№449 10-16-июнь, 2011-жыл
“Ар бир чемпиондун машыктыруучусу болот” дегендей, спортто машыктыруучунун ролу чоң. Төмөндөгү каарманыбыз Самарбек Жайылганов 21 жашында дзюдо боюнча республикалык мелдешти жеңип алган соң спорттук карьерасына чекит коюп, жаш спортчуларды тарбиялоого өткөн.
Жакында Данил Бабаевдин жаркын элесине арналган мелдеште Токмок шаарынын командасын алып чыккан 26 жаштагы машыктыруучу экинчи ирет “Жылдын мыкты машыктыруучусу” аталды. Самарбек жаштыгына карабастан, А.Токтогулов аттуу спорт чеберин жана А.Жусупбеков, Ч.Жамалов, Т.Талипбеков, Н.Бейшекеев, Н.Ырысбеков, А.Бактыбек уулу сыяктуу келечектен көптү үмүттөндүргөн жаш дзюдочуларды даярдоого жетишти.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
0
| Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |