БААРЫ ЭЛЕ МЫЙЗАМ ЧЫГАРГЫЧ БОЛУП КЕТТИ

№448 3-9-июнь, 2011-жыл

“Кыргыз Республикасында элдик мыйзам чыгаруу демилгеси жөнүндө” атайын мыйзам долбоору Жогорку Кеңеште даярдалып, депутаттар Айнура Алтыбаева, Курмантай Абдиев, Асилбек Жээнбеков, Асия Сасыкбаева жана Бакыт Төрөбаев сунушташты.
Мында Кыргызстандын жарандары мыйзам долбоорун сунуштоо укугуна ээ болору жана сунуштаган мыйзам долбоорлору Жогорку Кеңеште милдеттүү түрдө карала тургандыгы айтылат. Ага ылайык, 10 миң шайлоочу биригип мыйзам долбоорун сунуштайт. Ал эми 300 миң жаран биригип Баш мыйзамга өзгөртүү киргизүү боюнча демилге көтөрүү укугуна ээ. Бирок жарандар чек араларды өзгөртүүгө, аймактарды өткөрүп берүүгө байланыштуу мыйзам долбоорлорун сунуштай алышпайт.
Жарандар тарабынан демилгеленген мыйзам долбоорлору Адилет министрлигинде каттоодон өткөрүлүп, ага кол койгондордун койгон колунун аныктыгын Борбордук шайлоо комиссиясы текшерет.


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  2 
Комментарийлер(2)
06.06.2011. 17:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мыйзам чыгарганга эле уста, оздору ошол мыйзамдын бирини да колдонбойт,ошол ак уйдо олтургандар,ал мыйзамды акчасы жок бей бечараларга гана чыгарат.
08.06.2011. 19:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
buratali жакшына окуп,тушунуп комментарий жазсан.Ак уйдо отургандар эмес,эл мыйзам чыгарып,10мин шайлоочу болуп мыйзам долбоорун сунуштаса болот.ал ЖКда каралат дейт.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2026 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо