ЖОЛДОГУ ДААРАТКАНАЛАР КАЧАН ОҢДОЛОТ?

№451 24-30-июнь, 2011-жыл

«Ата Мекен» фракциясынын жыйынында депутат Өмүрбек Абдрахманов КРнын Транспорт министри Эркин Исаковго “Төө-Ашуудагы дааратканалар качан оңдолот? Бул жөнүндө кайра-кайра айта берип уялып бүттүм. Силерде уят деген барбы? Төө-Ашуудагы эл-журт дааратканаларга кантип барып жаткандыгын көрүп уялсаңар болбойбу?! Азыр туристтер келип жатканда, даараткана курасыңарбы же жокпу?” деген суроону таштады. «Өзүм министр болсом, даараткана оңдо деп айтасың» дедиби, айтор, Исаков: «Төө-Ашууда биз билгенден дааратканалар бар, анан кайсы жакка курабыз? Эмне, жолдун ортосунабы?»- деп жооп кылды.
Министрдин жообуна канааттанбаган депутат: “Тоннелдин кире беришиндеги сол жактагы дааратканын сасыгынан 10 метр жакын бара албайсың. Байкуш туристтер ал жакка барышат. Биз го таштын ары жагына бара беребиз. Туристтер ал таштарга бара алышпайт. Бул көйгөйдү карап койбойсуңарбы?..”- деп балп этти. Мындай сөздөн кийин министр бул маселени бир айдын ичинде тартипке келтирүүнү убада кылды.


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(6)
27.06.2011. 20:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ошол Тоо ашууга даараткана куруп койсо жакшы болмок,ары бери откон адамдар ар жакка тоонун колотторуна чуркатбай.Аны курганга аз эле чыгым кетмек,стеналарын тургузуп эле,канализация трубасын ылдый каратып койсо омуру толмок эмес.
28.06.2011. 11:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чындап эле жолдогу дааратканалар качан онолот?
Качанкыга чейин эле таштын арасына чуркай беребиз?
28.06.2011. 22:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Дааратканалар Депутаттардын денгеелиндеги маселеге айланса билбейм анда...бул маселе менен башка адамдар алектениши керек...
28.06.2011. 23:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Урматтуу Дос03,депутаттарга каяша кылып аткан министр болумушту айтсаң!!!Анан ал бизди уга коебу!
30.06.2011. 14:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бизде дааратканадан башка олуттуу маселелердин тугонуп калганына аябай "кубанып" отурам.
01.07.2011. 12:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ого!депутаттар да таштын аары жагына өтөт экен?туалет куруш керек да жолдорго wc деп знак орнотуш керек,ошондо таштын аары жагындагы чөптөр кургабайт!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо