Бир бүркүм... ТАТА УЛАНГА НЕ КЕРЕК?..

№449 10-16-июнь, 2011-жыл

  • Ырчы Алтынбек Алымов облустарды кыдырып, гастролдон келди. “Келсем, мен жашаган райондо суу жок экен. Абдан куурап жатам”,- деп кейип өттү.
  • Асема жеке концерти менен түштүктө гастролдо болуп келди. Эми түндүккө сапар тартканы турат.
  • Нурайым Азыкбаева «экзамендерди ийгиликтүү тапшырып аларым менен турмуш жолуна аттанам» деп турган чагы.
  • «02.14» тобу июль айында Орусияда болчу концертине даярданууда. Ага чейин Чүй облусун кыдырып концерт тартуулайт.
  • Аскат Мусабеков Жолон Мамытовдун сөзүнө таандык “Сенин кайдан чыгарыңды билбеймин” аттуу ырын жаңы вариантта жаздырууда.
  • Кубаныч Сатаев жубайы ди-джей Кундуз Авашова менен “Эңсөө” деген ыр жаздырды.
  • Ырчы Данияр Эрматов “Жаным, токто” деген ырына клип тарттырууда.
  • Иса Өмүркулов быйыл 11-классты аяктап, мектеп менен коштошту. Учурда “Сүйүү жазы” аттуу ырына клип тартуу иштери менен алек болуп жүрөт.
  • Неля 10 жылдыкка жолдошу Урмат жана кызы Жазель менен барып келди.
  • Ырчы Назми Токтогулдагы кайын журтуна кызы менен барып эс алып келүү алдында турат.
  • Этноакын Тата Улан “Не керек?” деген ырына клип тартууга киришти. Ошондой эле Орусияда 1 күндүк концерт коюп келди.
  • Ырчы Дархан “Эне заты” деген чыгармасына 3D форматында клип тартууда. Буюрса, ушул айдын аягында жарыкка чыгып каларын айтты.
  • Съездбек Искеналиев Шамшы жайлоосунан эс алып кайтты. Учурда “Жүрөгүм” деген ырына клип тарттырууда.
  • Токтобек Асаналиев тилди өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн Республикалык «Кыргыз тил» коомунун атайын медалы менен сыйланды.
  • “Эне эмгеги” кайрымдуулук фонду “Арнайм сага, апаке” долбоорунун 2-сезонун баштаганы турат. 15-июнда майып балдар эстрада ырчылары менен бирге дуэт ырдашмакчы.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  2 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо