№447 27-май - 2-июнь, 2011-жыл
19-22-май күндөрү Ташкентте күрөш (эркин, грек-рим жана аялдар арасында) боюнча Азия биринчилиги өттү. Континеттин 21 өлкөсүнүн катышуусундагы аталган мелдеште биздин күрөшчүлөр 5 медаль (1 алтын, 4 коло) бөктөрүштү. Балбандардын арасынан грек-рим күрөшү боюнча 55 килограмм салмакта чемпион аталган Арсен Эралиев өзгөчөлөнүп, абсолюттук жеңишке жетишти. Дегеним, ал чемпиондукка карай чейрек финалда индиялык атаандашын 6:0, жарым финалда ирандык атаандашын 6:1 жана финалда үй ээси – өзбек балбанын 8:0 эсебинде жеңип, уятка калтырды.
Андан тышкары мелдеште эркин күрөшчүлөр Айбек Усупов (66 килограмм) менен Иннокентий Иннокентьев (84) бирден коло тагынышты. Калган эки колону грек-рим күрөшү боюнча Мурат Рамонов (120) жана кыз-келиндер күрөшүндө Мехринисо Нурматова алып келди.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
1 |
Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |