№451 24-30-июнь, 2011-жыл
Ырчы Микаэлдин өлүмүнө байланыштуу кылмыш ишиндеги тергөөдө көңүлдөн тыш калтырылган, а балким, атайын “маани берилбей калган” жагдайлар бар экени билинди. Андыктан Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту ал жагдайларды кайра иликтөө үчүн ишти прокуратурага берүү токтомун чыгарды.
Эсиңиздерде болсо, өткөн жылдын 31-мартында жырткычтык менен өлтүрүлгөн ырчынын өлүмүнө шектүү катары анын досу Эркин Турусбеков кармалып, иш сотко өткөрүлгөн эле. Соттук иликтөөнүн жүрүшүндө тергөө кезинде тиешелүү маани берилбей калган шектүү кытай жигити бар экени билинди. Ырчынын өлүмү боюнча кайра тергөөнү эми прокуратура жүргүзмөкчү.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
0
1 |
| Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |