Бир бүркүм... ОМАР ИТАЛИЯДА...

№447 27-май - 2-июнь, 2011-жыл

  • “Биз” тобунун жетекчиси Бактияр Токторов 11-май күнү кыздуу болуп, ысымын Аяна деп атады.
  • Куудул Сакиш “Жаштар” театры менен бирге Нарын жергесине “Үч кемпир” аттуу спектакль коюп келди.
  • Абидин Темиров вокалдан сабак алып жаткан кези. “Музыкалык билимим бар болсо да, сабак алууну улантайын деп чечтим”,- дейт ырчы.
  • Керим Турапов учурда үй-бүлөсүнө көбүрөөк кам көрүп, чарба иштери менен алек болуп жүрөт. Мамлекет качан кызмат берсе, иштей баштаарын айтты.
  • Бийчи Бакыт Байсариев кызынын тили чыга баштаганына кубанып жүргөн чагы. “Алгач эле “ата” дегенине жетине албай жүрөм”,- дейт.
  • Куудул Токтор Бекбоев агасынын Рамис аттуу уулун сахнага чыгара баштады. Учурда “Апалар” деген ырына клип тартышууда.
  • Көптөн бери көрүнбөй кеткен ырчы Кайрат Примбердиев борборубуздагы кафелердин биринде музыкант болуп иштеп, кошумча каражат таап жатыптыр.
  • 5-каналдын «Күндеми» маалымат программасынын алпаруучусу Айдай Самиева 22-майда кыздуу болду.
  • “Мөлмөлүм” аттуу чыгармасы менен таанылган Малик Аликеев аталган ырына клип тарта баштады. Буюрса, июнь айында жарыкка чыгат экен.
  • 22-май күнү Кыргыз улуттук китепканасынын чоң залында Кумар Асановдун “Мекен жер” аттуу ырлар жыйнагынын бет ачар аземи болуп өттү.
  • Кыл кыякчы Залина Касымова жакында Рыспай Абдыкадыровдун “Айтсаң боло” аттуу ырын кыл кыякка салып, эл алдына алып чыгат.
  • Ырчы Динара Акулова июнь айында “Көл таланттары” аттуу кайрымдуулук концертин уюштурам деп чуркап жүрөт.
  • Салтанат Саматова “Акыл ордо” аттуу телеберүүнү алпарганы турат. Ошондой эле Балдар күнүнө карата кайрымдуулук фонду менен бирге концерт уюштурууда.
  • Италия өкүлчүлүгүнүн чакыруусу менен Дилшат Кангелдиева жана Омар 29-майда Неаполь шаарында өтүүчү кайрымдуулук концертке катышышат. Түшкөн каражатты жүрөк оорусунан жабыркаган жаш балдарга тапшырышарын кабарлашты.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  2 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо