Бир бүркүм... ГҮЛНАРА КАЛДАРОВА САХНАГА КАЙТАТ...

№450 17-23-июнь, 2011-жыл

  • Ырчы Гүлнара Калдарова кызы торолсо, күздөн тарта ырларды жаздырып, сахнага кайта турганын билдирди.
  • Алишер Тоотаев “Турмуш” аттуу ырына клип тартууда.
  • 11-июнь күнү “Сейтек” борборунда “Жаш кыял” элдик үлгүлүү бий ансамбли отчёттук концертин тартуулады.
  • Тынай Алыбаев оркестрдин коштоосунда Түркия жана Москвада жеке концертин коюп келди.
  • Токтобүбү Черикчиева дипломун жактап бүттү. Эми Нарын жайлоосуна барып кымыз ичип келсем деп турат.
  • Куудул Жакут Сыдыков “Ак жолтоюм” аттуу ыр жаздырды. Жакында ага клип тартмакчы.
  • Актриса Гүлсина Чотонова “Бактылуу болгум келет” деген аталышта тасма тартууда. Мелодрама жанрындагы тасмага ырчылардан Азат Болотбек, Азиз Жетигенов да катышышат.
  • Нурлан Намазбеков жетектеген “Asia Nur” бий тобу Бишкек мэриясы тарабынан уюшулган “Вершина” сынагынан баш байгени утуп алды.
  • Мелис Абдрашитов борборубузда тигүү цехин ачып, модалуу көйнөктөрдү чыгара баштады. Каражат топтоп алса, анан клип тарттырууга киришерин билдирди.
  • Ырчы Гүлнара Кахарова күзүндө берчү жеке концертине даярданып жүргөн кези. Балдарын абдан сагынганын, анткени алар азыр кайненесинин колунда экенин айтты.
  • Сайра Момунбаева менен Эрнест Абдыжапаров “Ак кептер” ырына клип тарттырууну пландашууда.
  • Элмира Кайып кызы “Мендеги сагыныч” жана “Сен деп согот жүрөгүм” аттуу ырларды жаздырды. Буюрса, эки ырына тең клип тарттырат экен.
  • Айжан Газиева жетектеген “Диадема” тобу “Сестра” аттуу ырына клип тартышты. Клипти www.super.kg сайтынын Медиа-порталынан көрсөңүз болот.
  • Турдаалы Аскарбеков Нарында жашаган кайын журтуна барып эс алып келди. Эми “Махабатым” аттуу ырына Ысык-Көлдөн клип тарттырмакчы.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо