Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

ГҮЛНУР РОЗА АМАНОВАНЫ КОРКУТАМ ДЕЙБИ?

№445 13-19-май, 2011-жыл

Ырчы жана актриса Гүлнур Асанова бизге берген маегинде устаты Роза Аманова менен АКШда жүрүп таарынышканын айтып, “ушакчылардын кебине ишенип, мени катуу капа кылды” деген эле. Экөөнүн жаңжалынын чоо-жайы бат эле угулду. Шакиртине жинденген Роза эжекебиз “чоңдордун колдоосуна таянып көөп кеттиң” кыязында Гүлнурду концерттин алдында катуу урушса, ал да сөздөн калбай, эжекесинин өткөнү тууралуу кеп айтып жиберген көрүнөт. Жаңжал Роза эженин Гүлнурду чала-була чаап жибергенине чейин барыптыр.
Устатына катуу кекенген белем, жаш ырчы Бишкекке келери менен Улуттук консерваториянын башчысы Муратбек Бегалиевге 6 барактан турган узун доо арызын жазып, устатынын үстүнөн арызданыптыр. “Муну жөн койбойм, тиешелүү жерлерге чейин арызданам” деп чамыныптыр. Муратбек ага консерваториянын мугалимдерин чогултту дейт, “экөөнүн чырын баскыла” деп. “Биз аралашпайбыз, өздөрү чечишсин дедик. Азыркы жаштар айныды, улуунун алдында унчукпай калуу деген жок” деп консерваториянын окутуучулары баш чайкашууда.
Ушунча адамды дүрбөлөңгө салганына караганда, ал жаш ырчынын таянган тоосу чын эле тээ Ак үй, Көк үйдө белем деген ой жаралбай койбойт экен, чиркин. “Устатынан шакирти озуптур” деген ушул да.


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(13)
16.05.2011. 10:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Роза эже сиз "корбогондун коргону курусун" болгон жаштарга капа болбонуз. Ийгилик сизге!!!!!!!!!
16.05.2011. 14:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Негизи эле ушул Гулнур жонундо башка гезиттен да окугам, Жаныш Бакиевге тийешеси бар экен го. Сама была в шоке! Да ужас!!! Бири бирин чукуганы жаман болуптур. Гулнурдун тили жакшы эле узун окшойт го анда :)
17.05.2011. 04:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
bul jerde korbogondun korgonu kurusun degen tuura emes! Jash kyzdy jaman attyga chygarbash kerek, Roza ejenin dagy boio jeteer kyzdary bardyr!
bul jerde korbogondun korgonu kurusun degen tuura emes, korgondor dele korup jurom! Jash kyzdy jaman attyga chygarbash kerek, Roza ejenin dagy boigo jeteer kyzdary bardyr! Roza eje ustaty eken bersin tarbiya chygarmachylyk jaktan, kyzdyn jeke jashoosuna kyiligishpei

17.05.2011. 13:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тим эле Бакиевди арбир создон кийин мактайтко, Канчасына жардам берди деп, жардам берсе Гулнурга окшогондорго жардам берген, жардамын намысы актайтургандарга(кечиресинер куттуу тийсе) Канча интерьюларында Бакиев кетпейт тилинден. Мен бул кызды жакшы тааныйм. Азыр башы асманды карап калган, салам да жок, карап койсо олойун. Акча ушундай экен да!
17.05.2011. 13:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жеке жашоосуна киригишпей,талантты сындырбай колдоо керек.
17.05.2011. 14:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
бир интервьюсунда параметры деген жерде 82-60-90 деп турат. Жалганды да катырат ко кызыбыз)))) как тебе не стыдно врать причем на всю страну. озуну корсонор 82-60-90го чейин еще аябай алыс))) ноги короткие, попа огромнейшая, кичине арыкташы да керек.
17.05.2011. 14:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эмне Роза Аманова эле ак дейсинерби? Бардык былыктын баары ошол аялда жатат. Гулнур деле аппак эмес. Эл ичиндеги создордун баары туптуура буга карата айтылган. Роза Аманава Гулнур болбосо башкасы менен урушмак ушинтип, негизи эле ажаан аял го. Озунун башындагы тоону коруп, Гулнур башындагы чомолокту да коро билсе дейт элем.
17.05.2011. 17:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
оооойии ушулардын урушу калды эле эми уялбайбы атуу баштуу адамдар эми биз ким менен ким урушат экен деп эле олтуруп калат окшобойбузбу
20.05.2011. 01:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
guliakg сенин созуно кошулам.
20.05.2011. 21:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
kimisi kim menen urushpasyn,kyskasy roza ejenikin eldin baary bilet.a gulnurdu taanybait ekem.birok ozunukun bilbei jash kysga chondordun akchasyna koptun degen tuuraby?chon ele ajalga myndai tuura emes,birok gulnur dagy oshogo jetkirgendir
24.05.2011. 16:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
"Улууга урмат, кичууго ызаат" деген соз бар эле элибизде унутулуп барататканы окунучтуу...
09.06.2011. 05:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
un4ukpai jurgonu menen Gulnur ejekebiz ishkirtat turbaiby! andan koro Roza ejebizge rahmat debeiby, Gulnur belgiluu da emes, je kobupkettibi! Roza Amanova ejekebizdi baary bilet jana syilashat!
21.06.2012. 16:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бирок козо мин кундо эмес бир кундо сынып жатпайбы




1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо