Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

АПТА ХРОНИКАСЫ

№445 13-19-май, 2011-жыл

102 билдирет

БАЛТАЛАП САЛГАН
6-майда болжол менен саат алтыларда Манас районунун Талас айылында башына алган көптөгөн жарааттарынан улам каза болгон ушул эле айылдын 26 жаштагы Ш.В. аттуу тургунунун сөөгү табылган.
Соттук-медициналык экспертизадан маркумдун баш сөөгү талкалангандыгы аныкталды. Манас районунун милиция кызматкерлери бул кылмышка шектүү деп мурда соттолгон 48 жаштагы Т.Д. аттуу селсаякты изи сууй электе кармашкан. Окуя болгон жерден кан болгон балта табылган. Маалыматтарга караганда, кылмыш урушуудан келип чыккан. Бул оор кылмыш боюнча иш козголуп, иликтөө иштери жүрүп жатат.

БАҢГИЗАТЫ ҮЧҮН ЭНЕ МЕНЕН НЕБЕРЕСИН БЫЧАКТАП...
Сокулук районунун Сокулук айылынын тургундары 73 жаштагы Юлия Львованын жана анын 11 жаштагы небереси Татьянанын бычакталган денелери табылган. Милиция кызматкерлери бул кылмышка шектүү деп Сокулук районунун мурун бир нече жолу соттолгон 35 жаштагы тургуну Сергей Абраменкону кармашкан.
Ал баңгизатын чегип алып, дозага дагы акча табуу үчүн 26-апрелде кечки саат ондордо Львованын үйүнө барган. Үйдүн ээси аны менен тааныш болгондуктан, дароо эле үйгө киргизген. Сергей үйгө кирери менен үй ээсин бычактай баштаган. Ызы-чуудан улам чыга калып, кайра качып жөнөгөн небересин да кууп жетип, бычактап өлтүргөн. 2 адамды бычактаган баңги уюлдук телефон жана 3800 сом акчаны олжолоп жолго түшкөн.
Шектүү деп кармалган адам убактылуу кармоочу жайга киргизилип, иликтөө иштери жүргүзүлүүдө.

БОЕВИКТЕРДИ КӨП КӨРҮШКӨН ОКШОЙТ
1-май күнү Бишкек-Ош унаа жолунун 84-чакырымында оюнчук жана зажигалка тапанча менен куралданган 4 жигит Сузак районунун тургунун тоноого аракет кылышкан. Бул боюнча Жайыл РИИБине маалымат түшүп, өткөрүлгөн иш-чаранын натыйжасында милиция кызматкерлери аларды колго түшүргөн.
23-26 жаштардагы мырзалардын үчөө Бишкек шаарынын, бири ГЭС-2 айылынын тургуну болуп чыккан. Кармалгандардын жанынан далил болгон оюнчук жана зажигалка тапанча табылып, тартылып алынды. Мындан сырткары алардын бири минип жүргөн Субару-Форестер автоунаасынын ичинен марихуана табылган. Азыркы тапта иликтөө иштери жана кылмышка эмне түрткөндүгү изилденүүдө.

101 билдирет

УН ЗАВОД ӨРТТӨН ЗЫЯН ТАРТТЫ
5-майда Бишкек шаарынын Кулиев көчөсүндө жайгашкан “Бишкек Ун Комбинаты” ААКсынын имаратынан өрт чыккан. Өрттүн кесепетинен имараттын металл чатырынын 40 чарчы метр аянты күйүп кеткен. Алдын ала маалыматтарга караганда, өрт имараттын 6-кабатында жайгашкан кыймылдаткычтагы электр зымдардын тийишүүсүнөн келип чыккан.

МЕШТИ ТУУРА ОРНОТУУ КЕРЕК
30-апрелде Жайыл районунун Кара-Балта шаарындагы Береговая көчөсүндөгү турак үйлөрдүн биринин чатыры күйүп кеткен. Өрт жылытуучу мешти жана морду туура эмес орнотуудан келип чыккан.


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо