсепсиз сага күлгөндөр.
Эми келди кезегиң,
Эртеден кечке күүлөнөөр.
Куттуктайбыз 50жашың, Күмөндөр,
“Куудулмун” деп жүргөндөр.
Кубанышат сени менен,
Кошулуп кулак түргөндөр.
Күмөндөр Абылов:
– Жаныбекти кыргыздын чыныгы жигиттеринин бири деп билем. Ал айткан сөзүнө турган, адамгерчиликтүү, ак көңүл, ичинде кири жок таза адам. Токтогул жергесинен Бекназар деген куудул-пародист чыккан. Бекназар жан-жаныбардын үнүн келиштире туураган адам болгон экен. Ошол инсандын жолун жолдоочулардын атаманы – Жаныбек Алыкулов. Бир гана кемчилиги, анын арактан сеп этип койгону, бирок, андай жорук менде да бар. Бул Жаке экөөбүздүн күнөөбүз эмес, бизди шыкаган элдин күнөөсү да. Жаныбектин бир жакшы жагын, анан жаман жагын айта кетейин. Жакшы жагы, башка куудулдардан айырмаланып, орус тилин грам-мотно сүйлөйт. Кесиби боюнча орус тил мугалими да. Жаман жагы, ушул жетишкендигин пайдаланбай, жалкоолук кылат. Чынында, Жаныбек – орусча пародия жазып алып, Орусияны багынта турган эле талант.Куудулдар Рахман Разыков менен Борончу Кудайбергенов бири-бирине кандай достук сын айтышкандарына өзүңүздөр күбө болуңуздар.
Рахман Разыков:
– Кичинекей кишилердин саясатка аралашканы эң эле туура эмес. Гитлер саясатка аралашып эмне жакшылык алып келди?.. Борончу өзүнүн кичинекейлигин билип туруп эле саясатка аралаша берет десең. Кичинекей адамдар өтө жеңил болушуп, олуттуу маселе жаралса эле тополоң кылып жиберишет. Негизи, кенедей немелерди аскерге жакын жолотпош керек. Моджахеддер Бокедей аскерлерди сүрөттөн көрүшсө, “кенедей немелер турбайбы” деп келе беришет. Борончунун мага мүнөзү “вообще” жакпайт. “Арак ичели же сейилдеп келели” десең, дайыма “намаз окуп алайын” деп маанайыңды бузат. Анан кайда жүрбөсүн “кычырап таптаза” жүргөнү жакпайт. Бир сыйра кийимин кырларын келиштирип үтүктөп кийип жүрсө, экинчисин дал ошондой үтүктөп, машинасына илип алат экен. Эркек болгондон кийин кичине балтаң-шалтаң болуш керек да, ботом! Баса, Борончунун “Айыл өкмөтү” киносунда уктап жатканын көргөзөт го, такыр жакпайт да. Ооруп жаткан крокодилдей эле уктайт. Ошентип киши кантип уктасын?!
Борончу Кудайбергенов:
– Рахман байке менен көп жылдардан бери жакшы таанышмын. Анын пейили көлөмүнө жараша кенен. Талант жагынан күчтүү сатирик деп билем. Жардам сурагандардын баарына жардам берет, колу ачык. Кимге болбосун сатира жазып берүүдөн тажабайт. Айрымдар “өзүм эле ойноюн” деп сатирасын кызганат эмеспи. Бул кишиде андай сапат такыр жок. Менин оюмча, Рахман байкенин чоңдугу өзүнө жакпаса керек. Анткени, анын “диетадамын” деген сөзүн көп угам. “Диетадамын” дегенде эле бир чара салат жейт, эмне болгон диета экенин түшүнбөй койдум. “Диета кармабаганда канча чара жейт болду экен?” деп ойлоно берем. Кафе, ресторанда отурганда колу жеткен жердин баарын тазалайт, колу жетпей калып эле отуруп калбаса. Мас болгондогусун айтайынчы, колуңду бир кармаса, соолукканча коё бербейт. Бошоноюн десең, ого бетер карышып кармап алат дейсиң. Бул кылыгын билип калгам да, ошондуктан, азыр мас болуп калганда үстөлдүн бурчун же бак карматып коюп качып кетем.“Орок-Балка” тобунун куудулу Айылчы Орозалиев менен да баарлаштык. Бул жигит: “Куудул, ырчы Санжардын жүрүм-турумун айтам, мен аны жакындан тааныйм”,- деп калды.
Айылчы Орозалиев:
– Санчону жакындан тааныбаган адам сыртынан көргөндө «абдан кыйынсынган бала» деп ойлойт. Чынында, ошондой жагы бар. Эгер чөнтөгүндө акчасы бар болсо, тилин тапкан кишисинен эч аябайт. Жаман көргөн адамына калпты өкүртө айтат. Тамакты ушундай бир табит менен жейт десеңиз. Тамак жегиси келбей турган адам анын тамак ичип атканын көргөндө дароо эки порция жебесе, мага келиңиз. Азыр Санжар намаз окуп жатат, бирок, беш жыл окумайын ишенбейм. Санчонун баарынан жаман жери – мас болуп калганда көңүлүнө туура келбеген сөз айткан адам менен мушташканы. Ал баарынан “куудулсуң го, бир күлдүрүп койбойсуңбу” деген сөздү жаман көрөт. Мас кезинде ушул сөздү укса, дароо айткан киши менен мушташып кетет. Ал эми ушул эле сөздү соо кезинде укса, өллө күлүп туруп, “мен анча деле куудул эмесмин” деп кутулуп кетмей жагы бар.
Санжар Бердибеков менен байланышканыбызда ал да Айылчы тууралуу бир топ сөз айтты.
Санжар Бердибеков:
– Айылчы – менин эң жакын досторумдун бири. Ал экөөбүздүн үйбүлөлөрүбүз да барып-келип катташып турушат. Көп күн көрүшпөй кетсек, мен аны эстей электе эле атамдай болуп томпоюп “эмне көрүнбөй кеттиң, аман-эсенсиңби?” деп келип калат. Негизи, бул жигит токтоо, ак көңүл, жылдыздуу, өң-келбеттүү, анан аял жандуу бала. Эртең мененкиби, түшкүбү, айтор, тамакты ой-да жейт. Эртең мененки тамакты жеп атып аялынан “түшкүгө эмне тамак жасайсың?” деп жанталашып сураганда күйөсүң да. Унута электе айтып калайынчы, ал өзү билимдүү, институтту бүткөн бала. Анан өзүнүн азан чакырган Тажыбай аты эмне болуп Айылчы болуп калды, түшүнбөй калдым.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
1 |
Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |