№443 29-апрель - 5-май, 2011-жыл
Орусияда Ая деген ысым менен таанылган “Город 312” тобунун ырчысы Светлана Назаренко кыска эмгек өргүү алып Бишкекке келип, апасынын мээримине бөлөнүп, Кыргызстандын абасынан кере-кере дем алып кеткенин ырчынын кесиптеши, ырчы, аранжировкачы Эркин Мукашов маалымдады. Ал “Бишкектин дүкөндөрүн, базарларын аралап, сейил бакка барганыбызда да аны бирөө-жарым таанып тынчын алган жок” деп жылмайды. Кыргызстандын атын чыгарып жүргөн ырчыны тааныбаганыбыз өкүнөрлүк. Бирок бишкектиктер аны мекенибизге көп келбегендиктен, тааныбай калышса керек деп жоромолдодук.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
2
| Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2026 © SUPER.KG |